Кирүү

Ооруканадан сырткары жардам

Ооруканадан сырткары жардам

Ооруканадан сырткары жардам – медициналык жардамдын кеңири таралган түрү. Аны поликлиника, амбулатория, диспансер, аялдар консультациясы, фельдшер- акушерлик пункт, медпункт, тез жана шашылып жардам берүүчү станциялар көрсөтөт. Кыргызстанда адистештерилген ооруканадан сырткары жардам акысыз берилет. Ооруканадан сырткары жардам берүүчү мекемелер ал жерге келген, жабыр тарткан оорулууларга үйдө, өндүрүштө, транспортто, коомдук жайларда, диспансердик көзөмөлдөгү дени соо кишилерге о.э. врачка, фельдшерге, акушерге кеңеш сурап кайрылгандарга жардам көрсөтөт. Кыргызстандагы ооруканадан сырткары жардамдын негизги максаты – ооруну, кырсыкка чалдыгууну алдын-алуу жана азайтуу, элдин ден соолугун сактоо жана чыңдоо. Бул үчүн эмгек жана турмуш шарты, эс алуусу изилденип, ага ылайык чаралар иштелип чыгат. Ооруканадан сырткары жардам көрсөтүүчү мекемелердин максаты- оорулууну жана кырсыкка чалдыкканды өз убагында ооруканага жаткыруу ошондой эле эмгекке жарамдуулукту тактоо. Кыргызстанда ооруканадан сырткары жардам берүү ири поликлиникаларды , ооруканаларды, шаардык балдар поликлиникасы жана айыл жеринде врачтык амбулаторияларды уюштуруу менен ишке ашат. Көпчүлүк поликлиникаларда аллергология, гематология жана башка кабинеттери уюштурулууда. Шаардык ири поликлиникаларда, ар түрдүү бөлүмдүү ооруканаларда консультация – диагностикалык борбор, эндоскопиялык бөлүмдөр, радиоизотоптук диагностика кабинеттери ж.б. уюштурулууда. Айылда ооруканадан сырткары жардамды жакшыртуу максатында врачтык амбулатория тармактары кеңейүүдө.

Ой-пикирлер