Кирүү

Протокол

Ишкагаздар өзүнүн көлөмү боюнча, текстинин узундугужана мазмуну боюнча, татаалдыгы жана жөнөкөйлүгү боюнча татаал жана жөнөкөй болуп бөлүнөрүн белгилеп кетүү керек. Ошондуктанпротоколөзүнүн түзүмү боюнча татаалишкагаздарына таандык. Ар кандай чогулуштар (расмий, расмий эмес) катышуучулардын курамы, анда чыгып сүйлөгөндөрдүн аты-жөнү, сөздөрүнүн, бул чогулушта кабыл алынган чечимдердин же токтомдордун кыскача мазмуну протокол деп аталган иш кагазы мененжол-жоболоштурулат. Демейдемындай чогулуштардын, кеңешмелердин же отурумдардын протоколу анда каралган маселелердин маанилүүлүк даражасы боюнча жылдын же жарымжылдынжыйынтыгы боюнча түзүлүп, бүткөрүлгөн иштержөнүндө жетекчилер отчет беришет. Бул мекеменин, ишкананын ишкердиги канчалык деңгээлде жүргүзүлгөндүгүнүн далили болуп саналат.

Протоколтөмөнкүдөй түзүмдөрдөн турат:
1. Киришүү бөлүгү
2. Негизги бөлүгү

Протоколдун киришүү бөлүгүндө чогулуш качан, кайда, саат канчада өткөрүлөрү, катышуучулардын саны, күн тартиби көрсөтүлөт. Негизги бөлүгүндө иш кагазынын тексти келтирилет. Ошондуктан чогулушта карала турган маселелер өз ара байланышта болууга, катышуучулардын сөздөрү кыска, так жана логикалуу баяндалууга тийиш. Сүйлөгөндөрдүн аты-жөнү кашаанын ичине алынат. Протоколдун экинчи, негизги бөлүгү 3 бөлүктөн турат:

1. Угулду.
2. Сүйлөштү.
3. Токтом кабыл алынды (токтом кылышты).

Протоколдун ар бир бөлүгүнүн милдети болот. "Угулдунун" биринчи бөлүгүндө күн тартиби көрсөтүлүп, маселелер кезек-кезеги менен келтирилет. "Сүйлөштүнүн" экинчи бөлүгүндө жарыш сөзгө чыккандардын сөздөрүнүн мазмуну кыска баяндалат. "Токтом кылыштынын" үчүнчү бөлүгүндө чогулуштунжыйынтыгы чыгарылып, маселенин токтом кылынган ар бир бөлүгү араб цифрасы менен катар белгиленип, абзацтан башталат. Протоколдо негизинен төмөнкүдөй маалымдаректер пайдаланылат:

1. Чогулуш өткөрүлүүчү мекеменин аталышы.
2. Иш кагазынын аты жана анын катар номуру.
3. Чогулуш өтүүчү күнү, айы, жылы.
4. Чогулуштун өтүүчү орду (айыл, шаар).

5. Чогулуштун төрагасынын аты-жөнү.
6. Чогулуштун катчысынын аты-жөнү.
7. Чогулушка катышуучулар (саны)
8. Күн тартиби.
9. Талкууга коюлган маселелер.
10."Угулду" бөлүгү.
11."Сүйлөштү" бөлүгү
12."Токтом кылынды" бөлүгү.
13.Тиркеме.
14.Чогулуштун төрагасынын колу.
15.Чогулуштун катчысынын колу.

Мындан көрүнүп тургандай маалымдаректердин көп саны протоколду жол-жоболоштуруунун татаалдыгын далилдеп турат. Формасы боюнча протоколду жазуу кыска, толук стенографиялык жана фонографиялык болуп бөлүнөт.

№ 2 протокол
14.10.2004-ж. Бишкек ш.

адабияттарды тандоонун башталышында элеЖеңишилимий ишкеберилгендигин көрсөттү. Өзүнүн иши жөнүндө өзү айтып берсин". Ж.Акунов: "Урматтуу кызматташтар, коллегалар! Бүгүн мында менин илимий ишимди коргоо алдындагы талкуу өткөрүлүп жатат. Үч жылдын ичинде эмне кылганымды силерге кыскача айтып берейин. Мен илимий жетекчим менен бирге диссертациянын ар бир главасынталкуудан өткөрдүк. Мен илимий конференциялардын бардыгына катыштым. Изилденген тематика боюнча 8 илимий макала жарыяладым. Кандидаттыкминимумдарды өз убагында тапшырдым.

Илимий эмгектин түзүмү:
1. Киришүү.
2. "Манас" эпосунун көркөм каражаттары.
3. Корутунду.
4. Адабияттарды пайдалануу".

Токтом кылынды:
Аспирант Ж.Акуновдун кандидаттык диссертациясын жактоого
сунуш кылынсын.Угулду:
А.Акматалиев: "Борбордун иши жөнүндө" илимий катчы А.Эгембердиева айтып берсин.

А.Эгембердиева: "Биздин борбор чоң илимий жана практикалык иштерди жүргүзүп жатат. Ж.Акуновдон башка аспиранттар Сатиев, Абдыкадыров жана Боогачиев өздөрүнүн диссертацияларын даярдап коюшту. Фольклор, адабият боюнча бир нече монографиялар жарык көрдү. Биздин алдыда турган милдет – А.Токомбаевдин 100 жылдыгына арналган илимий-теориялык конференцияга даярдык көрүү".

Токтом кылынды:
Алдыдагы үч айлык иш жөнүндөгү илимий катчы А.Эгембердиеванын кыскача билдирүүсү кабыл алынсын.

Төрага (колу) А.Акматалиев
Катчы (колу) С.Эшеналиева

Чогулуштун стенографиялык жана фонографиялык протоколдору көп пайдаланылат. Фонографиялык протокол магнитофонго же көрмө камерага жазылат. Чогулуштун катышуучуларынын суроолору да, жооптору да жазылат.

Протоколдун киришүү бөлүгүндө чогулуш качан, кайда, саат кан-
чада өткөрүлөрү, катышуучулардын саны, күн тартиби көрсөтүлөт.
Негизги бөлүгүндө иш кагазынын тексти келтирилет. Ошондук-
тан чогулушта карала турган маселелер өз ара байланышта болууга,
катышуучулардын сөздөрү кыска, так жана логикалуу баяндалууга
тийиш. Сүйлөгөндөрдүн аты-жөнү кашаанын ичине алынат.
Протоколдун экинчи, негизги бөлүгү 3 бөлүктөн турат

Ой-пикирлер