Кирүү

Руман (Казал)

"Румкан" казалын акын Кыргызстандын түштүгүндөгү Эски-Абачы деген кыштакта мугалим болуп иштеп жүрүп катуу оорудан мерт болгон уулу Румканга арнап чыгарган. Казал кыскартылып жарыяланды.

Румкандын казалын

Уккандарга жазамын.

Жазбаганда кантейин

Өлүм чиркин азабын.

Гүлдөп турган кезинде

Келди өлүм ажалы.

Тагдырында болгон соң,

Табиятта азалы.

Кармаганым колумда

Кагаз, сыя, каламым.

Капалыктан жиберген

Калайыкка саламым.

Ата-эне калбасын

Кайгысына баланын.

Каран түшүп башыма

Эстен танып барактын.

Күйүт түшүп чер болгон

Күйүтүнөн жаранын

Көтөрбөскө айла жок

Табияттын салганын.

Тагдыр жетип күн бүтүп,

Кулунумду жалмаган.

Алыс жерде жалдырап

Айкөлүмдүн өлгөнү.

Өңгө чиркин табылат

Өлгөн кайта келеби

Жаткан жери жай болсун

Жараткандан тилегим.

Жаштай кетти Румкан

Жүткүнгөндө жүрөгүм.

Жөлөгүм, сүйүнүч, кулунум,

Дандайымда чырагым,

Чынында менин паанайым

Чыр айланган чынарым.

Чырпыгы элен гүлдөгөн

Жетилбестен кыйрадың.

Маңдайыма жанган шам

Панарым эле чырагым,

Чырагымдан ажырап

Чыкпай жаным турамын.

Унутулбайт санатың –

Он эки чалгын канатым

Канатым сынды, кайрылды,

Капилет жатып алыста

Ардагымдан айрылдым.

Кантейин ботом Румкан!

Кабар жетпей бурунтан

Алыс жаткан атанды

Чукулунан туюнттун.

Дилгирем тийди куптанда,

Ооруганын укканда

Тарс жарылып жүрөгүм

Дамил алып жатпадым.

Таң атканча саргарып

Чымрым уйку албадым.

Эртеси кыргыз бешимде

Кырааным кетпей эсимден,

От арабага отурдум

Тез көрсөм деп жүзүңдү.

Чыкканымды билдирип

Дилгирем урдум өзүкө.

Саат үчтөн өткөндө,

Анык кыргыз бешимде,

Эртеси өттүм Ташкенден

Тез жетем деп шашканда

От арабадан түшпөдүм.

Эки күнү, эки түн,

Тоодой кайгы үстүмдө

Телефондон сүйлөштүм,

От арабадан түшкөндө.

Тогуз жарым саатта

Сүлүктүгө кетерде,

Учуп жеттим балама
Түн ортосу өткөндө.
Оорукана үйүнө
Керебетте жатканда ,

Киргенимде тааныды

Көзүнүн жашын имерип,

Акылынан айныды,

Айтар сөзгө тили жок

Ичинен сыздап кайгырды.

Ошондо кетти эсим ооп

Бетинен сүйүп жалындым

Тааныдыңбы балам- деп.

Айыгыпсык, Белекти

Айталбай тиктеп турганда

Мандайдан сылап дагы өптүм,

Талмадай айтар тили жок

Тагдырына мен не эттим?

Атам келди дегенсип

Акылына уютту,

Айтар кепке дарман жок

Анан үздүм үмүттү.

Кайрылбасын билгенде

Тегеренип мен кеттим.

Амалым жок кантейин

Ажал оту күйүттү.

Айтарым айтып коштоштум,

Аталык башта милдетти.

Кааруулашып талашар

Ажалга жок адетте

Карап туруп башында,

Бурулбастан кашында,

Төгүп турдум булактай

Көздөн аккак жашымды.

Башымды салдым койнуна

Жыттап турдум мойнунан.

Бетинен сүйүп турган жан

Кармап турдум колунан.

Жүрөгү бошоп толкундап,

Дем алышы солгундап,

Ажал белги башталды

Тамыры бошоп былкылдап.

Көзүмдүн жашы көл болуп

Күйүп турдум солкулдап.

Таң сөгүлүп атканда

Башы барат шылкылдап.

Уктагандай сүзүлүп

Күн баткандай кылкылдап.

Менин да оозум жап болду

Айталбай "ботом бер кел" деп,

Денеси калды, жан кайда?

Биз токтотор ал кайда?

Амалсыз тарттым жаздыгын

Тирилип кетер күн кайда?

Туруп калдым теңселип

Тосуп ал деп, ал жайда.

Көзүмдүн жашы төгүлдү,

Кабыргам кыйрап сөгүлдү.

Жашымда өлдүм арман деп,

Чырактай көзү жумулду.

Жаным бөлөк болгон соң

Жалдырап турдум ыргалып,

Ичимден сызып муңданып.

Кечээ жүргөн алчактап

Бүгүн жатат Румкан

Кара жерди кучактап.

Боздоп калды атакең,

Көзүнүн жашы мончоктоп,

Румкан деп чакырып,

Айланайын, унчук деп,

Алда нечен бакырып.

Румкан барат үзүлүп

Карай албай кылчактап

Кайрылгыс кылып артына

Ажал алган кучактап.

Баарыдан күйдүк ошого

Ар кимди көрсө урматтап,

Ызаат кылып турчу эле

Жаны калбай ардактап.

Амал жок ажал тагдырга

Ак кепинин жөрмөтүп,

Атыр самын алдырып

Өзүм турдум суу куюп

Тазалатып жуудуруп.

Үч кабат кепин кийгизип,

Баш-аягын буудуруп,

Үстүнө атыр септирип

Наазир дооран өткөрүп,

Эки абыла артынан

Өзүм башын көтөрүп,

Алып кирип кабырга

Койдум дүйнө! Темтеңдеп...

Кайраным, асыл кулунум,

Арманда өлүп кеттиң деп,

Кайнап ичим чок болду

Кырчыныңда өттүн деп.

Мен көмүлүп калбадым

Сен жүрбөдүң кылактап,

Эртели-кеч көрүнүп,

Эл ичинде булактап.

Ажал келсе менчилеп

Кимдер калбай ыйлактап.

Ноябрдын онунда

Эски Абачы кыштакта

Жатып калып жат элде,

Багуусуз калган муздакта.

Эски Абачы кыштагы

Узак болуп ар жакта.

Алыс болуп Сүлүктү

Кабар келбей бер жакка.

Арманда калган Румкан

Кеселденип узакка,

Таяк алып колума

Ак деп тентип кетсемчи!

Эки иниңди ээрчитип

Эл ичинде жүрсөңчү!

Гүл чагыңда сулабай

Жаш күңүңдү көрсөңчү.

Теңтуштарын, көргөндө

Тегеренет жер асман,

Сабакташын. көргөндө

Зар ыйлайт шум жалган.

Жазууларың көргөндө

Жана менде бир арман,

Санаамдан кетпей күнү-түн

Күйүт салдың, Румкан.

Билимимден адаштым

Биле келген мурунтан,

Мындай көйгө кезикти

Карыганда атакең.

Түшүмдө жүрдүм чочулап

Жүрөгүм толкуп чочунуп,

Жашыл ала гүл чакта

Жанга өлүм келбесин,

Эт жүрөгүм ачынып,

Он экинчи Өктөбүр

Өзүм менен Зейнекан

Кең-Булуңга келгенде

Айталбадым ачылып.

Ажал сөзгө кыйбастан

От арабага түшүрүп,

Ошту көздөй узаттым.

Аскерликке карайт деп

Он бешинде ал жактан,

Оштон кеткен Сүлуктү.

Аскерликтен калган сок,

Нечен күнү жүрүптүр,

Эски Абачы кыштакка

Мугалим болуп барыптыр,

Ноябрдын онунда

Ажал оору тийиптир.

Жалпы макулук жаралган,

Жан-жаныбар таралган

Жашка өлүм бербесин,

Жалгыз карап жанында

Атасы боздоп турбасын,

Табият ийип ар качан

Жаш чиркинди жалгасын.

Жүрөгүндө чери бар

Муң басарга ырдасын.

Бирге окуган теңтушум

Кулунумдун курдашы,

Дилгирленген тилектеш

Дили бирге сырдашы,

Эсине алар унутпай

Эртели-кеч жолдошу,

Кадыр көңүл калбаган

Боорлошу, мукдашы.

Калемим тайды колуман

Капалыктан бул башым

Арманда өткөн кулунум

Жаткан жерден жалгасын.

Артыңда калып, күнү-түн

Күйүт менен күнү өткөн,

Калганы жок бул кезде

Каруу кирип эр жеткен.

Жаш кулундай артында

Уланбек менен Темирчең.

Балтыр эти ката элек

Балапандай көгүчкөн.

Күйүт тартты менчелик

Карындашың Зейнекан.

Боорлошун болгон соң,

Эч ким күйбөйт мынчалык.

Капилет жатат Нарында

Жалгыз эжең Токтокан,

Көрбөгөнгө көп болду

Кабар сурап өткөндөн.

Балдарынан ажырап

Аны да өлүм кыйыткан.

Өзөндүү сууга тал бутөр,

Өлбөгөндөр жан бүтөр,

Артында калган эки иниң.

Эсен болсо эр жетер.

Эр жеткенче эс кетер.

Эскинин бири өстү деп,

Эл ичине кеп элем,

Эзелтеден эч кимге

Зыяны жок жан элем.

Букара камын ойлодум

Башка күнөөм жок эле,

Жаш балдарым багам деп,

Эс-акылың тел эле.

Жетилерде кетилдим

Белден сынып мертиндим.

Өсөр кезде өксүдүм.

Өрт чалып бойду үшкүрдум.

Көтөргөнчө балдары

Эс алган дүмүн мен элем.

Эс-акылсыз жакыным

Эшикке карап дос кетер,

Калгандарык артында

Эптеп-септеп күн өтөр.

Көңүлүм чөгөт санаадан

Айрылып ардак баламдан,

Жүрөгүм башы тызылдайт

Күйүттөн бүткөн жарадан.

Бүткүл адам баласы

Көргө кирбей калбастыр,

Жаралгандын баарысы

Тубөлүккө турбастыр,

Жазуу калып өзү жок,

Жалгыз ооз сөзү жок,

Сүрөтү турат кашымда

Сымбаты бар өзү жок.

Арманым көп алганга

Шүгүрчүлүк калганга.

Адамзат аманат

Беш күнчүлүк жалганда,

Ар ким кетет арманда

Ажал келип калганда,

Боору бүтүн башы эсен

Болгон эмес адамда.

Уялуу журт уруктан

Узак кетип куюккан,

Айкөлүмдөн айрылып,

Тагдыр мени куруткан.

Румкан учуп кырынан

Келбес жерге кеткени,

Өлгөнүн угуп кыйналган,

Уялаш, теңтуш, боорлош,

Көрбөй калды эн арман.

Качан болсо таш боор

Талкалаган кара жер.

Калык болуп жаралган

Кайгы менен келатып,

Канчалыкты сорсо да

Тоюп койбойт казган көр,

Көрдө жатат көмүлүп

Илгертеден канча эл.

Эл деп жүрүп күнү өткөн

Эзелтеден далай эр.

Кылычынан кан тамган

Далай-далай кыраандар.

Кыйкырыгы көк жарган

Адам жеңгис арстан, шер,

Учурганды куткарбас,

Уя бала ак шумкар.

Кыялымды жалмаган

Ажал өлүм түгөнгүн,

Ажал окко кез келген

Жаштайында нечендер,

Анын бири Румкан

Маңдайында калың шор.

Өлүм деген ар кимде

Амалсыздан кылат кор.

Көп какшанып зарланбай,

Сабырлыкта тура тур.

Алтын айчык белинде

Кемеринен айрыган,

Качан болсо тилегим

Медеринен айрыган.

Алдындагы агасы

Туусунан арыган.

Артындагы паанасы

Инисинен айрыган,

Каракашка тунжуру

Тынарынан айрыган,

Саялаган турагы

Чынарынан айрыган.

Аташканы алганы

Күйөрүнөн айрыган,

Тоодой кубат кылганы

Күдөөрүнөн айрыган.

Алдындагы ай, күнү

Сүйөрүнөн айрыган,

Жыттап моокум канбаган

Жыпарынан айрыган,

Тушундагы туйлаган

Тулпарынан айрыган,

Туурда туруп муңбаган

Шумкарынан айрыган,

Муңканып таңшып сайраган

Булбулунан айрыган,

Сермегенин койбогон

Туйгунунан айрыган,

Барчын бүркүт шаңшыган

Кыраанынан айрыган,

Желгенине жел жетпес

Бурагынан айрыган,

Карангыда шам алар

Чырагынан айрылган,

Алтын жаа, сыр тебе,

Саадагынан айрыган,

Алдындагы айкөлү

Ардагынан айрыган,

Барбаса базар күнү-түн

Чарбагынан айрыган,

Ажал өлүм зор экен

Азамат мойнун кайрыган.

Анын бири мен болдум

Канатым сынып кайрылган.

Адамзатка айла жок

Карап туруп айрылган.

Карагым, ботом, кулунум,

Кантип табам сендей жая!

Калайыктан карасам

Сендей эмес бир адам

Кайгы тартып сен үчүн

Качан болсо зарланам.

Маңдайымда панарым

Күйүп турган жанган шам.

Панарымдан айрыган

Тагдыр, сага, тан калам.

Төбөдөгү чолпонум,

Сенсиз бекер бул аалам.

Эки инин, болбосо

Не болмокчу курган жан.

Сени ойдон чыгарбай

Чарк айланып сандалам.

Инилерик ойлонуп

Сабырлыкка кармалам.

Ойлоп-ойлоп эндиреп

Эстен тайып ыргалам.

Аман-эсен жүрөт деп

Ойлогонум ар заман.

Ооруганын. билгенде

Турат белем жан балам.

Өзүң кеттиң, кемидим

Өлбөй туруп көмүлдүм,

Жатып калдын. жайыңа

Жарыгымдан түнүлдүм.

Кара жерди кучактап

Топуракка теңелдим.

Күйүп-бышып күнү-түн

Күйүт басып жекилдим.

Көрбөй калдын., кулунум,

Киндик кескен жериңди,

Эгиз жаткан эки өзөн

Эки бирдей Кеминди,

Агайын, тууган-, боорлош

Ардактаган элиңди.

Айта берсем ар качан

Түгөтпөймүн кебимди.

Түгөнөр кептин түйүнү

Түнөргөн кара өлүмдү.

Туягы бүтүн тулпар жок,

Тумшугу бүтүн шумкар жок.

Жалдыратып айрыган

Өлүм, сенден канкор жок.

Акырындап алдаган

Ажал, сенден анткор жок,

Ажалдан сактап каларга

Ай-ааламда камкор жок,

Кайгы менен күн өткөн

Калайыкта адам жок.

Кайгы-күйүт кетирер

Канча издесе даба жок.

Жетим болуп жер карап

Ардактаган ата жок,

Ата-энеси зар ыйлап,

Алдейлеп багар бото жок.

Кээ бирөөдө ини жок,

Инисиздин күнү жок.

Келбей калбайт адамга

Кайгы деген кызыл чок.

Акырында сулатат

Ай-ааламда ажал ок.

Карап койсом көңүл ток

Балам турса кашымда

Мага негедир кызыл чок.

Кечээ күйгөн чолпонум

Бүгүн минтип колдо жок.

О...Кайран, кайран, кайран жан,

Кайгысы көп ойрон жан!

Капилеттен ажал ок

Ардагымды жалмаган.

Уялуу журт көп элин

Уялашын көрө албай

Өлүп кеттиң кулунум.

Ошончолук көп элден.

Оору болуп жатканда

Атанын арман күнү экен

Ачуулукту билбеген

Телегей тең санаган

Терең эле деңизден,

Агына катуу дайрадан,

Термелбеген кыялы,

Теңтушуң үстүн баалаган,

Теңтуштарын көрсөтпөй

Тегерентти шум жалган.

Кат-кабары жетпестен

Кайгыда кетти Румкан.

Кечээ барып калаадан

Кезигер деп ойлонуп

Курдаштарын карадым.

Басып жүргөн далай жан

Арасынан алардын

Тааныбадым бир адам.

Солкулдаган боз бада

Кызыл аскер саналган,

Сомкеси колунда

Созулган кыз, аялдан,

Илим издеп эрте-кеч

Эркек, аял буралган.

Жаны мийзам чыкты деп,

Жалпы адам кубанган.

Күнү-түнү тынбастан

Китептернн караган.

Толуп жатат окуйм деп,

Поронзаны6 самаган.

Учуп жүрөт зыпылдап

Айрьтлан абадан.

Машинелер шарактап

Өтүп жатат арадан.

Шайтан арба шакылдап

Жүрүп турат жана да

Табалбадым алардан

Сага тектуш санаган,

Жыгыла жаздап мең кеттим

Зар какшаган санаадан.

Үшкүрүгүм таш жарып,

Кайта бастым, ой арман.

Сен калбадын тирликте

Мен болбодум садагаң.

Эндекейлик, жалкоолук

Эзил жанга зор келип,

Күч кеткенде билинет, .

Эси жоктук, аккоолук,

Эңкейип баштан дөөлөтүн.

Дос кеткенде билинет,

Энкейип чөгүп алын жок

Жаш өткөндө билинет,

Көчкөн конуш кадыры

Ээн талаа, элсиз чөл

Кургак жерде билинет,

Өткөн өмүр кадыры

Өз башында ээлик жок

Карыганда билинет,

Жакшы катын кадыры

Күнүн калып жаманга

Кор болгондо билинет,

Жакшы аттын кадыры

Ашуу бийик аскар тоо

Агын сууда билинет,

Эр жигиттин кадыры

Эл келсе душман жоо

Кыргын күндө билинет,

Жан чиркиндин кадыры

Дем кысталып жан чыгып

Өлөр кезде билинет.

Ага-ини кадыры

Жатка күнүң кор болуп

Турганыңда билинет,

Мал чиркиндин кадыры

Башка келип жокчулук

Турганыкда билинет,

Замандашың кадыры

Жаныңа келбей жан качып

Жүргөнүндө билинет,

Токчулуктун кадыры

Ачкалыкта кырылган

Жокчулукта билинет,

Күндүзгүнүн кадыры

Көмүрдөй болуп карарып

Түн болгондо билинет,.

Ата-эне кадыры

Бала күтүп балдары

Чоң болгондо билинет,

Эр кадыры катынга

Кара кийип, кан жутуп,

Тул калганда билинет,

Катыныңдын кадыры

Какшап турган балдарын.

Көргөнүндө билинет,

Өлгөн бала кадыры

Өз теңтушу буралып

Жүргөнүндө билинет.

Ардактаган өмүрүң

Ташып тезден соолгон

Кыял суусу өңдөнөт.

Улам айтсам улам кеп.

Уламалап термелеп

Рамкаңдын кайгысы

Калар эмес түгөнүп.

Карагымды ойлосом

Эстен танам сенделип.

Көз жумулбайт күйүттөн

Тан атканча ирмелип.

Арак чыгам эшикке

Мүдүрүлүп сүйрөлүп.

Ушул алда турганда

Кастарым башта кулунум

Кайрылсачы бир келип.

Кайгы калып учкандай

Кетер элем демдетип.

Канатынан айрылган

Калдым куштай жөргөлөп.

Карагымды санасам

Көзүмдөн жаш шорголоп.

Көңүл келбейт көбүнчө

Жүрөк толкуп ургулап,

Көктөмүндө көтөрүм

Арык-малдай ыргалып

Кайгы капа күйүткө

Үшкүрүккө чырмалып.

Аягыма кан түшүп

Аксай басып тырмалап,

Оозунан алдырган

Бөрү өңдөнүп куру калып.

Жаш жагынан сабырлуу

Коргошундай сазмагың.

Айыгып кетем деп туруп

Тиштөөлүү кеткен бармагык.

Илдет жеңип алган соң,

Ичинде кеткен арманык.

Күндөн күнгө төмөндөп

Келалбаган дарманык

Дармаксыз болуп жатканда,

Сени издеп барбадым.

Дилгирем тийип чукулдан

Оозумду кармандым.

Бир ооз сөзүн угузбай

Ажалдын катты парманы.

Чарбагынаа гүл элең

Күн тийбестен соолудун.

Гүлгө конгон булбулук

Күрмөлбөй тилик жоюлдун.

Санаага келбес Сүлүктү

Сайына ботом коюлдук.

Саргара катып санаадан

Кара көзүм оюлдун.

Айдын. чалкар көл элен

Күн тийбестен соолудук.

Качан болсо кажыбас

Карагым менин ай-күнүм,

Тааныбаган жан элде,

Ажалына оорудук.

Асырап баккан киши жок,

Адам таппай курудуң.

Жалдырап жалгыз жатканда,

Жанында бир дем болбодум.

Арманда кеттиң, дартым зор

Ажал өлүм кылды кор.

Таа атканча кашкайып,

Кайгы манек отурам.

Уктабастан чакчайып,

Койнума жаш толтурам.

Уу ичкендей көрүнөт,

Көргөн күнүм кулунум.

Суу сепкендей көрүнөт

Эми сүргөн өмүрүм.

Бүткөн бойго жайылды

Уудай болгон күйүтүн..

Жарадар болдум ок жебей

Жалындаган күйүттөн.

Айрылып сенден айкөлүм

Кесилди чындап үмүтүм.

Өмүр болсо көп жылдык

Өмүр баркын билбеген

Акылсыздык, көпкөндүк.

Өлүп кетсе жашында,

Калганына күйгүлтүк.

Акыры жалпы маклукат,

Ай ааламда адамзат

Жаралган бүткүл жаныбар,

Топуракка айланат.

Айланта согуп табийгат

Денең тозуп бурулат.

Топурак болуп кайтадан

Кара көрдө жуурулат.

Жаркырап жүргөн кайран баш

Жамаачыдай жамалат.

Жүздөн ашып кетсе да

Өлүмгө башың байланат.

Кутуларга дарман жок

Амалсыз кетип зарланат.

Эркинче жүргөн эсил жан

Караңгы көргө кармалат.

Калганы калып кайгыда

Күйүп-бышып сандалат.

Жүзгө чыккан карылар

Өмүр тилеп жалбарат.

Гүлдөп турган чагында

Өлүмгө жашты ким кыят?

Кары өлмөк, жаш өлмөк,

Баркы канча жамагат.

Жаштай өлсө азамат.

Жаштын калса артында

Туюк болуп бир парзант.

Мейли эркек, мейли кыз,

Калганына даремет.

Артында туяк калды деп,

Тилектештер кубанат.

Калбаса туяк артында

Тукумсуз кеткен жалын өрт.

Парзантсыз кетип кулунум

Баарыдан мага тоодой дарт.

Алдымда аскар бел элең

Артымда дайра көл элен

Туш-тушумдан коргогон,

Туу калганым сен элең.

Аскар бел урап түз болду.

Айдың көл куруп тоз болду.

Туу жыгылып колумдан

Эсимден тайып нес болдум.

Эски Абачы кыштагы

Ажалына кез болду.

Таптагы шумкар сен элек,

Тапка кирер дээр элем.

Табын тапса кулунум

Тажабас кыран бири эле,

Кырааным качты кайрылбай

Кармоого келбей дарманым.

Тапка жаңы киргенде

Салалбастан калганым

Эл ичинде жүрбөгөн

Ичике кетти арманын..

Өлүм менен кыйыткан

Тагдыр өзүң чеберсик.

Жалпы жаан ааламды

Өлүм чиркин жеңесиң.

Алпкаракуш буркүттөй

О, бүткүл жанды эңесин.

Табияттын эркинде

Дайрага сүзгөн кемесиң.

Кемечелик карк кылып,

Барысын өлүм жеңесиң.

Башымда бөркүм кем четтен

Айчыгы кахар берметтен,

Туулга элең гулдөткөн,

Калпагымдан айрылдым.

Колумда алмаз болоттон

Кармап кадап орноткон,

Ок өтпөс кылып кылдаткан

Калканымдан айрылдым.

Илим менен таанышкан

Билим менен жанашкан

Акылга жетип даанышман

Дарканымдан айрылдым.

Аркагы чылк жибектен

Эриши була ийриткен

Жоо бетине кийинткен

Олпогумдан айрылдым

Сууган боюм жылыткан

Бүткөн боюм эриткен

Күн тийгендей сүйүнткөн

Чолпонумдан айрылдым.

Жагып койгон чырагым

Жагоосу күмүш тынарым

Саялаган чынарым

Түркөгүмөн айрылдым.

Өбөктөгөн сүйөнчүм

Өдөө ылдыйда таянчым

Үстүмдөгү жамынчым

Өртугүмдөн айрылдым.

Арманда болуп күн өткөн

Азамат болуп эр жеткен

Кылыгы журтту ийиткен

Тунугумдан айрылдым.

Колдо кубат бойдо күч

Ойдо акыл, мээде эс

Кайда жүрсө тоодой эш

Балдагымдан айрылдым.

Мейли ачка, мейли ток

Көргөнүмдө көңүл жай

Күндө базар, күндө сый

Чарбагымдан айрылдым.

Мейли атчан, жөө жүрсүн

Мейли куурал күн көрсүн

Белектин уулу дедирген

Арбагындан айрылдым.

Үй үстүндө чардагым

Үч жүз алтымыш тамырым

Ал, күчүм, дарманым

Ардагымдан айрылдым.

Аскар тоодой медерим

Үзүлбөс үмүт-күдөрүм

Ынты-зынты тилегим

Өпкө-колко көөдөнүм

Жүрөгүмдөн айрылдым.

Кулунум ботом Румкан
Курутсанчы бурунтан.
Өскөн сайын сүйүнтүп,
Өмүр жашын тилеттиң.
Ойлободум өлүмүн,
Илгери үмүт талаптан.
Ойрон ажал таш боор
Жетип калды каяктан,
Ой дүйнө ырайымсыз!
Ботодой мени боздоткон,
Таш сыяктуу кулаган
Асмандаган бийиктен,
Ажал окко кез келген
Болдуң ботом кийиктен.
Ардагым зарлап мен калдым
Акылдан танып күйүттөн,
Кабагым турат алым жок
Кайгы менен куруттук,
Деңиз элен, кулунум
Ылайландын, башынан.
Терең эле тунугум
Омкорулдуң жашыкан.
Ылайланган деңизди

Тундурган занан бар бекен?

Омкорулган теректи

Тургузган заман бар бекен?

Ылайланган деңиз көл

Соолмоюн тунбаган.

Омкорулган бай терек

Орнотсо да турбаган,

Мисалы ошондой ажал ок

Өлгөн кайта келбеген,

Толкутуп жүрөк эт-дене

Эрип кеткен тулку бой.

Ойго келбей эчтеме

Теминдирген тим койбой.

Делбелентип демилге

Эстен чыкпай бүткүл ой

Сызылып муун акыл мээ

Талпынган көңүл токтобой

Эт беттеген демине,

Балкып кеткен бүткөн бой

Кубулуп бети албырып,

Чырак жагып койгондой.

Ажал келсе алат деп,

Ойлобогон өлгөндөй.

Көшүлүп жаны мемиреп

Көкүрөк соо ойгонбой.

Көйкөлүшүп делбиреп

Нурданып толуп чолпондой.

Бузулуп мүнөз деңгиреп

Он эки мүчө козголбой.

Эстен тайып деңгиреп

Талыкшып талма болгондой.

Мейли сулуу, мейли серт,

Окшоп кеткен күн мен ай.

Моюн алышып бууланып

Айкалышып көңүл жай.

Напси жеңип алганда

Көрүнүшкөн айнектей.

Айтып турса тоотпой

Ажырагыс эч кандай

Эркек аял эзелден

Эзилишип ийилген.

Мукабатка мукабат,

Кошулушуп ийилгек.

Эриген эки денеден

Бойго бала түйүлгөн.

Тогуз ай, тогуз күндөн соң,

Жерге түшкөн энеден.

Алда канча машакат

Азап тартып туулган.

Туулгандан башталган

Оору өлүм чуулган

Ар кимдики өзүнө

Жаңы тууган бүткүл жан

Ай сыяктуу көзүнө,

Ата-энеге көрүнгөн

Жумшагым деп баласын

Кирпичечен жалынган.

Аппагым деп балапан

Кара карга жардаган.

Асылым деп талашып,

Жылан, чаян чардаган.

Канаттуу куш балдарын

Кырааным деп сайраган.

Анын бири айкөлүм

Арманда өткөн кулунум.

Рунсун деп чоң атан

Атынды койгон "Румкан".

Жүрө жүрө кийинтен

Аттыкпны Румкан.

Түштүк-түпсуз деңизге,

Алдейлеп багып ата-энең

Катарга кошуп киргизген.

Эмгектенип эрте кеч,

Кас-кас кылып тургузган.

Тамтандатып жетелеп

Акырындап жүргүзгөн.

Алып чыгып шоокко

Айланасын көргөзгөн.

Эки жашта энекең,

Өлүп жетим калгансың.

Элге жетим атыгып,

Эртели-кеч жүргөнсүң.

Эл Турпанга качканда

Он алтынчы жылында

Мал-мүлкүн чапканда

Өнөруп жүрдүм баргынча,

Далай белге ашканда

Көтөрүп жүрдүм калаада.

Эл жок, суу жок далаада,

Эл четине жете албай

Конуп калсам арага

Колтугума салчу элем

Коркунчудук заманда

Ак сууга барып кыштадым.

Анда орус кыстады

Кармай турган болгондо

Байды карай качкамын.

Жанарыкты жакалап

Алып жүрдүм аркалап.

Ачкачылыктан, оорудан

Ал жеткенче калкалап.

Качып келдим Кучага,

Куугун жетип күчөдү

Каак орус барганда.

Кармап кетти неченди.

Качтым Куча тоосуна

Каракол кыштак оозуна,

Чечек чыкты чылк болуп

Бүткөн бою жүзүнө,

Тогуз кун, тогуз түн бою

Жамбашым жерге койбостон

Кучактап турдум алдыма

Чырым уйку албастан.

Күндүз-түнү кучактап

Багып турдум талбастан.

Айыкканда чечиндим

Анан уйку болбостон,

Жеңди мени талытып,

Кайта келдим көтөрүп,

Орусия элине,

Киндик кесип кир жууган

Ата-баба жерине.

Мужуктардан жан коргоп

Туралбастан Кеминге.

Орус мага кекенип

Өлтүрөм деп жүргөндө

Ашып бардым казакка

Алматынын дубанга.

Алдейлеп багып өстүрдүм

Ылайыктап заманга.

Алты жашка келгенде

Кубандырган кулунум

Атка чаап желгенде.

Он жашында окутуп

Алиппени билдирдим.

Ошондон баштап окуттум.

Касиетим туйдурдум.

Окуп жүрдүн орусча

Финтехником окушун.

Бүткөрүп чыктың кыргызча

Баласы деп Белектин,

Жалган ушак куруткан. .

Окушундан чыгарткан

Комсомолго койбосун

Арыздандын суранып

Улуктардан тиленип.

Арызың кабыл болбостон

Баткенге кеттиң элирип

Ылайыксыз абалда

Ардагым калган жабыгып.

Көрөйүн деп баламды

Издеп бардым сагынып.

Али жакшы болгон соң,

Кайта келдим кайрылып.

Акыры барган Сүлүктү

Аскерликке каралып

Андан бошоп барыптыр

Мугалимге буйру Ар кимдики өзүнөк

Эски Абачы кыштакта

Жатып калган ооруп.

Ажал жетип күн бүтүп

Акыры калдым айрылып.

Айыкпаган дарт болуп

Алаканым шак коюп.

Ардагымдан айрылып,

Артым жерге так коюп.

Өзүм салган күйүттөн

Өксөгөндөн өрт болом.

Өрт жайылып денеге

Күйүп-бышып чок болуп.

Румкан кетти кайрылбай,,

Түбөлуккө жок болуп.

Сабыр бердим забыркап

Санай-санай токтолуп.

Күйүп-күйүп кул болдум

Күйүп калган мен болдум.

Көзүмдөн аккан көлдөй жаш

Көл дайрадай сел болду

Көл соолуп чөл болду

Асылым ботом ким болду?

Көл толкутуп сапырган,

Тоо томкоргон сел болду.

Селге кеткен жашында

Жаным чырак сен бөлдүң.

Чөлдөй болуп кургаган

Соолгон көлдөй сен болдук-

Уа...Курган жан, курган жан,

Качан болсо ооруда

Ажал зарыл жолунда

Даярданып турган жан.

Уа... Курган жан, курган жан,

Карык болор кемедей

Сабагы жок мөмөдөй

Соло жаздап турган жан.

Уа.. Курган жан, курган жан,

Чирик жипке байланып .

Зоо башында айланып

Учарын билбей турган жан.

Уа.. Курган жан, курган жан,

Зир аягы көр астын,

Бир аягы жер үстүн

Калт-култ этип турган жан.

Өлбөстөй болуп өрөпкөп

Өңгөчө адам жел өпкө

Жели чыгып быш этип

Заматта чыгат керектен.

Шамы өчүп жаны жок

Шалк-шук этип жөлөткөн

Шашып күйүп калганы

Караңгы көргө жөнөткөн.

Кайран асыл, кайран жан!

Түбөлүк кеткен тирликтен.

Карасам көзүм талбаган

Жыттасам моокум канбаган,

Сен жаткан жерге калбастан

Акыры барат бар адам.

Ажал келсе кутулбайт

Ай ааламда бир адам.

Көчүп кеткен кербендей

Келгенге кезек бул жалган.

Жаштайында кетти деп,

Арманым ушул зарлаган.

Өлбөгөн жан акыры

Суу ичет алтын аяктан.

Өлдүк, кеттиң жоголдуң.

Өлүмдөн жок- айыккан.

Жансыз жаткан кур дене

Жашасын көрдө каяктан.

Кымындай себеп болобу?

Көмүлгөн сок быяктан,

Ата-эне тууганы

Ардактаган туяктан.

Тиричилик буу, мунарык

Карматпаган закымдап.

Адамдын канбас кумары

Жетемин деп такылдап.

Тилегине тиктеген

Келе калсаң жакындап.

Кайгы капа кесел дарт

Кошо келет какылдап.

Алсыратып курутат

Жакадан алып алкымдап.

Самаганга жете албай

Өмүрүн өтөт шалкылдап.

Ажал күлүк баарыдан

Артыңдан калбайт такылдап.

Алдаган дүйнө ар кимди

Кылганыңды макул деп,

Акыры ажал талкалайт

Тозон. кылып күкүмдөп,

Кедир өмүр, кер өмүр

Кетенчиктүү түгөнгүр.

Бүгүн, эртек жетем деп.

Өтүп кеткен жел өмүр.

Өлүм кежир тил албас

Көздөгөнү кара көр.

Кара көргө тыгылган

Бизден бүрүн өткөндөр.

Өлүм улук өңгөчө

Өкүмүндө асман жер.

Өңгө жандан башкача

Адам кылат текебер.

Табалабастан арача

Бир күн болот жер мен жер.

Жер болсо да айлангаң

Табиятка баш ийет.

Суу жакалай кырчын тал

Кырчынында кыйраткан

Өкүму күч шумажал.

Ой-пикирлер