Кирүү

Нысапсызга кашык салса, беш ууртайт

"Нысапсызга кашык салса, беш ууртайт". Нысапсыз - суга-лак, топуксуз адам. Илгери табак-аяк тартыш чакта жарма кылса, (сут жарма, буудай жарма, кара жарма, сорпо жарма, таруу жарма, конок жарма ж.б.) кесме кылса, бир табакка (жыгач табакка) куюп, беш-алтоону бир каратып, ар бирине бирден жыгач кашык берип кою-учу. Кээде бир тобу бир кашык менен да ичишкен.

Табактагы даам баарынын тең ырыскысы. Ирээттүү ичиши ке­рек. Макалдын чоо-жайы сугалактар, топуксуздар, тойбостор туура­луу баратат.

Ой-пикирлер