Кирүү

Мукай элебаевдин "узак жол" повестинен байболоттун каты

Мукай элебаевдин "узак жол" повестинен

Байболоттун каты

Ушундан он чакты күн өткөндө мага бирөө кат окутту. Кат Байболоттон экен. Сөздү бирден эжелеп, көзүмдү үйрөнтүп барып аны окубасам, кандай болсо да жалган жерден шар кете албаймын. Менин багыма мына бул катты молдолордукундай табышмак эмес, колу менен жаман болсо да даана жазылган кат экен. Эң мурун ичимден бир сыйра күбүрөп окуп чыктым кат мындай:
"Мен түрмөдө жатам. Азыр арманымды угаар эч ким жок. Кыргызды бул жерде жан ордуна да санабайт. Погону жаркылдаган полициялар бизди кеңсалардын ченине жолотпойт, улуктарга жибербейт. Кыргыздын жакшылары болсо бий, болуш талашуудан, бирөөнү жакыны кылып жанына алып, бирөөнү кырына алып, кырсыгын тийгизип, пара жеп, кулкунун майлоодон бошобойт. Журтту канкакшатып, ыйлатып, пара жеген киши бизде — эң мыкты адам болот деп үмүт эткендер ушулар. Анте албагандар — жарамсыз, колунан эч нерсе келбейт!.. Мына, мыктылар! — Жер, суу болсо жылдан жылга колдон кетип отуруп бүтүп барат. Алардын оюна бул кирип да чыкпайт. Ачарыктын абалына кароо, арызмуңуна кулак салуу, жердин камын ойлоо, элдин тагдырына карашуу дегендерди булар ойлоп да койбойт. Алардын бар максаты: жаат курап, жайлоо талашуу, даражага жетүү,

элге чыгым салып, зоболосун тийгизүү, кедейдин 20 коюн ашырып, 100 кылып, байдын миң коюн кемитип, 200 кылып каттатып, арадан жем түшүрүү, өчөшкөнүн жасоолдорго полицияларга сабатып, ыза көрсөтүү, жүрөгүн алуу, алсыздарды ыйлатуу, улуктарга, сотторго жагынуу, парага семирүү, өз кулкундарын тойгузуу, алардын бар ою ушул. Эми кызыл кулактарды, соодагерлерди ал. Кедейлерди бир жагынан жокчулукка учуратып, түгөтүп бараткандар ушулар эмеспи? Жайында бир сом берсе, күзүндө бир кой кылып алат. Бир маасылык тери берсе, бир уй алат. Пара деген кыргыздын сөөгүнө жетип сиңген. Парасыз кылдай иш бүтүрө албайсың. Судьяга бир арыз айтыш үчүн томояктар жалгыз уюн сатат. Жакында Сатаркул үйбүлөсү менен чубап, арыз берем деп Караколго келиптир. Көрүнүп турат, эч кимден кайыр жок...

Ой-пикирлер



2021-09-26
Айсезим
Илгертен эле ушундай экен да, көрсө