Кирүү

Мындан артык не керек?

Төрдө чатырап, алагүү тартып олтурган топтун үстүнө жупуну кийинген, көзгө комсоо көрүнгөн, сары чийкил абышка салам айтып кирип барат. Баласы курдуу жигит-тер жогорулап, сакалдуулар иреге тарапта экен. Мамбеталыга чай куюлбай калат. Не дегенде мурунку мейман-дар чай ичип бүтүп, ичимдикке өтүшүптүр. Анын үстүнө кайнаган чай түгөиүп калган сыяктуу. Үй ээси шашкалак-тап, Мамбеталыга коньяк сунат:
— Кечигип келдин, абышка, алып жибер.
Азыркы айрым сөзгө онок жаштар "аксакал, ата, аба, аке-үкөнү" коюп, "абышкага" оозу эп дей түшөт эмеспи.
Мамбеталы нандан ооз тийип, үн катпай олтуруп алат. Анда төрдө олтурган күлчүгүй жаш жигит демите дабыш салат:
— Эми сага мындай коньяктан артык не керек? Ичпей-сиңби, абышка.
Мамбеталы күлүмсүрөп, обдула берет:
— Балам, уулум менен жашташ экенсиц, ошол себеп-тен балам дейин. Үй ээси айткан абышканын бири бол-сом, мансабьща карап, "а.ксакал" демекмин, сакалдуулар-ды жаш келинче босогого камап коюп, төрүмдө алчактат-макмын. Бирок мен балам дейин, дале "упчу эмген" бала бойдон окшойсуң. Уруксат болсо, унута элегимде эсиңе салып коёюн.
Эл дуулдап:
— Айтыңыз, Маке, айтыңыз,— деп туш-туштан жаалап жиберишет.
— Айтсам ушул, балам. "Мындан артык не керек?" — дедиң. Карган мендей чалга көр оокаттын, кеп тамактын тыйынча баркы жок. Тер силерге буюрсун. Мага жүрөгү таза, калк тагдырына кабыргасы кайышкан, сөз билги адамдар керек. Мени чакырган адамдын ак дасторконуна ушул тилекти билдирейин деп келгем. Парзымдан кутул-дум, жакшы олтуруп, жайынча мейман болгула,— деп чы-гып кеткен экен.

Ой-пикирлер