Рамис Рыскулов. Ырдесте
Туйлап көрсүн туйлай элек жүрөктөр,
Бийлеп көрсүн бийлей элек денелер.
Жыргап көрсүн жыргай элек көңүлдөр
Турмуш кандай туу чокуну ашарда.
Гүлдөр кандай баш жөлөшөт жатарда.
Заман бүгүн өпкүлөйт
Жүздөрүнөн балдардын.
Кайда жүрсөм тууган жерим капарда.
Мына, мына мен да кирдим катарга
Сүйлөйм бүгүн аалам тилинде,
Бир башкача ийгиленет.
Куштун тили, гүлдүн тили, бала тил,
Бардык тилдин баркы чоң
Мен үчүн.
Биз баратсак
Шаңкаят алыс аскалар аскарланып,
Көлдөр жатат чалкарланып!
Ырдай электерге
Сунам ырдесте!
- Сооронбай Жусуев. Алакан
- Токтосун Самудинов. Дасторкондо
- Токтосун Самудинов. Көйрөң
- Нурмолдонун нускалары
- Мидин алыбаев. Шимеев смарга
Ой-пикирлер