Кирүү

Монолдордун жыйылып эл болгону. Кошумча материал

Монолдор уруусу Наалы эжеден, кыздын тукумунан тараган эл болгондуктан оз алдынча эл болушкан эмес. Ар кимде оокат кылган. негизинен аскер болушуп, оокат кылышкан. Биздин уруубуз монолдор. Менин бабам Турдаалы Жакыпбек менен жакын дос болуп, чогуу жургон адамдардан болушкан экен. Ал заман жоокерчилик заман болгондуктан алар, жылкы чаап, аскер болуп жашашкан экен. Жакыпбек бир сарбагыштын болушун (атын унутуп калдым, чон атам Ч тамгасынан баштап атты айтчу эле.) 40 төөдөн турган кербенин Кашкарга алып барып, соодасын кылып келууго тапшырма алат. Заман ал мезгилде оор болгон. Жолдон тоноп, карактап кетуу коркунучу чон болгон. Ал манаптын буга дейре Кашкарга барган соодалары каракчыларга кабылып эч кандай пайда корбогон экен. Жакыпбек өз адамдары менен Кашкарга барып, бардык товарларын откоруп, кайра төөлөрү жок кайтып келет. Болуш аны кабыл алып, сураганда, ал төөлөрдү да сойдуруп сатканын айтып, ар бир төөнүн жонунанан алган бирден тилим кайыштарды жана көп алтын тенгелерди берет. Болуш анын чон ыраазы болуп, алтын акчадан берсе аны Жакыпбек кабыл албай "мен сизден каршы болбосонуз башка нерсе сурайын дедим эле", - дейт. Болуш "мейли, сен айткандай болсун" деп маакул болот. Ошондо Жакыпбек "мен ушундай Монолдор уруусунан болом. биздин эл ар жакта тарап, ар кимде кызмат кылып журот. чогултуп эл кылып алайын" - деп суранат. Болуш - "Кап, эми болбой калды. алгач айткан созумду кайра албайм. мейли сен айткандай болсун" - деп уруксат берген экен. Чыныда Болуш Жакыбек жеке керт башына байланышкан нерсе сурайт деп ойлогон экен. Жакыпбек монолдор уруусунун 40 уй булону (менин ата-бабам да алар менен бирге) чогултуп. Нарынга кочуп келет. Алар баса, жашаганга жер деп Нарындан Аралды бериниз деп сурап алышкан экен. Арал деп бир жагынан Нарын суусу Бир жагынан Ат-Башы суусу аккан жерди айтышчу экен. Азыр деле Монолдор уруусу Кыргызстандын ар бурчунда бар. А Жакыпбек чогулткан эл Ат-Башыда, Нарындын Жан-Булак айылдарында жашашат. Кийин аларга Жакыпбек, андан сон Жакыпбектин уулу Боогачы болуш болгон. Буга дейре Ат-Башыда черик уруусу жашаган экен. Жакыпбек уулдуу болгондо чериктин бир байы анын уйуно кокустан келип калып, балага ат коюп, конок болуп, уча алып, сый болуп кетет. оз айллына барып, бул жонундо айтса башка аксакалдары "Кап, чериктин ырыскын бир учага сатып кетипсин" деп нааразы болуп, Монолдор уруусу менен чон чырлаша кете жаздап токтошкон дейт. Монолодорлор Чуй өрөөнүнөн келгендиктен, Нарында алгачкылардан болуп, жер иштетип, уй куруп олтурукташа башташкан. Азыркы Нарын шаарынын ордуна базар курушкан. Боогачы медресе салдырып балдарды окуткан экен. Азыр Ак-Муз айылындагы мектеп ошондуктан Боогачынын атын алып журот. Менин бабамдын төөнүн мойнуна таккан жез конгуроосу (Боогачы мектеп ачканда белекке берген экен) азыр деле балдарга конгуроо болуп кагылып келет. Боогачы кийин Совет бийлиги орногондо коп байлар менен бирдикте кулакка тартылып, Сибирге айдалып кеткен. кийин Сибирден акталып келип, бирок Нарындан нары отпойсун деп коюшуп, соогу туулган жери Ак-Муз айылына коюлбай калган. Боогачы акын катары да белгилуу. 1916 жылы уркун болуп, эл кытайга качканда да элин качпагыла деп, кийин совет бийлиги орноп, басмачылык куч алганда да, ага элин катыштырбай чон кыргындардан алып калган дейт. Кыргыз элинин, монолдор уруусунун калыптанышы, онугушундо Жакыпбектин, Боогачынын ролдору чон деп эсептейм. Менин бул маалыматтарым көңүл жаздымында калып калбайт деп ишенем. анткени бир мактоо соз үчүн бир айылга болуштукту берип койгон, элди эркиндикке чыгарып жиберген деген окуя чындыкка сыйышпайт. Эгер андай соз болгон болсо да бул Жакыпбек озу болуш болгондон кийин болсо керек. же ал жыйында Жакыпбекке соз берип, угат беле.

Ой-пикирлер