Кирүү

Омор Султанов. Жоокер

Февралдын көп-көк түнүндө
Көмкөрүлгөн аалам–асман астында
Автоматын колго алып
Жоокер турду постунда.
Актриса–жылдыздары чачылган
Асман турат театрдай көшөгөсү ачылган.

Жоокер ойлойт:
Иттер үргөн айылдын тынч түндөрүн...
Жүрөгүндөй жалгыз калган апасын.
Таңды ойготкоп короздордун үндөрүн
Сүйгөн кызды сүйбөй койгон катасын...

Далай таттуу санаалар
Өткүн болуп басылды.
Посто туруп көп-көк түндө
түштү оюна атасы.

Кайда атасы?
Жоокер уккан атасынын жоокер болуп кеткенин.
Эки курдай жараланып... айыгып
жоону сүрүп Прагадан өткөнүн.

Андан бери каркыралар көп учту.
Андан бери келип-кетти турналар.
Бирок жоокер көрбөй келет
атасынын бир кайрылып учканын.
Сагынычтуу үнүн тыңшап
жазда келгин куштардын.
Эне кургур медер кылат
Жалгыз туяк-аппагын.
Посто жоокер медер тутат
Атасынын катылуу эски каттарын.

Жоокер... Жоокер...
Наристеден сагынычты көп көрдү.
Балалыгын сагынычта өткөрдү.
–Э-эй, көктөгү учкан каркыралар!
Атам келсин, айт–дечү.
Кыйкуулаган турналар, э-эй!
Атам кайда, айт–дечү.
Бирок алар айтпай кеткен балага...

Ата келбейт, издегенге табылбайт.
Жоголгон бир алтын кездик сабындай
Жатса керек түбөлүккө дат басып.
Аны билсе билээр эле жылдыздар
Бирок алар алган өңдүү антташып
Сыр чыгарбайт өздөрүнөн башкага...
Постто турат
Сагынычы арманга өткөн жаш бала.

Ой-пикирлер