Кирүү

Ормондун илеге түшкөнү

Ормондун илеге түшкөнү
Казакты бет алып, 1850—51-жылдарда кыштын күнү Ормон 600 түтүн менен Ысык-Көлдүн түн жагы кар басып бекип калган белди 80 тукур минилбеген ат менен буздуруп ашып, Иле багытына түшкөн. Казактар Ормонду абдан изат кылып, казак-кыргыздын феодалдарынын адети боюнча согушка, өрлүккө тогуздап бээ, жүздөгөн кой берип турган. Ормон казакка көчүп барыптыр деген кабары кыргызга текши угулуп, казак-кыргыздын арасындагы уурулук, жылкы тийиШ токтогондон бир жыл өткөн соң казактар Ормондун айтканына кулак салбастан пейили бузулуп, Ормонду чаап алуу аракетин кылган. Ормон амалы куруп, баягы опуза айласына киришкен. 50— 60 кишинин башына селде чалып жарак-жабдык байлап, кокондун аскериндей ак жана кызыл кийиндирип, ээр-токумун өзбекче токунтуп, далда жерге жашырып коюп, качан казактар келгенде "биз Кокон хандын аскерибиз, артыбыздан көп аскер келе жатат, биз аскер алды болуп келдик", — деп айткын деп үйрөткөн. Сүйлөшөлү деп бүткүл жакшы кишилерин чакырып кел дегенде, алар бүт келер замат баягы жашырып койгон кишилерге кабар кылган. Алар 50—60 киши жар ак-жабдыгы менен куржундарын салынып, Ормондун айтканындай болуп келип, чатырларын тигип жатып калган. Бир-эки селдече кишилери келип, Ормондун жигиттерине жолукканда, жигиттери Ормонго кирип, бул келген кишилер Кокон ханынын сарбоздору акен, бир-эки күндөн кийин артынан бектери менен дагы сарбоздор келет экен, сизге учурашып, ошолордун жайың айтууга бир-эки кишиси келип турат дегенде Ормон: Ий бул кокон догон кокондукту мен чакырган жок элем го, аларсыз дага мындагы казак-кыргыз толуп жатат, айтар сөзү болсо кийин айтар, — деп тизесин мыкчып-мыкчып койгондо казактар Ормондон уруксат кылсаңыз биз союштарыбызды камдап, бир-эки күндөн калбай келели деп, жүрүп кеткен. Казактар барып, ушул күнү үрккөн боюнча малын айдай Илине бойлоп төмөн кирип кеткен. Булардын үркүп кеткенин Ормон угуп, эли менен шашпастан Түргөн, Талгарды баса, Каш келең аша, Көк-Ойрокко түшкөн.

Ой-пикирлер