Кирүү

Мидин Алыбаев. "Ак чүч!..."

I

Рас,
Аялдар
Биздин коомдо чоң күч.
Бирок,
Арасында (анда-санда) бар:
Аккол
"Акчүч".
Аккол дейбиз,
Ал анткени–
Колу тийбейт
Оор же кара жумушка.
Эзелтеден эби келбейт
Кечирээк жатып, эрте турушка.
Чоочунча коомай карашат
Коомдук жана үй турмушка.
Эри "эрксизден" эч нерсе айта албайт.
Тарелканы
Асманга ыргытып урушса.
"Акчүч" дейбиз,
Ал анткени–
Бир демеге
Ачуусу келсе эле,
Жата кетет үшкүрүп.
Күйөөсү "акчүч, жаным!" деп турат,
Кокус калса чүчкүрүп.
"Байкуш" эри,
Көптөн бери
Сырын алдырган–
"Музоосунда сүздүрүп"...

II

Жолдош окуучулар!
Сиздер ойлобогула:
–"Булар,
Күнгө күйбөс,
Суук тийбес,
Жерде багылган".
Алган
Жардан сыймык көрүү–
Ал аялдын "багынан"
Ошондуктан,
Аккол жеңе–
"Багы" менен кабылган.
Аны
Жары
Артык көрөт жанынан.
Айланып
Көзүнүн агынан,
Сылап турат далыдан.
Мына ушундай
Эркелетет абыдан

III.

Ошенткен сайын,
Күчөп дайым,
Ал жөн эле ак маралдай керилет.
Өз төшөнчүсүн
Өзү жыюудан эринет.
Басса бир жакка,
Же бир чака–
Суу алып келсе,
Долондун белин ашкандай
Демигет.
Күндө жеген тамак,
"Күнөөкөр" немедей болуп,
Араң жагат.
Кээде этти танат,
Кээде нанды танат,
Кээде котлет,
Кээде салат–
Каймагы жок болуп калса,
"Каран түндү" ошондо
Салат...

IV.

Эрмеги күзгү–
Улам карап
Деги,
Өзүнө-өзү
Качан канат?
Биринин жеңи,
Биринин иреңи–
Туура келбейт–
Же жибек
Же баркыт халат.
Дагы күзгүгө барат.
Анан кантип балдарына көз салат?
Аларды "прислуга" багат.
Эң кичүүсүн,
Эки күндө–
Бир колуна алат.
Кайсы бир баласынын,
Канча жашка келгенин–
Унутуп да калат.

V.

Бийик така,
Жапыс така,
Венский така,
Жыйырмадай жыйылып жатат–
"Босоножка",
"Танкетка",
Кайырма жака,
Ачык жака,
Туюк жака,
Мүчөсү.
Же өзү
Жарашпай калса,
Анда портной ката!
Күзгүгө да капа,
Өзүнө да капа.
Көзүнө жаман көрүнөт"
Эки эле жума
Мурда алган шляпа...

VI.

Өкмөт бергенби,
Же төркүнүнөн келгенби,
Айтоор "Победа" минет.
Жаңы пальтого топчу издеп,
Базарга машина менен кирет.
Майда жумушка:
Кээде, бир кило тузга
Минет,
Уят экенин,
Уят эмес экенин кайдан билет?
Күйөөсү
Калгысы келбейт–
Анын "каарына",
Макул болот баарына.
Антпесе,
Адаты бар таарынма–
Өзү минет,
Өзү билет,
Дароо кетет–
Кыштын күнү:
–Дарбыз сатылып жатат–десе–
Нарында!..

XII

Өмүрүндө
Оорубаса да ырымга.
Бир ай,
Эки ай
Курортко барат жылында.
Же Кавказга,
Же Крымга,
Чынында,
Чыдай албайт да
Жайкы чаңга,
Чымынга.
Экиленет,
"Оору" деп
Жүрөгүм,
Кабыргасын,
Бөйрөгүн.
Путевканы алат,
Чемоданга салат–
Курортко кийүүчү
Он бештей көйнөгүн.
"Ак чүч!" жеңе менен–
Аккол жеңе–
Жолугаар замат эле
Сүйлөшкөнү соода
Же болбосо мода!
Бирөөнү ушактайт,
Биринин сөзүн-бири мактайт,
"Ушундай", "ооба..."
–Баланчанын аялы–
Алыптыр жибек килем.
–Ооба, кокуй,
Ошонун баркына жетип урунабы,
Анын
Сырын билем...
–Баланча кечээ кызматтан түшүптүр.
–Түкүнчө,
Түндө мас болуп теректи сүзүптүр.
–Баланча–
Болот дейт министир.
–Он алты министерство
Биригиптир.
–Меники орунбасарга илиниптир.
–Баланчанын,
Акча жегени билиниптир.
–Менин эрим,
Билбейм кайда иштээрин,
Ушуга жүрөгүм "зир зир".
–Деле кызмат берилер бир,
Капа болбой жүрчү, жерге кир.
"Ак чүч" жеңе,
Аккол жеңе
Билимдүүсүнүшөт эң эле.
Же иштебейт бир жерге
Араң билишет
Автордун атын
Китептин атын,
Канчалык окуганын,
Көрөсүң–
Байкап турсак акырын,
–"Евгений Онегинди" жазыптыр–
Чехов деген акын.
Пьеса жазуу жагынан,
Лермонтов–
Тургеновго жакын,
–Сизге кайсы жагат–деп
Сурасаң.
Дароо жооп берет:
–Эң жакшы экен,
Маяковский жазган роман!
Биз айтышыбыз керек
Түптүз эле бетине:
Күнө "селкиде"
Жана "беркиде"
Эрлери коомго жек көрүнөт
Жетелетип коюп.
Аккол, "ак чүчтөрдүн"
Эркине!...
Элдик лакап,
Айтылган так
"Айып–
Кемикте гана эмес,
Керкиде!"
Биз буларды сынга алсак,
Жүрөгү түшүп калмакпы?
Ансыз деле
Чыдап келдик
Кесе тиштеп бармакты.
–Мен киммин!–деп
Күзгүсүнөн сураса,
–Аай!!!–деп
(Айтар эле айнек)
–Сен, жатып ичер жанбакты
Жеке эле
Мени тиктебей
Карасаң боло
Элди
Жерди–
Жан-жакты
Төмөн түшүрбө,
Советтик аял деген ардакты!
Рас,
Аялдар–
Биздин коомдо чоң күч!
Бул чоң күчкө качан кошулат
Өзү
Куштун көлөкөсүнө тоңгон,
Элге күлкү болгон
Аккол, "ак чүч"!!!

Ой-пикирлер