Рамис Рыскулов. Тилек
Турмуштун сырынбилем деп,
Балыгын алтын илем деп,
Ойлогон элем жаш чакта
Жылдыздуу үйгө кирем деп.
Жетемби деги тилекке,
Умтулам келген илепке.
Жериме мени жеткизип,
Жебелейт сүйүү жүрөккө.
Ашууда жүрүп ой багам,
Кой бакпай эле ой багам.
Үңүлө мага карачы,
Үнүмдү тыңшап ой заман!
- Сулуулар деген канча бар
- Сүйүнбай Эралиев. Өрт өчүргүч кузьменко
- Токтосун Самудинов. Боёк
- Барпы Алыкулов. Эр жигитке сын
- Байтемир Асаналиев. Аз калды
Ой-пикирлер