Кирүү

Мукамбет пайгамбардын 12 зайыбы. Жубайра

ЖУБАЙРА Жаны дин жылдан жылга элге жайылып, тамырлап баратты. Мекеде калган бутбарас курайштар мусулмандарды жеңе албасына көздөрү жетип, жан жактагы башка урууларды, көчмөндөрдү эптеп өздөрүнүн жагына тартып, мусулмачылыкты муунтууга далбасташты. Арам ойлору ордунан чыкпады. Алланын элчиси куралдууу жоокерлерди көбөйтүп жортуулдарга аттандыра баштады. 626-жылдын аягыида Мукамбет кыйла кол менен Кызыл дениздин жээгип көздөй, маалыматтарга Караганда, Мединага каршы күрөшүүчүлөргө кошулганы жаткам мусталик уругуна каршы аттанды.

Мусулмандар, калыбы, капыстан кол салышкан белем, көчмөндөр каршылык көрсөтүүгө жарабай, ургачыларды, бала- чаканы, мал-мүлктөрүн олжого калтырышып, качышты. Ургачылар өз ара бөлүштүрүлдү, алардын арасында мусталиктердин мтө беделдүү шайыгынын (ша-йык — арабдарда илгери карыя, башчы мааниенн билдирген, азыркы мааниге кийин откон) кызы Барра бар эле. Аны ага-инилүү ансарлар (исламды жактаган мединалыктар) колго түшүрүшкөн. Кыздын жакындары тез аранын ичинде анын кунун телөп берүүгө кат жүзүндө милдеттенгенине карабастан, бир туугандар олжо күңдү колдорунан чыгаргылары келбеди, шарият боюнча кунду алып бошотууга милдеттүү болушса да, ага көнбөдү. Барра ага-инилүү ансарлардын үстүнөн даттанып, пайгамбарга келди. Ал кайсы эркекти болбосун эстен тандыргыдай сулуу эле, ушул жортуулга пайгамбарды коштоп келген Айшанын айтымында, Барра алардын чатырынын босогосун аттар замат Айшаны күнүлүк сезим бийлептир. Айшанын кооптонуусу тегин болбой чыкты.

Мукамбет олжо зайыпты дароо сатып алып, ага үйлөнөрүн билдирди. Пайгамбардын cyнyшун Барра ыргылжыңданбастан кабылдады. Арадан бир нече күн өткөндө аны пайгамбар алып, Жубайра деген жаы ысым берди. Бир да бир ургаачы өз уруусу үчүн чечкиндүү Жубайрачалык эмгек сиңирбеген дешчү арабдар. Анткени, пайгамбар Баррага нике кыйдырганын уккан мусулмандар олжого түшкөн жүздөгөн үй-бүлөлөргө, кун албастан эле, эркиндик беруүнү эп корүшкөн. Жубайранын сулуулугу суктандырра да, жаны нике Мукамбет үчүн биринчи кезекте саясий ыңгайлуу келишим болгон. Мусталик тукумунун башчысы эми анын кайнатасына айланды. Урушта уттурган, бирок женилбеген уруунун кастыгы калып, куда-сөөктүк аркылуу ырк табышууга тийиш эле. Мукабеттин үмүтү акталып, ою орундалды. Мусулмандар Жер Ортолук денизинин жээгин көздөй кеткен эн негизги кербен жолдорунун бирин көзөмөлөдөгөн мусталик тукуму менен аскердик одок түзүшүп, ары олжого марышып, Мединага кайтышты.

Ой-пикирлер