Кирүү

Салбилек айтымы

Отургузуп алдыма, Балтырыңдан кармайын. Салбаңдатып бутуңду, Салбилек кылайын.

Баба сөзүн арнайын, Эл ишине жараган, Элпек болгун ылайым! Сал-сал билек, салбилек Санжырага шаң билек.
Тили чыгып чулдурап, Бешикке жатпас болуптур. Буту басып жорголоп,

Эшикке жатпас болуптур. Окшоп куду кишиге, Тешикке жатпас болуптур. Сал-сал билек, салбилек, Жанжыргалга лай билек, Сайрайт куду булбулдай, Күүсүн тыңшап кан билек.
Сал-сал билек, сал билек, Сары майга мал билек. Журтта күчүк калыптыр, Барып алып кел билек.
Кунан койду сой, билек, Куйругуна той, билек. Калкка камкор боло гор, Кежирлигиң кой, билек. Чыңырып катуу ыйлаба, Чатагыңды кой, билек, Сар аселге мал, билек, Сөзү ширин бол, билек.

Ой-пикирлер