Кирүү

Прогресс жана адамдын эволюциясы

Эволюциянын жалпы кабыл алынган теориясына ылайык, Ноmо түрү төртүнчүлүк доордун башы ченде бир нече ар түрдүү түспөлдөгү гоминиддерден жаралган. Алар, балким, биринен кийин бири жаралса керек, а мүмкүн, кээде катарлаш жашашкандыр. Өзүлөрүнүн ата-бабасы болгон — австралопитектерге окшоп гоминиддер адам этин жештен да кайра тартышпаган жырткычтар болушкан, андыктан алар биоценоздун эң жогорку тепкичиндеги экологиялык орунду ээлеп турушкан. Соңку муз каптоонун акырында, бул тукумдан тарагандардан Ноmо sарiеns, т.а. азыркы адамдан башка бардык түрлөрү өлүп жок болгон. Анан адам баласы жер жүзүнүн бардык булуң-бурчтарына тарап отуруп, кийинчерээк тарыхый мезгилде суу чөйрөсүн да өздөштүрүп, акырында Жер бетине ушунчалык зор өзгөртүүлөрдү киргизишкендиктен азыр Жердин бүткүл ландшафттык катмарын адилеттүү түрдө антропогендик катмар деп атоо кабыл алынган. Уюлдук муздарды кошпогондо бардык аймактарда таш жана темир доорлорунун археологиялык эстеликтери табылбаган жер жок. Биз азыркы какыраган чөлдөрдөн, чытырман токойлордон палеологиялык конуштарды, бүгүнкү тундра менен тайгалардан неолит доорунун адамдарынын конуштарын таап жатабыз. Алар бул региондор бир убакта адамдарга конуш жай болгонун айтып турат. Эми бүгүн ал жерлер кайрадан машинелердин жардамы менен өздөштүрүлүүдө. Албетте, акыркы 17—20 миң жылдыктардын ичинде ар кайсы аймактардын климаттык шарттары өзгөрүп турган, бирок Ноmо sарiеns түрү омурткалуу башка жаныбарлардан айырмаланып, белгилүү бир жерге баш калкалап туруп калбай, табияттын бардык ар түрдүү шарттарына ыңгайлашып жашап кеткен, бул болсо аны омурткалуулардын экологиясында өзгөчө орунга коюуга укук берет.

19 кылымда жана 20 кылымдын башталышында техниканын жетишкендиги табият байлыктарын жырткычтык менен жок кылууга мүмкүнчүлүк түзүп, бул прогресс катарында түшүнүлүп келген. Анын айынан азыр өнөр жай үчүн тузсуз суу жетишпей калды, өсүмдүктөр дүйнөсү мөгдүрөп, АКШда прериялардын биоценозун жок кылуунун натыйжасында чаң ызгыткан бороондор адамдан өч алууда, чоң шаарлардын абасында кислород азайып, акыркы эле 300 жыл аралыгында омурткалуу жаныбарлардын 110 түрү тукум курут болгон, ал эми 600 түрү жок болуп кетүү коркунучу астында турат. Кечээ эле бул процесс ноочөйро аталып, табиятты адамга баш ийдиргендик катарында түшүнүлгөн. Азыр болсо биз дегеле башка бир (социалдык эмес) көрүнүштү: Жер планетасынын биочейрөсүнүн компоненттеринин бири болгон Нomo sарiens түрүнүн жаратылыш чөйрөсүнө өтө мыкты ылайыкташып алганын жана агрессивдүү мүнөзгө ээ болгонун байкап отурабыз. Азыр бул ачык-айкын нерсе болуп калды.

Дал ушул жерде биринчи суроо пайда болот: биз белгилеп отурган көрүнүш омурткалуулардын, анын ичинде Ноmо sapiens түрүнүн эволюциясынын алкагына канчалык даражада сыйышып турат? Жана экинчи, мааниси андан кем эмес суроо бул: адам курал жасоону колго алып, отту пайдаланууну үйрөнгөндөн кийин деле биоценоздун курамында эң жогорку, акыркы звено катары кала береби же колго багууга үйрөткөн жаныбарлары жана өзү багып өстүргөн өсүмдүктөрү менен кошо табият менен өз ара байланыштын башка бир чөйрөсүнө өтүп кетеби? Бул суроонун олуттуу болгон себеби эволюциянын кайра жанбас мыйзамына ылайык адамдын таасири аркылуу таанылгыс болуп өзгөргөн жаныбарлар менен өсүмдүктөр өз алдынча жашап кете алышпайт, анткени, алардын бир азы гана болбосо, көпчүлүгү жапайы түрдөгү тукумдаштары менен атаандашып жашоого чыдай албайт1. Мына ушинтип, биочөйрөнүн ичкерисинде өзгөчө катмар жаралып отурат. Бул катмарда табигый тандалуу принциптери аракеттене алабы?

Эволюциялык теориянын Ч. Дарвин баш болгон көптөгөн тарапкерлери азыркы адамзат да өз ата-бабалары башынан кечирген табигый тандалууну баштарынан өткөрүүнү улантып жатат дешсе2, башкалары ага ишенишпей шек санашат. Алар төмөндө келтирилген негизге таянышат: "Жашоо үчүн күрөштүн бошоңдоп кетиши адамдын биоценоздун курамынан чыгышына алып келди. Бул процесс акырындык менен жай жүрүп отуруп, эн алды адамдын табигый тандалуусун бошондотуп, анан аны биротоло токтотуп салды... А бирок табигый тандалуунун жок болуп кетиши эволюциянын факторлорунун биринин аракет-таасиринин жоголушуна барабар болду жана адамдын биологиялык эволюциясы да токтошу керек эле. Бул мындан 50 миң жылга мурда жакын кроманьон адамы калыптанган мезгилде ишке ашты3"

1955-жылы Я. Я. Рогинский менен М. Г. Левин биологиялык эволюция процесси азыркы адамдарды кайсы бир түр касиетине ээ кылгандыктан эволюциянын токтоп калышына алып келди деп жазышкан 4. Демек, адамдын эволюциялык өнүгүшү алда качан токтоп калганынан күмөн саноонун деле кереги жок турбайбы. Ага карабай түрдүн ичинде өзгөрүүлөр улантылып жатат, маселеге мына ушундайча карай турган болсок, анда изилдөөнүн предмети али түгөнүп бүтө элек. Изилдөөнү улантуу үчүн дагы жаңы көз караш жана да жаңы усул керек, алардын жардамы менен бул көрүнүштүн өзгөчөлүгүн аныктаган соң гана тиги же бул көз карашка кошулууга болот.

Ой-пикирлер