Кирүү

Орфография

ОрфографияАдабий тилдеги сөздөрдү туура жазуу үчүн иштелип чыккан эрежелердин системасы, гректин orthos (туура), grapho (жазуу) деген сөздөрүнөн алынган.
Ар кандай тилдин орфографиясы белгилүү бир принципке багынат жана ал принципта негиз кылып алат.
Орфографиянын төмөндөгүдөй принциптери бар.

ФОНЕТИКАЛЫК ПРИНЦИП

Сөздөр оозеки кепте кандай айтылса, кандай угулса, ошондой жазууну талап кылган принцип. Тактап айтканда, сөздөгү тыбыштар кулакка кандай угулса, ошондой жазууну талап кылган принцип. Буга кыргыз тилиндеги мүчөлөрдүн жазылышын мисал кылып көрсөтүүгө болот. Уңгудагы тыбыштарга ылайык мүчөлөр бир нече вариантта өзгөрөт. Мисалы, ата+лар=ата-лар, бала+лар=балдар, ат+лар=аттар, белет (билет), деректир (директор), китеби, ойно, суйлө, алтоо, агыш, көгуш.

МОРФОЛОГИЯЛЫК ПРИНЦИП

Сөздөрдүн ар кандай тыбыштык өзгөрүүлөргө учурап айтылышы эсепке алынбай, алардын уңгу түрүндөгү баштапкы фор-масын өзгөртпөй жазууну талап кылган принцип. Мисалы, туңку эмес, тунку; кашты эмес, качты; ушту эмес, учту; өкөө эмес, экөө; бугуңку эмес, бугүнку; меммин эмес, менмин; наңга эмес, нанга; тумма эмес, тунма.
адабият, маданий.

ФОНЕМАТИКАЛЫК ПРИНЦИП

Сөздөгү фонемалардын өзгөрүлүп айтылышына карабастан, бардык учурда бирдей жазуу принциби, башкача айтканда, сөзгө катышкан фонемаларды угулушундай жазбастан, фонемалык өзгөчөлүгүнө ылайык жазуу. Мисалы, ава эмес, аба (аба ырайы); таапер эмес, таап бер; сөссүз эмес, сөзсүз; наңга эмес, нанга; сугар, семир, ойно, укта, жумша, сүйлө, кызар, орно, балдар.

МОРФОЛОГИЯЛЫК-ФОНЕТИКАЛЫК ПРИНЦИП

Кыргыз орфографиясы өзүнчө фонетикалык же өзүнчө морфологиялык принципке багынбайт. Ал кошмо принципке, б.а. морфологиялык-фонетикалык принципке багынат. Демек, кыр-гыз тилиндеги сөздүн уңгусу морфологиялык, ага улануучу мү-чөлөр фонетикалык принципке негизделип жазылат. Мисалы, мектеп+те+ги+лер+дин, кызмат+ка, окуу+чу+лар+ды.

ДИФФЕРЕНЦИАЦИЯЛЫК ПРИНЦИП

Бул принцип кээде айырмалоочу же символикалык принцип деп да аталат. Буга энчилүү ат менен жалпы атты айырмалап жазуу кирет. Мисалы, бакыт - Бакыт, зарыл - Зарыл, ырыс - Ырыс, жума - Жума, жолдош - Жолдош, алтын - Алтын, күмүш - Күмүш, болот - Болот, жыргал - Жыргал, сонун -Сонун, кочкор - Кочкор, кул - Кул, эркин - Эркин.

ОРФОГРАФИЯНЫН ЭРЕЖЕЛЕРИ

Кыргыз орфографиясынын төмөндөгүдөй негизги эрежелери бар:

  • кээ бир тамгаларды жазуу эрежелери; баш тамгаларды жазуу эрежелери;
  • уңгу сөздөрдү жазуу эрежелери; татаал сөздордү жазуу эрежелери;
  • дефисти жазуу эрежелери;
  • мүчө айкашкан уңгу сөздөрдү жазуу эрежелери;
  • кээ бир үнсүз тыбыштардын сөз аягында өзгөрүү эрежелери;
  • уңгу менен мүчөнүн ортосунда кээ бир үнсүздөрдүн айтылышы жана жазылышы;
  • эки сөздүн ортосунда кээ бир тыбыштардын айтылышы жана жазылышы;
  • мүчөлөрдүн кыскарган түрлөрүнүн жазылышы;
  • созулма мүчөлөрдүн жазуу эрежелери;
  • мүчө айкашканда кээ бир уңгу сөздөрдүн бузулуш учурларынын жазылышы;
  • ташымал;
  • сөз варианттары жана аларды жазуу эрежелери.

ГРАММАТИКА

Сөздөрдүн өзгөрүшү, сөз жасоо жана сүйлөмдөгү сөздөрдүн айкалышы, түзүлүшү жөнүндөгү эрежелердин жыйындысы. Грамматика морфология жана синтаксис деген эки бөлүмдөн турат.
Грамматика гректин grammatike, gramma (тамга), морфология morphe (форма, түр), logos (окуу), синтаксис suntaxis (куруу, түзүү) деген сөздөрүнөн алынган.

Ой-пикирлер



2021-09-23
Одина
Орфогра́фиянин тарихийжана айырмалагыч принциптери Ушугада малымат бере кетиңиз Алдындан чон рахмат
2021-01-19
Рахатай
Эн соонун,маалымат!
2020-09-23
Наргиза
Эн сонун
2020-04-12
Азатбек
Aзаматсыздар ишининиздерге ийгилик сиздердин жазганыгыздар мага коп жардам берди рахмат.