Кирүү

Манасчылар

Кыргыз эпосторунан "Манаска" гана таандык аткаруудагы өзгөчөлүк – синкреттүүлүк, б. а. чыгарманын өзгөчө обон менен кыймыл-аракет, ымдап- жаңдоолордун коштоосу менен аткарылышы. Бул жагдай манасчыдан акындык менен катар ырчылык өнөрдү талап кылган. Мындан тышкары аткаруучулук жөндөмдүн күчтүү өнүгүшү кажет. Саякбай айтып жаткан окуяларына өзү аралашып жүргөн өңдүү жан-дили менен берилип аткаргандыктан, угуучулар окуянын кандайча аяктарын билишсе дагы манасчыдагы таланттын күчүнө, теңдешсиз жөндөмгө арбалышып, биринчи жолу угуп жатышкандай кабыл алышкан. Биринчи манасчы ким болгондугу жөнүндө так маалымат жок. Окумуштуулар кырк чоронун бири Ырамандын ырчы уулу алгачкы манасчы болгон деп божомолдошот. 18-кылымда жашаган Нооруз, 19-к-да жашаган Келдибек, Балык, анын уулу Найманбай, Тыныбек, Чоюке манасчылар жөнүндө маалыматтар эл арасында оозеки сакталып калган. Акыркы залкар манасчылар Сагынбай жана Саякбайдын варианттары басылып чыгарылган, чыгармачылыгы кеңири изилденген.

Ой-пикирлер