Кирүү

Сааганым Сарыбагыштын бэзси, таңда келет ээси

Мында биринчи ирээтте соз мааниси - иче турган кымыз жөнүндө баратат. Ал эми каймана мааниси адамдардын ич-ара колко кылуусу, дооматы бардыгы, бири-бирине бир ишти саласал кылуусу баамдалат.
Сарбагыш - кыргыздардагы чоң уруулардын аты. Мында урууну сындыруу, урууга алдыртан шек келтирүүсү билинет. Ушуга байланыштуу мындай кеп бар. Тойгомбай, Жакып дегендердин бээлерин бироо байлоочу экен. Бир бечара кымыз ичүүгө дайым барса, ага дейре эле тиги экөөсү кымызды шыпкап кетишет. Бир күнү бечара келсе, сабаа толтура кымыз, уй ээси кер аякка толтура кымыз сунат. Дайынын уккан ал кер аякты шап алып, жутаар алдында эки жагын каранып, "Бисмылла, биз мында, Тойгонбай тоодо, Жакып жакада",-деп туруп, кымызды тартып жибериптир.

Ой-пикирлер