Кирүү

Насаат сөз. Токтогул Сатылганов

Акынды мактаганың —
Элди жактаганың.
Эр эмессиң
Өз жаныңды сактаганың.
Жолдошуң чырда турса,
Куланар кырда турса,
Абийир эмес, калп айтып актаганың.
Адамдын жаны баары бирдей
Бирде таза, бирде кирдей.
Жаман-жакшы жүрөсүң
Өмүрүңдүн өткөнүн билбей.

Ой-пикирлер