Кирүү

Семетей. Чынкожонун толтойго көчүп барып кошулганы 2-бөлүм

Ушул алтоо баш кошуп,
Ак буудайдын унундай
Жуурулушуп турушту,
Ак бөкөндүн кылындай
Суурулушуп турушту.
Өлө турган шерт кылып,
Убаданы бек кылып,
Доону бирге доолоого,
Жоону бирге жоолоого,
Урушту бирге салышка,
Ажал жетип күн бүтсө,
Бир жерге өлүп калышка,
Кудай дешип кеп кылып,
Убаданы бек кылып,
Киши өлөр шерт кылып,
Мылтыктын оозун өбүшүп,
Кылычтын мизин жалашып,
Тоодо жылкы тогуз мин,
Жедигердин Толтойдун
Кайсы арманын айтасың,
Токсон кур бээ алдырып,
Кыбыланы бет алып,
Ай туякка чалдырып:
Жоодон кайта качкандар,
Жосуну минтип өлсүн деп,
Колун канга малдырып,
Жетип конду Чынкожо
Жедигердин Толтойго.
Жети-Өзөндө жедигер
Жетик жыйып алды эми,
Мына ошондо Чынкожо
Көргөн менен билгенден
Жетик Манас деген кан чыккан,
Кабарын уккан душмандар
Көкүрөктөн жан чыккаң.
Алтайда туулуп чон болгон,
Алышкан душман кор болгон,
Кара калмак Жолойго
Калайман салган ошого.
Калайманды бир салган,
Каңгайды бузуп мүлк алган,
Кытайдын кыйла чоң каны
Алооке жерге киргизген,
Арстандыгын билгизген,
Ошо Манас өлдү эле.
Манастан калган сан дүйнө
Абыке, Көбөш алты арам,
Ошолор күнүн көрдү эле.
Энеси долу Каныкей,
Жетим калып Семетей,
Кордукка бөлүп санаасын,
Ала качып баласын,
Букарга кирип чоң болуп,
Кайрылып келип Таласка
Өз тууганын өлтүрүп,—
Өлөрман чыгып ал бала
Таласты көздөй көчкөндө;
Кошомат кылып Темиркан
Эр экен деп баланы,
Сарттарды кудай уруптур,
Шаатемирдин Чачыкей
Сенин ала турган катының
Семетей тартуу кылыптыр.
Маңастын уулу ал жетим
Бул зордукту кылыптыр,
Катыныңды алдырып,
Толтой, сени кудай уруптур.
Атасы Манас канкорду
Алты алдаган мен ушул.
Баатыр десе баатырмын,
Толтой досум мунумду ук
Жолдон бөлөк кол чыкса,
Жалгыз өзүм татырмын.
Мылтык үнүн укканда,
Асманга учат кара атым,
Кытай эмес кылымды
Кырып коёр адатым,
Сага келип чыгарам
Ошо Семетейдин санатын.
Кара сууда кеме жок,
Карап тургун жедигер
Кайран башым барында
Сага каш кайтарар эме жок.
Аман болсо кара атым,
Он сегиз миң ааламды
Талкандай чалар адатым.
Менин бу кебимде бушман жок,
Баатыр Кожо барында
Жедигер сага душман жок.
Кабарында бар бекен,
Каркыранын оюнда,
Кан Көкөтөй тоюнда,
Кызыл чоктуу кытайдын
Кырк уруусу келгенде,
Кечээ Каркыранын Кара-Саз
Бээ байлатып салганда,
Калдай менен дос болуп,
Туз кайнатып алганда,
Кан Көкөтөй тоюнда
Алп жыйылып алганда,
Адам уулу түк калбай
Такыр бойдон барганда,
Олуя заада кан Кошой
Буйрукту катуу салганда,
Нарга жүгүн артканда.
Ошо жыйын ичинде
Кошой, Төштүк алпы бар,
Козголгон журту жалпы бар,
Кара калмак, манжудан
Кайран Жолой дөөсү бар.
Мусулмандын кабылан Манас ээси бар,
Кытайдан албан түрдүү баатыр бар,
Ал кытайдын ичинде
Түктүү таман Түкүбай
Түгөнүп кеткен капыр бар.
Алышканды койбогон,
Бир чочконун этине
Жалгыз жесе тойбогон,
Чоңдукка салып ал кытай
Чогуу каптап турбастан,
Кемегеде этти сапырган,
Жаңы салган чийки этти
Бышты-чийки ойдо жок
Кара калмак талаган,
Көкөтөйдүн кызмат кылган балдары
Көсөө менен сабаган.
Кыжылдаган капырлар
Кемегеге жүгүргөн,
Көрүп турган мусулман
Өз жанынан түңүлгөн.
Аккула менен чамынып,
Кабылан Манас ошондо
Аш бергени чакырсак,
Алганы келген экен деп,
Аябаган дүмөктү
Салганы келген экен деп,
Арстандай кызарып,
Нардай мойну узарып,
Ууртунан чаң чыгып,
Кайратынан жан чыгып,
Боз кисени курчанып,
Манас кирген күркүрөп,
Калың кытай, көп манжу
Кемегенин үстүнөн
Качып берген дүркүрөп.
Уруп айдайт биз десек
Кырып айдап калыптыр,
Башы айрылган мусулман
Баатыр Манас кабылан
Ажыратып алыптыр.
Аш берип жаңжал салды деп,
Кылымга чатак жетет деп,
Капыр менен мусулман
Карчалыша кетет деп,
Кайран Кошой, Акун кан
Кармап алып Манасты
Ээлендирип булкунтуп,
Эри өлгөндөй жулкунтуп,
Эптеп алып Манасты
Ажыраткан кытайдан.
Ошондо Акун муну айтып:
Кыяматтык дос элек,
Бу кебимди билип ал,
Ачууңду коюп тилимди ал!
Белгилүүнүн белинен,
Бери ойногон жеринен,
Ургаачыдан уз таптым,
Тийген айдай сулуусу
Жаш төрөгөн кыз таптым.
Тоюна токсон сойгонмун,
Артык сулуу экен деп,
Атын Чүрөк койгонмун.
Кулагына баламдын
Алтын иймек салгамын,
Айкөл Манас жан достум
Сага арнап калганмын.
Кебимди мыктап алыңыз,
Келин кылып калыңыз,
Оомийин деп кол жайып,
Башын байлап салыңыз.
Деп ошондо айтканда
Маакул болот Акун деп,
Бул айтканың акыл деп,
Кудалашып мал айдап,
Кулдук урган май чайнап,
Мына мындай кеби бар,
Акундун кызы Айчүрөк
Манаска келин жери бар,
Тил ал Толтой баатырым,
Анын жайын сурасаң
Семетейдин катыны.
Сенин зайбың ал алды,
Анын зайбын сен алсаң
Намыз мындай акыры.
Аңдачы Толтой баатырым!
Жети-Өзөндө жедигер
Жетип жыйып алалык,
Ооганга бүлүк салалык,
Манастын уулу Семетей
Мунун катынын тартып алалык.
Айчүрөктү талашсак,
Чачылып кетсин бар малың,
Манастын уулу Семетей
Катынын тартып алганда,
Калабы сенин арманың.
Оңой эмес Ооганга
Ойронду мыктап салалы,
Ойрон Толтой кебимди ук!
Ойкуштаган Айчүрөк,
Колукту кылып алалы.
Каптап барып биз жатсак,
Деген кепке көнбөсө,
Кары кызын бербесе
Кереге-талын кыйратып,
Келин-кызын ыйлатып,
Убара бүлүк салалы,
Ушүнтүп тартып алалы.
Жакшы кепке көнбөсө,
Деген кызды бербесе,
Тиешелүү сөзүм бар,
Тийишкенди жоготкон
Кабылан Кожо өзүм бар.
Түркүгүн сууруп тамдарын,
Түгөл кырып жандарын,
Бактарына суу буруп,
Байкасаң мынча чыр кылып,
Тегиз уруш саламын,
Темтеңдетип саламын,
Берсе дагы бербесе,
Айчүрөк тартып аламын!
Айлына салам дүмөктү,
Айласын жаман түгөтүп,
Акыры алам Чүрөктү!
Күздүн күнү болгондо,
Куйруктуу токту жедирбейм,
Жаздын күнү болгондо,
Шамыянын шайлатпайм,
Кош өгүзүн байлатпайм,
Жердин бетин ачтырбайм,
Кочууш эгин чачтырбайм.
Сасык амал кыламын,
Баары журтун кырамын,
Айчүрөк алып тынамын.
Бу дүйнөлүк кызыкка
Батканың кандай эр Толтой,
Айчүрөк менен айкалып,
Жатканың кандай эр Толтой.
Чекеңдеги тырышмын,
Аргындан келдим өзүңө
Маңдайыңда ырысмын.
Чындаганда Чынкожо
Чыңалуу кызыл темирмин,
Чын башыңа күч келсе,
Кара дөбө сеңирмин.
Астыңа салып айдасаң,
Ааламга бузук саламын.
Ала жүрсөң тилимди
Он сегиз миң ааламга
Кан көтөрүп аламын!
Чүрөктүн жайын укканда,
Кайран Толтой канетсин
Чымындай жаны чыркырап,
Сай-сөөгү быркырап,
Баабедин деп бакырып:
Баарың мында келгин деп,
Жедигерди чакырып.
Баабединин бат айтып,
Коросонго кой айтып,
Кайран Толтой аңгырап,
Аңги айгырдай заңгырап,
Кожодон угуп ээлигип,
Кокуй Толтой турабы
Чынкожо сүрөп турганда,
Толтойду кудай урабы.
Оогандарга кол жыйып,
Оңой эмес мол жыйып,
Жети-Өзөндө жедигер
Жетик жыйып алыптыр,
Жеткилең колу чогулуп,
Жер майышып калыптыр.

Ой-пикирлер