Кирүү

Нооруздун дагы бир бөтөнчөлүгү

Нооруздун дагы бир бөтөнчөлүгү. Адатта, бул мусулман май-рамы күн-түн теңелген чакты күтөт. Бирок, муну бир кундо эле жасап, "болду" деп коюуга болбойт. Ал да аймактык өзгөчөлүктөрүнө шартташат. Кыргыздардын көпчүлүгү тоолук ай-мактарды мекендешкен. Күн-түн теңелген чакта ак кар, кек муз жаткан учуру да болот. Мындай аймакта бул кундо Кежо кылып, бири-бирин сыйлашат. Ал "Чоң коже" деп аталган. Үйдү арча ме­нен аластап желдетип, үй ичин күбүп, жыйнап-тирдеп алышкан. Ал тапта жакада Нооруз гүлү чыгат. Дыйканчылык башталат. Бу-удайдын көгү чыгат. Сүмөлөк жасоого мүмкүнчүлүк алат. Бул даамды элге ооз тийгизүү аркылуу майрамдык жышаана ез макса-тына жетет. Улуттук таң-тамашаларды өткөрүүдө тоодо-ойдо жа-шаган элдин Ноорузу эки жумага дейре созулат. Бул бири-бири­нин абалын сурашууга, дасторкон жайышууга, тоодо жаз толук келип, үрөөн себишүүгө үлгүрүүгө себеп болот.

Ой-пикирлер