Кирүү

Манастын аккуланы сатып алышы

Манастын аккуланы сатып алышы

Таласка келгени бай Жакып кан Жакып атка конгон. Анын малга кароолугу ого бетер ашынган эле. Ордо атып, мөрөйүнө тай сайып, таң-тамашага баткан Манаска келип чаң салды:

— Жылгага жылкым толоордо бээмди сойдуң, мүлкүмдү чачып, күлкүмдү күбүдүң, күйдүргү Ма­нас! Мындан көрө өлүп калсаң, өкүрүп көөмп койбойт белем, кокуй!

Бул сөздү уккан Манас атасына катуу таарынып, башка жакка кетмекчи болду: "Каран калган атамдан кан башым менен күндө үч убак жеме уккуча,

дайынсыз жоголгон сегиз уялашын издейин. Өзүмө караан болоор эр табайын" деп, эл уйкуда жатканда Таластан аттанып чыкты.

Анжыянды артып, Боз-Талаага келгенде Манаска ак сакалчан карыя жолукту.

— Алтайдан качан келет деп ай-талаада күтүп жүрөм сени,— деди думана. — Алдыңдагы боз атың кагышка минээр ат эмес. Катуу багыт иш келсе, баспай калчу мал экен. Эгер намыс кылбай тилимди алсаң, ушул Боз-Талааны байырлап, ортоктощуп эгин айдайлы.

Манас кубанып кетти. Алоолошуп жер айдап, кочуштап үрөн себишти. Чал кош өг.үз жетелесе, Манас буурусун кармайт. Айдоону тегиз бүтүп, Манас алп уйкуну салды. Бир маалда чочуп ойгонсо, буудай кызарып бышып калыптыр. Буга аң-таң болуп турганда абышка мындай деди:

— Кабыланым, биз эми кыяматтык дос болдук. Бул буудайды сен ал. Астыңдагы тулпарыңды адалга сатып алганың оң. Лоб дайранын боюнда Карача кандын сан жылкысынын ичинен Куу байтал кайыптан кулун тууган. Кула тай алты ай минсе арыбас, алтымыш асый болгуча азуусун чайкап карыбас аркалуу тулпар ат болот. Кула тай жаңы асыйга толуп, болочок ээсин күтүп жүрөт. Таалайыңа жазылган мал ошол, аны мобу буудайга сатып ал. Кула тай колуңа тийсе тоскон кырсык өзү кесилет, чалгынга минсең чарчабайт, күн чыгыш менен күн батышка талбай чуркайт, туягы тийген кара таш таруудай быркырап, оозун коё берсең булуттай учат. О, Манасым, минээр атыңды "Аккула" кой дум. Сага беттешкен душман оңбосун, жолуң шыдыр болуп, Кызыр колдосун, жалгыз башың өзүңө тете кырк болсун, береним! — деп бата кылып, Баба дыйкан көздөн кайып болду.

Бул окуяга таң калган Манас Айбанбозду жайдактап, айталаага коё берип, акканкы ээрин жазданып, булгаары тердикти жамбашына төшөп, алп уйкуну салды.

Эли ачкалыктан карып болгон нойгуттардын Карача каны дан издеп таппай, таң ата токсон нар жетелеп келатса, айталаада тоодой кызыл үйүлүп турат. Баабединге атап бээ баштаган беш тогуз союп, көңүлү тоюп, аштыкка жакын келсе, опол тоодой ээси жанында уктап жатат. "Бул ашкере баатыр эр экен, кокус ачууланса баарыбызды соо кылбайт" деп, акылман Карача Манастын алдына асый чыкма Куланы тартып, чөгөлөп турду. Куйрук, жалы төгүлгөн куштай сулуу жаныбар окуранып, омсоңдоп жер чапчып жиберди. Манас ойгонсо Аккула алдында турат, ал атасынан да жакын көрүнүп кетти көзүнө, барбайып сүйүнүп, тулпарды сынап жатты:

-Жердин жүзүн кыдырып деле мындайды таппайсың, кечээ Баба дый­кан карынын айтканы туура келди. Атасы тоо кайыбы, энеси чел бууданы, жаныбарым Аккула кең көкүрөк, аркар аяк, кетмен туяк, жалы тайкы, соорусу кең мал тура — сексен төөнүп дилдеси да буга татыбайт! Буудайга ыраазы болбосо, колумдагынын баарын тартуу кылайын...

Карача кан эки колун бооруна алып, Манаска кайрылды:

— Балам, көргөн адам сүрдөгөн кеменгер сының бар экен. Өзүңдөн коркуп, тартынып турабыз. Мен нойгуттун Карача деген каны болом. Эгин чыкпай, элим ачкалыктан карып болуп, дан издеп сандалып жүрөм. Кайыптан бүткөн Куланы алып, буудайыңды бизге бер, баатыр?!

Манас Карача канга салам айтып, чоң атасы Каракан экенин, өзүнүн чоо-жайын баяндап, буудайды бүт берип, Аккуланы алып көңүлү тынды.

Карачанын издегени табылып, Манаска жалынып:

— Айкөлүм, бизге да көз сала жүр! — деп, токсон нарга эгин артып, элине жөнөдү.

Манас Аккуланы минип баатырдык сынына толуп, алдындагы ашуунун белине чыга бергенде ак сакалчан Кызыр пайда болду. Манаска асмандан түшкөн алты курчту, анын ичинен Зулпукор аттуу сыйкырдуу кылычты табыштап, жакында кырк жерден келген өзүнө тете кырк чоролуу боло тур ганын, алты курчту ошол ээлерин таап берүүсүн, эми дароо калкына кайтуусун өтүндү.

Ой-пикирлер