Кирүү

Манастын топонимиясы

"Манастын" топонимиясы негизинен эки топко бөлүнөт: 1) эпостун өзүндө кезигүү-чү географиялык аттар, 2) эпостун башкы каармандарынын ысымдарына байланыштуу онимдер. Үчилтиктин топонимиясы толук топ-толуп, тийиштүү деңгээлде изилдене элек. Андагы жер-суу аттары, алардын түзүлүшү, лексика-семантикалык өзгөчөлүктөрү, этимо-логиясы, жаралган мезгили, топонимикалык системасы иреттелип, терең иликтөөгө муктаж. Жарыяланган варианттарга караганда эпос топонимдерге бай. Э. Абдылдаевдин бай-коосу б-ча ("манасчылардын фанта-зиясынан жаралган географиялык аттар арбын дегендей пикирлер айтылып жүрөт. Эпикалык чыгармада ансыз болбойт. Мындай ысымдар СОВдо жолугат. Бирок, алар эпостогу жалпы, көпчүлүк реалияга үндөш географиялык ат-тарга доо келтире албайт. Эпостун ба-шатынан бери көп замандар өттү. Нечен элдер жоголуп, аты өчтү, мезгил өзгөрдү. Мунун баары жергиликтүү топонимияга таа-сирин тийгизбей койгон жок. Көп ысымдар унутта калды, далайы тилдик өзгөрүүлөргө дуушар болду. Мезгил, замана канчалык таа-сирин тийгизсе да "М." т. жоголбой, бөк-сөрбөй, өзүнүн тарыхый миссиясын толугу м-н аткарууда. Эски ж-а жаңы топография-лык карталардан изилдөөчү алардын көбүн табат. Эпостун топонимиясында түрк тилде-ринен кирген энчилүү аттар да белги-лүү орунду ээлейт. Структурасы, лексика-грамматикалык өзгөчөлүктөрү жагынан эпика-лык топонимия азыркы топонимия система-сына окшош. Ал бир, эки, үч компоненттер-ден (мис, Арал, Ак-Өтөк, Чын-Мачын, Азирет-тин Кара-Тоо ж. б.) турат. Алардын негизин элдик географиялык терминдер түзөт. Эпостун көп сандаган нукура терминдери жаратылыш, чарбачылык, коомдук турмуштагы көрүнүш-төрдү таамай чагылдырат. "М". т., элдик географиялык терминологиясы унутта калып, кебелбей жаткан чоң улуттук кенч, ал эпостун
маанилүү, күчтүү жактарынын бири. Аларды ар тараптан изилдөө учурдагы милдет.
Манас ж-а эпостун башка каармандарынын атынан курулган антропоним-топонимияга кел-сек анын эпостун "өз" топонимиясынан ал-да канча аз экенин көрөбүз. Бул топтогу энчилүү аттар бүт дээрлик жеке Манастын ысымына байланыштуу сыяктуу. Топонимия-лык "Манаснана" 50 ысымдан ашат. Бирок, бул Евроазиянын чар тарабына тараган оним-дер баары тең эпостун каарманына байланыш-туу, анча-мынчасынын ага тиешеси жбк деген бүтүмгө келүү али эрте. Эгер жалаң Кыр-гызстандын аймагындагы географиялык но-менклатурага кирген, карталарга түшкөн, илгертен маалим топонимдерди алсак (алар 20дан ашык), алар жеке Манастын ысымына байланыштуу экенине шек келтирүүгө болбойт. Таластагы Манас-Ата тоосу, Манас-Чоку, Алай кыркаларына чектеш Кырк-Манас, Сары-Жаз чөлкөмүндөгү Манас-Таш, Соңкөлдөгү Манастын Таш-Тулгасы ж. б. Айрым топоним-дер мындай табигый, элдик, стихиялык ыкма м-н эмес жасалма, декреттөө жолу м-н пайда болгон (Мис, Манас району, Манас айлы, Манас аэропорту ж. б.).
Кыргызстандан тышкары Казакстандагы айрым топонимдер Манастын духуна карата жаралгандай сезилет. Бизди өзгөчө Дагстан-дагы "Манасиана" кызыктырбай койбойт. Ле-нин районунун аймагында дагстандык илим-поз Г. М. Оразаевдин маалыматы б-ча (1991) Манас атында 7 топоним (Манас, Манаскент, Манас-Өзөн, Манасмахи ж. б.) бар. Далилдүү даректерге караганда бул жерлерди илгери ногойлор ээлеп турган (Оразаев, 1989). Мын-дан топонимдердин ногойлордун тарыхына, кандайдыр бир өлчөмдө Манаска да байланыш-туу болушу мүмкүн деп божомолдоого болот.
С. Өмүрзаков

Ой-пикирлер