Кирүү

Манастын кыргыз болмогуна бир чоң далил

манасчы, семетейчи ырчылары болгон. Маселен, солто феодалы Түлөбердинин Норус деген ырчысы, Төрөгелдинин (сарбагыш кыргызы) Айтике деген ырчысы жана сарбагыш кыргызынын Ниязбек менен Ормон феодалдардын Музооке жана Келдибек деген ырчылары болгон. Ал феодалдар — менин ырчым жакшы ырдайт, анын ырчысы жаман ырдайт дешип, эрегиштирип ал ырчыларды айтыштырып, жеңгенине кедейден, букарадан тогуздап эриксиз малын алып берген. Ал ырчылар өз манаптарын, анын уругун, элин өткөрө мактап, жок жерден эрлик кылдырып, "кымынды үйдөй, кылды тоодой" көрсөтүп ырдаган. Маселен, 1820-жыл чамасында кайсы кыргыздан экени маалим эмес, бир ырчы сарбагыш кыргызынан, тынай уругунан болгон манап, феодал өз манабына кошомат кылып, Таштанбек жок жерде аны мындай деп кордоп ырдаганы:

Таштанбектин түндүгүн, Айбалталап бузганбыз. Төрдөн сүйрөп ак кызын, Ач билектен алганбыз.

Бир кезде Таштанбек жигиттери менен Чоң Кеминден келе жатканда, баякы ырчы бир жылкы коштоп, Кашка Жол деген ашуунун Чүй багытындагы беттен алды-нан чыккан. Муну Таштанбек залим көрүп, мойнунан чылбыр менен чийге байлаттырып коюп, мылтык менен өзү атып өлтүргөн.

Сарбагыш кыргызы эсенкул уругунан феодал, манаптар Музооке деген ырчыны талашып, акырында аны өлтүрмөкчү болгон, мунун тарыхы мындан сой төмөндө айтылат. Буга караганда ырчылар Манасты жалганынан өтө апыртып мактап айткан болор.

Манастын кыргыз болмогуна бир чоң далил

Ой-пикирлер