Кирүү

Пайгамбардын нөкөрү

Жайкы каникулду ар дайым тоодо өткөрөр элем. Ал­тын күздон тартып когүлтүр көктомдүн аягына чейин шаардагы мектеп-интернатта окуп, өзүм чоңойгон тоону сагынып да кал ар элем. Too эчен ирет түшүмө да кирер эле. Аны көрсөм дегендеэки көзүм торт боло, куса болор элем… Атам шаарга келгенде биздин кыштоону сурай бе­ре турганмын…

Кыркын аяктаары менен эле короо-короо кой жайлоо-ну коздой айдала турган. Мына ошол кой айдагандардын арасында жаны эле каникулга келген мен да боло турган­мын. Биз оторду кыркын сарайынан ары кеткен адыр ар-кылуу айдап отуруп, тоо этегине жетээр элек. Анан, кок­кашка суусу оргуштаган өзөнгө түшүчүбүз. Аптапта адыр кезип келген мал тиш какшаткан суудан кана ичкенден кийин, жайлоону коздой өзүлөрү эле озон өрдөп жоношчу.

Кок чалгыны тоо желине ыргалган беттер, озон бойло-рунда жалбырагы сеңселген түркүн бадалдар, ой-тоону тегиз каптаган кызыл-тазыл гүлдөр не деген керемет! Кул-пурган тоо келбетин караган сайын карагын келип, козун тойбойт! Көнүлүңдү чексиз шаттык уялайт! Ырдагын ке­лет! Жайлоого жеткиче сени миң кубулжута сайраган башайы чымчыктар узатып отурат! Өзөндү улам ордоп, улам бийиктеп кете бересиң… Анан… бир маалда эле… суурлардын ышкырык-анкышы чыгат! "Жайлоо! Hyp жай-лоо! Гул жайлоо! Балгын жайлоо! Саламатсыңбы!.."— деп элдирей түшөсүң…

Ошентип, күтүрөгөн малдуу көчтү ар кай жердеги ийин-деринин оозунда шоңшоюп отурган суурлар кубаттуу ыш-кырыктар менен каршы алат. Жандарында чөндөлөйлөрү, борсолойлору. Ушундан улам, алар узун кочту балдарын ээрчите чыгып тозуп алган энелерге окшоп кетет!

Биз бул жайлоого биринчи келаткан жокпуз. Конушубуз оодо жактагы түзөңдө. Аякта да суурлар аз эмес. Баары тааныш. Береги биз келаткан өзөндүн оң тарабындагы кашкай капталдарды көгүш суурлар, сол тарабындагы айдыңдуу беттерде кызгылт суурлар турат. Алар, бири-бирине каттабайт, бири-биринин жеринен оттобойт… Бу-ларда ушундай бекем тартип… Кокус, бул тартипти бир жааты бузса, ортолорунда чатак чыгат…

Суурларды мурда демейдеги эле териси кымбат ма-кулук деп ойлой турганмын… Эгер, ошол окуя болбогон-до, балким, мен ушундай эле коз карашта кала бермекмин.

Али эсимде. Алтынчы классты бүтүп, каникулда жур-гон элем… Куз келип, суурлардын териси жетилип калган кез эле. Мылтыкка жакын учурум. "Аттиң-ай, атам мыл-тыгын берсе, ээ?.. Мен да элчилеп суур атсам, ээ?.."— деп жургон кезим. Бирок мага мылтык бере турган атамбы? "Атынып олосун!.." — деп мылтыкка жолотпойт…

Ушинтип жургон кундордо биздин жайлоого суур ула-ганы Далбан деген аңчы келди. Анын толгон-токой кап­каны, "чып этме" мылтыгы бар экен. Биздин уйго чукул жерге чатыр тигип, туруп калды. Эртели-кеч уйго келип, кымыз ичип кетер эле. Ушундан улам ага уйур боло баш-тадым. Ал тез макул болмо неме экен, "мылтыгынды ат-тырасьщбы" — десем, "Ооба…" — дейт. Кубанычымды айт-па! Акыры анын мылтыгын да аттым. Кантип атышты өзү үйрөттү, тек гана, огу ченелуу болгондуктан мага күнүнө бир гана ок берер эле. Ошентип, он чакты күндө бутаны кантип атышты билип алдым.

Бул аңчы ошол бир аз кундо эле атканын атып, кап-канга тү-шүргөнүн түшүрүп, жүзгө жакын суурдун терисин сыйрып ийди. Терилердин арасында чон суурлардыкы ме­нен бирге эле алардын чөндөлөйлөрүнүкү, борсолойлору-нуку да бар эле. Терилерди сыйрып, кок шиберге жайып, аны беш-алты тарабынан керип, туздап салычу. А суур­лардын эттерин ээрчите келген эки ити, ага кошулуп биз­дин иттер жечу. Ошондуктан алар тез эле семире баш-ташты.

Суурду капканга кантип түшүрөт, кантип атып алат, мен учун ото кызык кез го?! "Аңчылыкка ала бар, кором…" — деп кыстайм аны. Ал болбойт. Эмне үчүн болбой атышы мен учун озунчо эле табышмак. Ансайын асылам… Бир ку­ну макул болду. Капкан салууга ээрчитип чыкты. Кеч кирип калган. Биз конуштан кыйла томен жактагы жайна-ган ийиндерге келдик. Кечинде жайытка чыккан суурлар бизди кергендо эле ышкырып-ышкырып, ийиндерине кире качып атты.

Далбан капкан койгонго маш болуп бүтүптүр. Казы-гын каккандан кийин капканды чоп арасындагы кандайдыр бир билинер-билинбес из тушкон чыйырларга, ийиндин оозундагы топуракты казып ийип, ошол топурак астына, айтор, миң түрлөнүп коёт экен. Бир саатка жетпей эле ийиндердин тегереги жайнаган капкандарга толуп калды…

Убада боюнча, эртеси мени капкан коюлган жакка ээр­читип жонеду. Бир мушок, бир кызылала союл алды. "Чып этмени" мага асынтып койду. Мен ошого эле жетине албай баратам…

Тан заардан жайытка чыккан суурлар бизди алыстан корору менен эле ышкырып, ийиндерин коздей уркуп ат­ты. Мен, бир чети буга таңгалдым, себеби, суурлар менден да, атамдан да анча коркпой турган. Качан гана, чукулдап бармайын, ийиндеринин оозунда чокчоюп тура берише турган…

Ана, кечээ капкан салынган ийиндер да көрүндү. Оттоп жүргөн суурлар аңкышташып, ийиндерине кире качып ат­ты, бирок, ар кайсы ийиндердин жандарында бир нече суур томполоңдоп, ийиндерине жете албай, курулай дал-бастады.

— Демек, түшүшкөн экен! — деп курсант боло кетти Далбаң. Анан, менменсине, сол колу менен бөйрөгүн тая-нып, он, колунун сөөмөйүн чычайтып, капканга түшкөн суурларды санай баштады. —Бир, эки уч… Бардыгы то-гуз суур! — Кийин кейий кетти.— Эмне үчүн бүгүн аз түш-тү? Ия?.. — Мени карады. — Сенин кара чычканың бар го, ыя?..

Негедир ыңгайсыздана кеттим.

— Me, эми момуну карма!—деп, мага мүшөктү кар-матып, өзү жоон союлду салмактай кармап, алдыга түш-тү.— Азыр суурларды кокуйлатабыз.

Суурларды жакындан көрүүгө ото куштар болуп жүр-чүмүн, ээрчий бастым.

Виз канчалык жакындаган сайын суурлар жанталашып, бизге түшүнүксүз өзүлөрүнүн тилинде ыз-пыз түштү.

Мына, капканга түшкөн четки суурга да жете келдик. Суур ары карай жанталашып, өңгөчүнөн кандайдыр бир коркунучтуу үн чыгып, көздөрү чакырайып, бизден Өтот. Далбаң жете берип, союлду башынаи өйдө көтөрдү да, керилип туруп чаап калды. Бултактап аткан суурга союл жаза тийди. Суур эти ооруганга чыдабай, чьщырып ийди. Далбаң союлду башынан дагы ойдо которо бергенде суур чочоё калып, коздорү чанагынан чыгып, эки алдьщкы колу менен башын калкалай калды. Союл бу жолу таамай тий­ди. Суур турган жерине тырп эте түштү. Башы былчырап кеткен болуу керек, денеси дирт-дирт этип атты.

Капканга түшкон башка суурлардын бардыгы азыркы-ны корүп турган болучу. Баарынын коздорү чакырайып Далбаңдан отот. Далбаң эч кебелбей экинчи суурду коздой басты. Бул суур ары карай тарткынчактап, капкандын чын-жыры аны токтоткондо, тура калып, эки колу менен башын калкалады. Далбаң чукулдай берди да, союлду башынан ойдо которүп туруп, шилтеп калды. Союл бу жолу да жа­за тийди, бирок суурдун бир колун талкалап кеткендей болду, ошо колу томен шалак эте түштү. Далбан, союлду дагы кетердү. Ошондо суур жалгыз колу менен башын кал-калап, кездерү чанагынан чыгып, качан гана тиги шилтей берерде бирдеңке деп чьщыргандай болду.

Экинчи шилтенген таяк аны оңдурбады, башын былчы-ратып кетти, бир кезү сыртына чыга түшкен экен.

Далбаң мени карап:

— Уктуңбу?! —деп сүйледү.

— Эмнени? . ‘ :.— Суурду?

— Жо…

— Ко-ку-уй дебедиби?

Далбан үчүнчү суурду кездей басты. Капкандагылар-дын баары аны чакырайып карап турган болучу. Эми суур­лардын дени олуп калгандай, турган-турган жерлеринде со-ройду.

Үчүнчү суур алдьщкы колунан түшкен экен, ал чочоюп тура калган да жок, башын да калкалай албады, союл таамай тийди.

Тертүнчү суур Далбаң езүн кездей басканда эле чочой-гон жеринде эки колу менен башын калкалады. Анан союл ейде кетерулгенде коздерү айланып: "Ку-й-ку-у-уйй!" — деп чьщырып жиберди. Ооба, ал кишиче суйлеп аткан! "Кокуйлап" аткан… Адамча башын калкалап аткан…

Жүрегүм акылдай баштады.

Бешинчиси борсолой экен, тырмалаңдап, тушкелди бул-таңдай берди. Таяк аны да оңдурган жок. Алтынчы чоң суур алдьщкы оң колунан түшкон экен, капканды салан-датып кетерген боюнча башын калкалады. Жетинчи суур "кокуйлады", сегизинчи суур башын калкалаган да жок, кезүн алайтып туруп берди. Тогузунчусу башын калкалап, бултандап, "кокуйлап", чарчай түшкон Далбаңдын таягы-нан ойт берип атып, кепте елдү…

Бүттү. Далбан эми чоң эрдик кылгандай таягын мын­дай таштап коюп, чекесинин терин сүртүп, бир ийиндин оозундагы тапталган бийик топуракка кочүк басып, чен-тегүнен махорка салган баштыгын алып чыгып, тош чен-төгүнде жүрген кезитин алып, четинен айрып, тамеки ороп, шилекейлеп бүктемүн бекитип, тамекини чычайта тиштеп, шымынын чентегунде жүрген ширеңкеси менен тутантып, ыракаттана соруп, уйлеп оозу-мурдунан ыш чыгарып, баштары бычырап жаткан суурларды кыдырата карап коюп, эс ала баштады.

Жүрегүм кабына батпай түрсүлдойт… Ар кай жерде канга боёлгон суурлар… "Кокуйлаган"… Баштарын калка­лаган… А алардын капкара колдору адамдын колдоруна ете окшош болучу…

—Кетем!—дедим.

Далбан мени таңгала карады:

— Эмне суур чапканым жакпай калдыбы? Унчуккан жокмун. Асылып турган мылтыгын ийнимен

алып, жерге койдум. А колумдагы мушек жанале суурлар "кокуйлай" баштаганда тушуп калыптыр. Бурулуп үйгө женедум.

— Өңүң эмне учун купкуу? — Апам мени кооптоно карады.

Кепке унчугалбадым—журегумдун акылдаганы басыл-бай койду. Кийин гана апама баарын айтып бердим.

— А, айланайын,— деди апам катуу кейип.— Ал бир заманда пайгамбардын некору болгон экен. Бирок, куноо кылып коюп, пайгамбар аны суурга айландырып ийген дешет… Ооба, суур омуруне чон коркунуч туулганда "ко-куйлайт"… Колу менен башын калкалары да чын…. Ал суурга айланып калса да акылдуу… Суурдун ийининин ичинде адамдардыкындай эле балдары жата турган, озу-леру жата турган, тамак-аш коё турган ар кандай бел-молору болот. Алдыларына салынган "тошончүлорү" эң жумшак, жылуу тыбыт чоптон болот… А тамак-аш бол-месүндо ирээт менен жыйылган аш болумдуу азыктар… Бир үй-бүло менен экинчи уй-було ынтымак кутот, досто-шот, кыз алып, кыз беришет… Суурдун жаңы туулган баласын чонделой дешет, ал бир жашка толгондо борсо-лой болот, эки жашында бой тартып суур болот. Жаш жубайлар озүлерүнче ийин казып алышат… Өмүр үчүн күрөш буларда ото күчтүү…

Түшкө маал бир мүшөк суур которуп, алка-шалка түшө тердеген Далбан келди. Апам аны "баланы ээрчите-сиң…" — деп аябай урушту.

— Өзү ээрчип алса эмне кылмак элем? — деп кутул-ду ал.

— Суурдун да убалы бар!

— Атсаң териси бузулат. А өкмөткө бүтүн керек… Ошо түнү катуу кыйналдым… Жүрөгүм түшүптүр…

Көзүмдү жумсам эле, башын калкалап, кокуйлаган суурлар…

Эртеси атам Далбаңды быяктан кууп жиберди. Ал бир мүшөк терини жонуна артып алып, башка жайлоого кетти…

Ошондон кийин да алиги коркунучтуу элес эсимен кетпей жүрдү. Аны ойлогондо журөгүм акылдап кетер эле. Мен суурлардан коркконумду, же Далбаңдан коркконум-ду, адегенде, ажыраталбай журдум. Кийин гана түшүнө баштадым, мен мерездиктен — Далбаңдай ташбоордон корккон экенмин…

Ушундан сон, менин кичинекей журегумдо бечара суур-ларды аёо сезими пайда болду…

Биздин конуштун чыгыш тарабында кайкы бар. Дал ошол кайкынын алдында эки үй-бүлөлүү суур турат. Алар’ таңкы үрөң-бараңда ийиндеринен чыгып, шашкеге чейин оттошот.

Эртели-кеч атамдын дүрбүсүн алып, байкай жүрүп,. бир кызык окуяга күбө болдум. Ошол ийиндерден чыккан бир чоңураак, бири кичирээк эки суур ар дайым алышып ойноор эле. Кээде ийиндерди айлана куушчу. Башка суур­лар оттоп журсо, бул экое кеп учурларын бири-бирин эр-мек кылуу менен откорор эле. Бирок, коркунуч туулган­да экоо эки башка ийинге кирип кетишчу. А коркунучту аларга чакылдаган чакчыгай билдире турган. Ошондон коп узабай алиги ийиндердин тушунда дагы бир жаңы ийин пайда болду… "Ким казды? Кайдан келген суур казды?"— деген ойдо жүрдүм. "Бул ийинден кандай суурлар чыгар экен?" — деп, эртели-кеч дүрбү менен аңдып да журдум. Кеп отпой эле купуя сыр айкын болду. Бешим чен эле. Жайыттан мал келе турган учур болуп калды. Алиги ийиндегилердин бардыгы сыртка чыгып, оттоп жүрүшкөп. Дүрбү менен бардыгын карап жатканмын. Аңгычале чак­чыгай чакылдап жиберди. Коркунуч! Баары ийиндерив коздой чуркашты. Баягы жаңы казылган ийинди карай алышып ойноп жүрчү эки суурдун чоңураагы жанталаш-ты. Ал жетип, ийиндин оозуна чочоюп тура калды. А бая­гы кичирээк суур төмөнүрөөк оттоп жургон экен, жогору чуркады, бирок ал да мурда кирип жүрчү ийнине эмес, жаңы ийинди коздей беттеди.

Туура жактагы кырдан бир чоочун ит көрүндү. Чак­чыгай ошондон сактандырган экен. Ошо тапта жаны ийин­ге кичирээк суур да жетти, токтолбостон кире качты.

"Апамдын айтканында калети жок го?!" Ошондон ки­йин суурларга деген жүрөгүмдүн табы ого бетер артып кетти.

А алиги чакчыгай ошол эле суурлардын ийнине тунейт экен. Суурларга аралашып журе берет. Бир ийинге кирип кетет да, башка ийинден чыгат. Суурлар ага тийбейт.

Бир ирээт кызгылт суурлар турган айдындуу беттегн ийиндердин биринен аңырды көрдүм. Ал менден чочуп„ учуп кетпестен, ийинге кире качты. Апама айтсам, ал: "Аңыр да бир кезде адам болгон… Пайгамбардын келини экен… Кунеесу билинип калып, пайгамбар аны аңырга ай­ландырып жиберген дешет… Ал суурларга аралашып жу-ро берет… Ошонун ийнине да тунойт… Кээде, балапанда-рын да басып чыгарат… Меймандос суурлар аңырга "ко­нок үйүн" бошотуп берет…"

Ишендим. Апамдын суур жөнүндөгү аңызга ишенген-дей и ш (miдим.

"Мүмкүн,— деп ойлодум.— Карачы, татынакайлыгын! Канаттарынын кызылы кызыл, агы ак! Бир кезде пайгам-бардын келини болсо болгон чыгаар!.." Аңырды аёо сези-ми да менде ошондон башталды…

Ошо күндөрү атам мени жакага чай-чемек алып ке-.лүүгө жиберди. Бардым. Дүкөндөн керектүү нерселерди алдым. Дарбыз да сатылып атыптыр, бирди сатып жедим. Ошондо оюма бир нерсе кылт этти. Мен тоого дарбыз ала кетмей болдум. Экини! Биреөнү үйгө, а бирөөнү… Суур-.ларга!

Куржунга баткыдай эки дарбыз сатып алдым. Аны ошол жердегилер бөктөрүнтүп беришти. А чай-чемектерди дүкөндөн башка бир баштык сатып алып, ошого салдым.

Жайлоого тун ортосунда жеттим. Атам: "Конуп алып, эртең келбейсиң!.." — деп наалыды. Канжыгадагы кур-жунду чечип алган атып "Ой, бул эмнеси?!" — деп чочуп кетти. "Дарбыз…" — дедим.

Дарбыздын бирөөнү атам ошол эле түнү сойду. Чы-гы тим эле кы-ыпкызыл! Таттуулугун айтпа!

— Тигини эртең жейли,—деди атам мурутун чыйратып. Унчукпадым. "Атайы суурларга алып келсем…" — деп

ичимен ага нааразы болдум, бирок айталбадым. Айтсам, эмне дейт деп кабатырландым. Балким, кагып коёбу…

Не бар, не жок… Үйдөгүлөр уктагандан кийин ордуман жылып дарбызды көтөрүп, сыртка чыктым да, төөнүн ко­му жаткан жерге алпарып, катып салдым…

Эртеси атам шашыла туруп, кырдын ары жагындагы чабандыкына кетти.

— Апа,— дедим биз чайга отурганда.— Тиги дарбызды суурларга алып келдим эле…

Апам ойлонуп калды.

— Суур да адам болгон эмеспи, апа… Болгондо да пайгамбардын нөкөрү… Адам болуп турган кезде ал да дарбыз жеген… Бирок, эми, карачы, канча мезгилден бе­ри дарбыз жей элек…

— Туура, ырас алып келипсиң! — Апам жылмайып койду.

— Азыр бул дарбызды оодо жактагы суурларга алып барып берейин. Мурдагы эки үй-бүло азыр куда болушту… Үчүнчү үй-бүло пайда болду… Биз куттуктаган да жокпуз…

— Туура аларды куттукташыбыз керек! — деп тол-кундана сүйлодү апам.— Кана, дарбызды алып кел!

Мен каткан жеримен дарбызды которүп келдим. Апам аны дастаркон четине коюп, бычакты алды:

— Азыр дарбызды тортко болобүз.

— Эмнеге?! — Чочуп кеттим.

— Тыякта азыр үч үй-бүлө болсо, быякта биз бир үй-бүлөбүз. Бардыгы торт үй-бүлө бар буерде. Ошондуктан, төрткө бөлөбүз.

— А-а.

Дарбыз төрткө бөлүндү. Биздин үй-бүлөгө тиешелүү бөлүктү апам ары алып, чыгдан ичине койду. Калган үч бөлүктү чарага салды да, колума карматты.

— Me, алпар! — Үнү мага ыраазы боло чыкты.— Ал­парып, дарбызды алар талашпагыдай кылып кесим-кесим кылып бер.— Бычакты да чарага салды.

Чараны көтврүп алып, кудуңдап, суурларга бет алдым.. Мен үйдон бери чыкканда эле чакчыгайдын үнү "чак-чук!" эте түштү. Сыртта үч эле суур жүрүптүр. Томурандап, ийиндерин коздой чуркашты. Бирок, кирип кетпей, учоо тең сороюп, мени карап калышты. Кейпи, алар менин ийинди коздой келатканыма ишенишкен жок корүнот, се-беби, келгени алар турган жерге бир да жолу басып кел­ген эмес элем. Кайда-а, мен чукулдап калганда гана суур­лар тоңкуп-тоңкуп ийиндерине кирип кетишти.

Адегенде жаш жубайлардын ийнине келдим. Бир болүк дарбызды алып, экиге болүп, ийиндин оозуна койдум: "Куттуктайбыз силерди жаш жубайлар!" Андан сон, экинчи үй-бүлеге бардым. Мында ата-энеси менен бир борсолой, бир чоңдолой турат. Экинчи болук дарбызды торткө бөлүп, аны да оз-оз орундарына жайгаштырдым. Аягында, үчүнчү үй-бүлого келдим. Мында ата-энеси ме­нен бир борсолой турат. Акыркы бөлүктү алып, үчкө бо­луп, аны тиешелүү жерлерге койдум. Ошондо гана өзүм-дүн адамдык парзымдан кутулгандай жеңилдене түштүм. Кубанганыман төмөнкү конушту коздой бирде оромпой тээп, бирде дердеңдеп чуркап келатам дейсиң! Бир ко-лумда чара, бир колумда бычак… Үйгө чукулдай берге-нимде чакылдаган чакчыгайдын үнү кулагыма шак эте түштү. Кылчайып карасам, бир суур мени ийнинен кыл-тыйып карап туруптур…

Коп отпей атам келди да, мени башка озондогу мал-чыныкын кездей жумшап жиберди. Аяктан күүгүмдө кайт-тым. Суурлар дарбызды жештиби, же жешкен жокпу, би­ле албадым… Эртеси чайдан кийин атайы ийиндерди кез­дей жөнөдүм. Мен үйден чыгып, кайкы жакты кездей бет алдым эле бир суур ышкырып сала берди. Мурда антиш­чү эмес. Түшүнө албадым. Мен жетер-жеткиче чакчыгай аркы чон, таштын үстүнө отуруп алып, чакылдап турду. Келсем, дарбыздан дайын жок. Ийиндердин тегерегин тинтип, кабыгын да таппадым. "Жешкен экен!" — куба-нычтан төгүлүп-ташып тур дум…

Ошондон кийин оодо жактагы суурлар үй жакта жур­гон мени корсо эле ышкырышып кала турган болду. От­топ жүргөн жерлеринен сороюп, мени узака-а тиктеп ка-лышат. Балким, "бизге дарбыз берген ушул!.." — деп ку-дундашабы, кандай?

Жаңы окуу жылына бир жума калганда жайлоодон түштүм. Кетээр алдымда апам мени бооруна кысып, бе-ти-башыман ооп, мойнуман жыттап туруп, колума чон комоч нан карматты:

— Айланайын, каралдым, пайгамдардын нөкөрлөрү менен коштошуп кел… Быйыл булардын жайыгы оңуттуу болду… Баары жакшы эт алышты… Эми койшыбак чай-нашат… Анан, коп отпой чээнге киришет.

Нанды алып, ийиндерге чыгып бардым. Ар бир үй-бү-лого тиешелуу ырыскыларын койдум.

— Кош болгула, нокорлор, мен шаарга кетип атам,— дедим, козго жагым ийиндерди кыдырата карап. Коз ал-дыма ушул ийиндердеги томураңдаган чөндөлөйлөрү, бор-солойлору тартыла калганда, каректериме жаш тегерене түштү. Шаарга кетким келбей да кетти. "Силерди боодо кырсыктан кудай сактасын!" — Үнүм титиреп чыкты. Акы-рында, баягы ташка отуруп алып чакылыктаган чакчы-гайга кайрылдым. — Чакчыгай, сен мындан ары жакшы сакчы бол! Жакындап келаткан душманды коз жазымдан калтырба! Ар дайым аяр бол! Кечикпей кабар бер!..

Мен ошол эле күнү кеттим. Эң биринчи болуп мени менен үч үй-бүлөлүү суур коштошту — ышкырып-аңкыш-тап калышты. Андан сон,, өзөндүн он капталындагы когуш суурлар, сол тарабындагы айдыңдуу беттердеги кызгылт суурлар биринен сала бири аңкыштап, коштошуп турду. Алардын мени менен коштошкон ундору озон бүткүчөктү угулуп турду. Адырда да очкон жок. Айылга да жетти. Мени менен кошо шаарга да келди. Эчен жылдарды артка калтырып, ушу кундорго чейин жетти!..

— Азыр, ошол алыста калган керемет жайлоо — ошон-догу аңызга, жомоко ишенчээк балгын балалыгым өңдүү кол жеткис нерсе! Калаадагы бир кабинетте отурсам да­гы, журогум ошол кызыл-тазыл гул жамынган жайлоодо калгандай… Ар дайым, кыялым жайлоо калдырканындай делбеңдеп, алыскы оскон жерди, тоону коздой умтулат да турат, бирок жетпейт… Менин тоо кушундай тоодо откон эң бактылуу кезим артта калган экен го?! Аттиң-ай.

Тоону эстесем — эчкимге кара санабаган эр кокурок атамды, жүрөгүмө тырмактайыман адамкерчиликтин, боо-рукерликтин, изгиликтин үрөөнүн сээп кеткен айланайын апамды эстейм… Табият менен жан-жаныбарларды кадыр туттуруп кеткен ушулар эмеспи?! Аларга, бүгүнкү куну, тизелеп туруп таазим этем…

Суурлар… Табияттын аялуу жандыктары… Тоону эс­тесем — силерди эстейм… Көрүшпөгөнүбүзгө да канча бол­ду?.. Кана, азыр кандай күндөсүңөр? Жашоо-тиричилиги-ңер кантип атат? Тынччылыкпы? Ылайым ошондой эле болсун? Кудай-таала силерди кырсыктан Далбандай ме-рездиктен сактасын… Ошондой болсо — баары жайында болот…

Ой-пикирлер