Кирүү

Мукамбет пайгамбардын 12 зайыбы. Ырайкан. Зейнеп

Ырайкан. Зейнеп

Мына ушундан кийин кандай кылмыш болгону менен Мединаны камап, ойлору орундалбай акыры кур жалак кетүүгө аргасыз болушту. Курайштарга жардам берүүгө убадалашышкан курайз уругуна мусулмандар ошондон кийин кол салышып, олжого батышты. Мукамбетке олжонун бештен бири тийди. Олжо күндөрдүн арасынан ал Ырайканды тандады. Анын курайздарга шайыктык кылган күйөөсүнүн башы жаны эле кесилген. Ырайкан исламды жектеп, пайгамбарга тийүүдөн баш тартты. Андыктан, аны ак никелүу жубайларына аралаштырбай көңүлдешү катары окчун кармады. Эки жыл өткөнде Ырайкандын диний кажары мокоп, исламга кирди. Буга Мукамбеттин төбөсү көккө жетти. Бирок жесир баары бир пайгамбарга тийбеди.

Болжолдо, мурда баяндалган кандуу кагылыштан кийин бир ай өткөндө Мукамбет тондуу уулу Зайддикине барып, анын жубайы Зейнеп сулуу женил-желпи кийимчен жүргенүнүн үстүнон чыкпаспы! — О, жараткан! — деп жиберди келиндин сулуулугуна сугу тушкөн пайгамбар эрксизден. Ошентти да, дароо артына кайтты. Бирок муну Зейнеп сезбей кой-боду, Зайд келгеиде, текпей-чачпай кабарлады. Отуз сегиз жаштагы Зейнеп сулуу, акылдуу эле. Мукамбеттин карындашы, курайш уруусунун кызы болгондуктан, тектуү жерден чыккандыгына сыймыктанып, мурдагы кул жана бөлөк журттан келген, тексиз жерден экенднги кебетесинен даана көрүнгөн, кортогой, өңү кара, мурду жапжалпак, Борбордук жана Түндүк Арабстандын иреңдүү "ак сөөктөрүнө" окшобогон Зайдды те- нине алчу эмес. Бакма уулун жакшы көргөн элчинин кыстоосунан улам гана Зайдга тийгенин Зейнеп өзүн кемсинтүү катары эсептеп, турмушу ыр менен чырдын үстундө өтүп келаткан. Зайд дароо пайгамбарга барып, Мукамбеттин Зейнепке үйлөнүшүнө жол ачуу үчүн аялы менен ажырашарын билдирди. Пайгамбар ажырашууга катуу тыюу салган дешет. Бирок Зайд Мукамбетти жанындай жакшы көрүүчү, ошондуктан, анын тилин албай Зейнептен ажырашты. Мукамбет Зейнепке үйлөндү.

Пайгамбар жана бакма атасы үчүн Зайд өзүн курмандыкка чалдыбы? Ай, ким билет! Ал сүйүү эмес, иштин жүйөөсунө карап үйлөнүп, ажырашкаи саясатчы жана таланттуу кол башчы, кажарлуу, эстуү, чечкиндүу киши болгон. Сулуулугу Зейнепке жетпесе да, ызааттуу, элпек, негизгиси этегинен жалгаган зайыптары өзүндө калды. Зейнептин согончогу канабаган. ; Өзгөрүшкө Мукамбет да, Зейнеп да, Зайд да ыраазы болушту. Айша гана нааразыланды. Анын байбичелик баркы басандай тушту, Зейнеп экоонүн ортосунда күндоштук жана купуя кастык башталды. Бул никеге мусулмандар да катуу нааразылык билдиришет.

Бакма уулунун кое берген аялына үйлөнүүгө шарият, Алланын өзү жол берерин Мукамбет жаны, аяттар менен эле аран түшүндүрөт. Журттун көнүлүн жайкамакка чоң той өткөрөт. Бирок тойдо көп кшиилердин адепсиздиги, пайгамбарга тен ата болуп бараткандыгы, анын жубайларына тийишкендиги ачык байкалат. Ошондуктан, Абакир, Омор жана башкалардын сунушу, талибы боюнча ургачылар паранжы жамынып жүрүшү шариятка киргизилет.

Ой-пикирлер