Кирүү

Мухаммед Xайдар

Мухаммед Xайдар, Мырза Мухаммед Хайдар (1499–1551) – тарыхчы. Моголстан менен Чыгыш Түркстанда-гы мамлекет ишмер. Ташкенде туулган; моголдордун дуулат уруусунан чыккан. Анын атасы Мухаммед Хусейн Көрөгөн (Гураган) могол ханы Султан Махмудга (1487–1508) баш ийген Ортотөбө аймагын башкарган. Мухаммед Xайдар 1509-жылдан Кабул ш-нда Султан Бабурдун сарайында турган. Үч жылдан ки-йин кайра Анжиянга могол ханы Султан Саидге (1514–1533) келип, ал өлгөнгө чейин кызмат кылган. Хандын мурасчысы Абд ар-Рашиддин тарбиячысы болгон жана Бадакшан, Кафирстан, Тибетке жасалган жор-туулдарга катышкан. Абд ар-Рашид (1533–1570) тактыга отургандан кийин дуулат уругуна кысым көрсөтө баштагандыктан, Мухаммед Xайдар Бадакшанга, андан Лахорго өтүп, Бабурдун уулу Камран мырзага келип кызмат кылган. 1539–40-жылы Агра шаарына келип, Хумаюнга (1530–1556) кызматка орношкон; анын жардамы менен 1541-жылы Кашмирди басып алып, Бабурлардын (Улуу Моголдордун) атынан бул аймакты бийлеп турган. 1551-жылы Каш-мирде тоолук уруулар менен болгон урушта өлгөн. 1541–47-жылы фарсы тилинде "Тарих-и Рашиди" эмгегин жазган. Бул эмгек эки бө-лүмдөн ("дептерден") турат, биринчи "дептерде" Моголстан менен Кашкардын 1538-жылга чейинки саясий тарыхы, экинчи "дептерде" автордун эскерүүлөрү камтылган. Кыргыздарды Мухаммед Xайдар "Моголстан токойлорунун арстандары" деп атап, Моголстандагы саясий күрөшкө кыргыздардын катышкандыгы жана алардын жетишкен ийгиликтери жөнүндө баяндап кеткен

Ой-пикирлер