Кирүү

Осмонаалы Сыдык уулу

Осмоналы Сыдык уулу 1879-жылы туулган. Билим алуу жолуна эрте кадам таштаган. Агасы Жаркымбай чоң молдо болуп, мечит, медиресе салдырып, элинин билимдүү болуусун эңсеген. Абайылда тукумунда билимге умтулган адамдардын болгону атамдын тарых китебинде айтылып турат. Ошолордун ичинен тарых жазууга бел байлап чыккан менин атам болгон. Тарых жазуунун бир себеби бул: Бухарда окуп жүргөндө башка улуттун балдары: "Кыргыздын атасы жок, кыргыз кырк кыздан туулган, атаң болсо тарыхың болмок, тарыхы жок элдин атасы да болбойт" — деген шылдың сездөрдү айтып мазакташат. Ошол сөз жанына батып, кыргыздын тарыхын жазып, кыргыздын атасын таап чыгам деп бел байлап аттанып чыгат. Эрте кадам таштаган дегеним: Бухардан медиресени бүтүп, Ооганстанга барып окуп, тарых китептерди оодарып, кыргыздын түпкү атасы Огузхан экенин бир зор китептен таап чыгып, ошондон кыргызды тарата баштайт. Бул жактагы урууларды изилдеп бүтүп, Кытайдагы чоң багыш уруусуна 1901-жылы 22 жаш курагында барган экен. Атам араб тили менен фарс тилин абдан терең түшүнгөн.
1930-жылы "Осмоналы эл душманы" деп түрмөгө камайт. Ташкендин түрмөсүндөгүлөр акча чогултуп, анын качып чыгуусуна жардам беришкен. Ошондон кийин Кытайды көздөй бет алып жалгыз жөнөйт. Кашкарда эки жыл мечитке ыймам болуп турат. Ошол эки жылдын ичинде артынан эки жолу куугун барат. Кашкарда турсам дагы куугун келе берет ко деп ойлоп, Кулжа жакка кетмек болот. Кулжа менен Кашкардын аралыгы ат ме-
нен бир айлык жол. Жолу өтө татаал, ушул жолдон да башынан көп кыйынчылыкты өткөрөт. Ошентип, Текес бетине келип жетет аман-эсен. Көп-Терек деген кичинекей айыл бар. Ошол айылга бир жыл мугалим болуп туруп калат. Ушул айылдан Гүлбарага үйлөнөт. Жайкысын жайлоого барып мугалимдерди окутуп жүргөндө мугалимдерди окуп жаткан ар бир болуш мөөнөтү бүткөндө мугалимдерди окуткан акың деп майда жандыктан 20-30 дан айдап келип берчү дейт. Эртең жолго аттанабыз деген күнү тегеректеги кедей-кембагалдарга жана жетим-жесирлерге баарын бөлүп берип аттанып кетүүчү. Атаңдын болгон байлыгы — бир куржундун эки көзү толтура кйтеби болчу, дүнүйө жыйганды жаман көрчү, бирөөгө жаман айтчу эмес. Менден улуу бир тууган агам 1936-
жылы Күнөс деген жерде 26-июнда төрөлгөн. Мен 1939-жылы Мылкы деген жердин Саркобусунда 26-июнда төрөлгөн экемин. Менден кийинки бир эркек баласы атам каза болор алдында 1942-жылы төрөлүп, бир жашында чарчап калган. Атам 63 жашында безгек оорусунан 1942-жылы күз айында көз жумган. Сөөгү Текес жакта Чекирги деген жерде коюлган. Атамдын керези: Мен болсом тааныбаган эл, чоочун жерге кетип баратам, менин сага айтарым ушул, менден калган тукум окубай билимсиз болуп калбасын, окубаса, билими болбосо айбандан айырмасы болбой калат. Балам жаш, өзүң жалгыз бойсуң, бирок эл-журт бар эмеспи,–деп көз жумган экен.
Бүбүш Осмоналы кызы "Атамдын өмүр баяны" деген эскерүүсүнөн кыскартылып алынды.

Ой-пикирлер