Кирүү

Рахманкул хан

Рахманкул хан, 1912, Ош облусу, Чоңалай жергеси – 1990 – Кичи Памирдеги ооганстандык кыргыздардын ханы (1949–78). 1947-жылы Шинжаңга (Кытай) качкан. Пакистанга улагалаш Миңтеке деген жерде кытайлык чегарачыларды конокко чакырып, аларды өлтүрүп, курал-жарагын олжолоп, Кичи Памирге өтүп кеткен. Өзүн өзү хан көтөрүп, Ооганстанда 1964-ж-дан кыргыздардын өкүлү катары Лоя Жиргага (Чоң Жыйынга) катышкан. Өзүнүн 70 миңден ашуун кою, 2 миңден ашык топозу, 300дөй төө, жылкылары болгон. Чоң-чоң жайыттарды ээлеп, соода карым-катнаштарын да өзү көзөмөлдөп турган. 1978-жылы Ооганстанда Апрель революциясы жеңгенден кийин узакка созулган граждандык согуш ал жактагы кыргыздардын тынчын алып, жашоосун кыйындаткан. Рахманкул хандын жетекчилиги менен ошол жылдын июль айында Памирден 1300 кыргыз (280 үй-бүлө) Пакистанга көчүп кеткен. Гильзит өрөөнүнүн ысык жана нымдуу абасы, жут, жугуштуу оорулар, качкын турмушундагы оор абал кыргыздардын көпчүлүк бөлүгүн кыйнаган. 1982-жылы август айында Рахманкул хан 293 түтүн (1138 адам) кыргыздары менен аба жолу аркылуу Түркияга (Ван көлүнүн боюна) көчүрүлгөн.

Ой-пикирлер