Кирүү

Нутрия

Нутрия-чоң жарым-жартылай сууда жашоочу түштүк Америкалык кемирүүчү айбан. Аларды клеткаларда багууга да болот. 1954-жылы Токмоктогу коруктун сазына 6 нутрия кое берилген. Бул убакыттын ичинде нутриялар бир топ көбөйүштү. Кийинчерээк, 1962-жылы дагы 50 нутрия кое берилген.Азыркы кезде нутриялардын саны 200 гө жетип калды. Бул саздарда нутриялар ондатрлар сыяктуу эле сууда-саздарда өсүүчү өсүмдүктөр менен азыктанышат. Өздөрүнө ийин казышпайт. Камыштардын арасына салган уяларына 5-6дан туушат. Нутриялар жыл бою көбөйө берет. Токмоктогу корукта нутриялар жарым-жартылай эркин шартта жашашат (жайкысын эркин, күз, кыш мезгилдеринде алынып, клеткаларда багылат). Кыргызстанда бул айбандарды эркин багуу мүмкүнчүлүгү аз.

Айбандарды климатташтыруу боюнча иштер кийинки жылдардын ичинде коруктарда жүргүзүлүп жатат. Мисалы, айбандарды климатташтыруу боюнча Кыргызстандын түштүгүндөгү Сары-Челек мамлекеттик коругу чоң иш жүргүзүп жатат. Бул жерде кийинки эле эки жылдын ичинде айбанат дүйнөсүн байытуу үчүн; чаар ала бугу, токой суусары, америкалык ач күсөн, зубр, элик жана кыргоол сыяктуу баалуу жаныбарлар бар.

Кыргызстанда айбанаттын баалуу түрлөрүн климатташтыруу жолу боюнча кайрадан куруу иши негизинен ийгиликтүү жүргүзүлүп жатат. Жакын арадагы жылдардын ичинде фауналардын климатташтырылган түрлөрү республикага баалуу терилерди даярдоодо алдыңкы орундарды ээлейт. Баалуу терилерди даярдоону өнүктүрүү, аңчылык ишти байытуу үчүн Кыргызстанда бардык баалуу айбандарды жана канаттууларды коргоого зор күч жумшоо зарыл.

Ой-пикирлер