Кирүү

Саякатчы бала. Тоо теке атканда

Жолдоштор, мен бир топ окуя көргөндүктөн аны сиздерге сүйлөп берем. Мен өзүм жаш болсом да, бир топту көрдүм. Саякатчылык да кылып көрдүм. Мергенчилик да кылып көрдүм. Ошондогу болуп өткөн чындыктан сиздерге сүйлөп Окуучулар, менин бул көргөндөрүмү сиздер калп деп да ойлоорсуздар, жок, андай эмес, мен мындай иштерди башымдан өткөргөндүктөн, сиздерге айтайын. Мен эң жаш кезимдеги баштан өткөргөн окуядан баштайын. Мен биринчи жолу мергенчиликке чыктым. Менин кийик атып алуучу куралдарым мына булар болду: кайыңдан ийген, кендирден чыйратмасы бар жаам, ит мурундун өзөгүн алып таштап жасаган таш мылтыгым. Жаамдын огу болсо жоонураак чийден, сап кылып учуна темир учтаганмын. Таш мылтыгымдын сүмбөсү сынбасын үчүн, четинден жасагам. Анын огун болсо тоголоктоп, аябай майга кайнатып алгам. Себеби, тийген жандыкка бир жагынан тийсе, экинчи жагынан чыгып кетүү үчүн жасалган амал эле. Ошентип камданып алып чоң бир тоого мергенчиликке чыктым. Көп эчкилердин жайылып жүргөн өңүтүнө жеттим. Тоо эчкилер эң эле жакын келди, бирок мени көрбөдү. Мен алар көрбөсө экен деп, бир таштын түбүндө өңүттөп отурам, ыраактан атайын деп, мурун аткан жок эмес белем, ошондуктан жакын келгенде атайын дейм. Бирок, жаамдын огу бирөө эле, аныктан ал жоголуп кетпес үчүн, энем бир топ тоголок жип ийрип берген. "Жаанын огу жоголуп кетпесин, ушул жипти жаанын огуна байлап, өзүңдүн бир нерсеңе байлап туруп, атып жүр" — деген энем. Мен ал жиптерди жаамдын огунун сабына байлап, бир учун белиме байлап, энемдин айтканындай алдыма жакын кирип келген бир чоң тоо эчкинин текесин атып жибердим. Атып жибергенден кийин эле бышкырып, үркүп алып жөнөдү. Тоголок жип чубалып бүткөнчө качып бара жаткан текени карап тура бердим. Тоголок жип чубалып бүткөндөн кийин эле, мени качып бара жаткан теке дегдеңдетип сүйрөп алды. Теке деле качып бара жатат, мен деле текенин артынан дегдеңдеп сүйрөлүп бара жатам. Теке деле качып бара жатат, мен деле текенин артынан дегдеңдеп текеден калышпай кетип бара жатам. Бир маалда тоо теке жарга чыга качты. Жарга чыга качканда, мен жардын алды жагында бутум жерге тиер-тийбес болуп калды. Теке ансайын жогорулап кача берди, мен ансайын дагы жогорулап жардын бооруна асыла бердим. Бир маалда тоо теке жардагы түнөгөн короосуна жетти окшойт.

Мен өйдөлөбөй, ылдыйлабай токтоп калдым. Өзүм өйдөлөбөй же ылдыйлабай калгандыктан, белимдеги байлалуу жипти кармап жогору чыга бердим. Бир аздан кийин бир чоң үңкүргө жеттим. Үңкүр капкараңгы, баягы жипти тартып көрсөм былкылдабайт. Ошондой болгондуктан акырын жипти кармап коюп, үңкүрдүн төр жагына жеттим. Үңкүрдүн төр жагына баратсам, баягы тоо текем эчак эле өлүп калыптыр. Жаам бир жагынан тийип, экинчи жагынан чыгып кеткен экен. Жип ошол октун сабында эле байлануу бойдон жүрүптүр. Ошондуктан менин белимдеги жип менен жаанын огуна байланган жип туташ болгондуктан, теке мени сүйрөп жүргөн экен. Мен ал текени кантип үйгө жеткирем. Көтөрөйүн десем көтөрө албайм. Кандайча үйгө жеткирүүнү бир аз туруп ойлондум. Аны жеткирүү оңой эле экен. Бир аз күтсөм, тоо эчкилер деги бир короосуна келүүчүдөй, тоо эчкилер келгенде бирин алдап кармап алып, өлгөн тоо текени артып кете турганмын. Бир аздан кийин тоо эчкилер короонун ооз жагынан эле шагырап кирип келишти. Мен акырын короонун бир жагына жашына калдым. Тоо эчкилер баары тең эле аткан текени тегеректеп, маарап калышты. Мен акырын төрт аяктап, эчки сыяктуу маараган болуп, көп эчкилерге жакындап бардым. Эчкилер мага таң калгансып карап калышты. Бирок, чоң теке качырып келип сүзүп калды. Мен анын сүзгөнүнөн корккон жокмун. Сүзгөнү келе жатканда, тура калып мүйүзүнүн ортосуна кире качтым. Ал теке мени өлтүрмөк тургай кандайча кутуларын билбей, башын араң көтөрүп калды. Мен эки мүйүзүнүн ортосунда туруп, акырын-акырындап жонун сылап, мойнун кашып жатып, үйүр кылып алдым. Акырын-акырындап үстүнө барып миндим. Минсем абдан жоош болуп калды. Мен анын үстүнө минип алып, маңдай-башын сыласам, туруп берчү болду. Мен мингенге берки эчкилер таңыркап карап калышты.

Бирок, алар да үйүр боло баштады. Ошентип ал жерде 15 күн туруп калдым. Күндүзү үйрөтүп алган текемди минип алып, берки эчкилерди айдап, жакшы от жайыттарга алып барып, тойгузуп келем. Баягы өлдү деген теке өлгөн эмес экен. Жөн эле эси ооп жатып калыптыр. Кийинчерээк аны короого былк эткизбей жаткырып, жерден жакшы чөп, суу алып келип берип жатып, мал кылып алдым. Кийинчерээк абдан мага жакшы үйүр болду, кайда барсам да, ошол айыккан теке ээрчип жүрүүчү болду. Мен бул тоо эчкилерди үйүр кылгандан кийин, айдап алып үйгө кетүүнү ойлодум. Миңгич текени минип алып, тоо эчкилерди он алтынчы күнү болот дегенде короодон чыгып, үйдү көздөй айдап жөнөдүм. Акырындап үйдү көздөй айдап жайып отурдум. Бир маалда бир-эки эчким жайылып бара жаткан жерден эле тууп жиберсе болобу. Бир аз убакыт күнгө кургатып алам. Улактарды салып жүргөн куржунум бар эле. Ал эки улакты куржундун эки көзүнө салып, баягы айыккан текеге артып койдум. Ал теке менин артымдан калчу эмес. Минип бара жаткан текемден кийинки чоңу ошол эле. Эртең менен короодон чыктым. Кечинде шагыраган көп эчкини үйгө айдап кирип бардым. Бир топ күндөр өткөндөн кийин, мен баягы короого бир барып келейин деп ойлодум. Себеби, кайрадан баягы короого эчки келип калса көнүктүрүп, дагы айдап кетүүнү макул таптым. Энем да менин айткан оюмду макул көрдү. Ошентип, азык-түлүгүмдү камдап алып, баягы короону көздөй жол тарттым. Короого жетип бардым. Бирок, баягы короо өңдөнбөйт. Башка бир жаңы короо өңдөнөт.

Мен ал короонун аныктыгын билүү үчүн төр жагына жүрүп отурдум. Бирок, берки короонуку төрү жакын эле, бул короонун төрү эң эле ыраак өңдөнөт. Себеби, дагы эле төрүнө жете албай кетип эле бара жатам. Бир маалда бара түшүп, күп эле жыгылып түштүм. Түшкөндө сууга түшкөндөй болдум. Суу эки жакка бөлүнө түштү. Бирок, мен сууга чөгүп эле бара жатам. Ал суу көлбү, деңизби, агын суубу, ал жагы мага белгисиз. Себеби, жер алды караңгы, эчтеме көрүнбөйт. Өзүм сууга түшкөнүмдү гана билдим. Сууга сүзүп, чабак уруп жүрүүнү кыйын билүүчү элем, ошондуктан гана чөкпөй калкып, чабак уруп турам. Мен ал суудан кантип кутулуп, жер жүзүн көрөрүмдү билбей, бир топко ойлонуп турдум. Ойлонуп турсам да, эч айла табылгандай эмес. Андыктан суу үстү менен чабак уруп жүрүп олтурдум. Бирок, капкараңгы, эч бир күн шооласы, жарык дүйнө көрүнбөйт. Кайда бара жатканымды билбеймин. Суу үстү менен гана кетип бара жатам. Ошентип, кетип бара жатсам, алыс жактан бир жарык шоола көрүнөт. Көрүнгөнү менен абдан алыс көрүнөт. Алыс болсо да ошол жарыкты көздөй жүрүүгө туура келди. Жүрүп отуруп ал жарыкка жакындадым. Көрсө, ал жарык жер астында тоо тукумдарынын бир асылдуусунан көрүнөт. Андан сууга түшкөн жарык күнгө чагылышкан айнектей жаркырайт. Анын жарыгынан жогору жактын капталган жер экенин ошондо билип жүрөм. Бир аз ошол жарыктын жанынан суудан ашып көтөрүлүп турган бир ташка чыгып эс алдым. Көтөргөн тамагым сууга чыланып калган көрүнөт. Чыланса да жеп тоюп алдым. Ал сууга көз жиберип карасам ушунчалык тунук, ушунчалык мелүүн жана мында жер үстүндөгү суулардай кыбыраган жандык көрүнбөйт. Экинчи бири жер астындагы суунун жана жердин бир айырмачылыгы: андан тырмактай өскөн өсүмдүк көрө албайсың. Жана урап турган кум, таш жок, баары тең эле мизилдеген гранит менен капталган.

Мен, ал жерге жашоо мүмкүнчүлүгү болбогондуктан, иши кылып бир жактан чыгамбы деген үмүт менен сууга сүзүп алып жөнөдүм. Чындык, караңгылык эми басты. Мурунку тоо тукум асылынан чыккан жарыктан да ажырадым. Же күндүн жарыгы жок. Күн шооласын көрбөгөндөн кийин, түнбү же күнбү, менин жер астына түшкөнүмө нече күн, нече түн болду, ал жагы да маа белгисиз. Же саатым да жок, убакытты да билүүгө болбойт. Ошентип олтуруп, бир жактан бир кичине болор-болбос дагы бир жарык шоола көрүнө баштады. Мен ал шооланы көргөндөн кийин, турчумунбу — ошол жакты көздөй шуулдап сүзүп олтурдум. Бир аздан кийин жарык шоолага жетип да бардым. Ал жарык шоола күндүп нурунан түшкөн жарык экени аныкталды. Ал жарыктын так өзүнө жетип бардым. Көрсө ал жарык, бир казылган кудук аркылуу күн шооласы жерге түшүп жаткан экен. Кудуктун түбүнө барып жер үстүндөгү жарыкты карадым. Бийик казылган кудук аркылуу жер үстү көрүнбөйт. Жалгыз гана көгөргөн көк асман мага көрүнөт. Бирок, эбегейсиз бийик кудуктан кандай чыгуум да белгисиз. Тыш жактан маа эч бир жандык көрүнбөйт. Адам баласы жакын ченде жок сыяктуу. Анда-мында гана сайраган куштардын үнү араң-араң угулат. Бир маалда ыраактан созулуп чыккан адамзат шекилдүү бир дабыш пайда боло баштады. Ал дабыш барган сайын жакындай берди. Бир аздан кийин, кудуктан суу алабыз деп, аркан байлап, чакасын калдыратып кудуктун түбүндөгү сууну көздөй түшүрүштү. Булар мени көрсө коркот го, кандайча коркутпай тышка чыгуунун акылын таптым. Биринчи чака түшкөндө чапанымды чечип чакага илээштирип жибердим. Экинчи чака түшкөндө бутумдагы чокоюмду чакага салып жибердим. Үчүнчү чака түшүп келе жатканда кудуктун түбүнөн көрүнө калып, өлгөн киши калкыгансып калдым. Чака төмөн сууга түшкөндө да суунун үстүнө чыгып калдым эле, акырын чаканын үстүнө суналып өлгөн бир адам сыяктуу чака менен көтөрүлүп олтурдум.

Акырында суу алып жаткан адамдар чаканы тышка тартып чыгышып, маа ушунчалык таң калышты. Алар маа тамактарынан берип тойгузушту. Мен эс алып, кудук тазалаганы келип, түшүп кеткен элем дедим. Алар да менин сөзүмө ишенгендей болушту. Алардан мен кайдан келе жатканын, ошол жердин аттарын сурап алдым. Алар кербенчилер экен. Мен чыккан кудук ушул жердеги кумдуктагы кудук экендигин өздөрү кеп салышып олтурушту. Ал кудук азыр ойлосом Африканын Сахара чөлүндө, же кызыл кум, кара кумда, же болбосо Тибет дөңсөөсүндө болуу тийиш. Тууралап айтып берүүгө эсимден чыгып калыптыр.

Ой-пикирлер