Манас. Журт атасы

Алайга бараарда мен катуу ооруп төшөктө жаткам. Кандай акыбалда барганымды бир Теңир билет, анан мени менен барган Шакин агай, Талант, Эрнесттер билишет. Эмне үчүн Алайга бар деп атабыздын өтүнгөнү, азыр мага айдан ачык болуп калды. Ал эми ошол учурда Алайга агайдын түзгөн антын бекиткени бараттык. Биз "Жылаңач Бугу" мазарына барганда атабыз: "байланган жипти үздүм" деген эле. Ошол күндөн тарта менин агайга болгон мамилемде салкындык күч алганын туйдум. Ишибиз аягына чыгыш үчүн ушул ант менен өзүмдү да, балдарды билип туруп байлаганымды мойнума алуум керек. Агай анттын текстин жазып: "ушу күндөн баштап ишке ашат; аны ыйык адамдардын мазарына тайынып барып антташабыз, жаңы мүчөлөр ошол жерден ант берип кошулат арабызга" - деди. Биз агайдын бул оюн туура деп чечтик. Эми "Кылым Көчүнө" мүчө болуп Эрнест кошулмак болду, а бирок өзүбүз антты окубаптырбыз да. Ошол текстти окуп эч жерден шамдын үстүндө отуруп үчөөбүз ант берген эмеспиз. Бирок кандайдыр бир окулгандай кабыл алган окшойбуз.

Чырагым, эсенсиңби? Каршы тогоол
Ченемсиз түйшүк салып, болду тоскоол.

Көтөрүп жол азабын батмандаган,
Көкөбүз жаткан жерге коюп кадам,

Унутуп бар азапты тарткан жолдо
Улуу шам алоолонот ортоңордо.

Жалпы Аалам алоолонгон шамга батып
Жалынга телмиресиң таштай катып.

Күтүүгө түтө билген Журт Атасы
Кубанып маңдай жарып тосуп алды.

Алоолоп күйгөн шамдын жалынында
Арманы, кубанычы чагылууда.

Көңүлүн Көкөбүздүн көккө серпкен,
Көксөгөн "Кылым Көчү" эңсеп келген;

Кезинде Көк-Дөбө деп, Көкөмдөн соң
"Куу-Калля" деген какшык атка конгон.

Жай кылган түбөлүккө дене-досу
Дөбөнү көздөп келип кеч конгону.

Алайга күн уясына батаарда келдик. Ал жерде Акыл, Таланттардын досу Максаттын бир туугандарынын жардамы менен Көкө атабыздын кабырына бардык. Толгон Ай дал тушубузда, сүрдүү кабырстанга нурун төгүп турду. Көкөтөй атабыздын асыл денеси жаткан жерде шам жагып, шам үстүндө Эрнест ант берүүдө. Ошол анттын тексти:

Өзүңдүн барлыгыңа, тирлигиңе таазим этем!

Асыл адамдардын арбактарына, анын ичинде Көкөтөй атабыздын кабырынын жанында, улуу Теңир, өзүңдү күбө тутуп
АНТ БЕРЕМИН!

Бир өзүңдүн шыпааң менен, Улуу акын Жайсаң Үмөт уулунун тирүү арбагы Бүбү Мариям Муса кызына жолугуп, кыргыз элине өтө керектүү "АЙКӨЛ МАНАСТЫ" айтып берип жатканына кынтыксыз ишенемин. Ал дастан аягына чыгып, Жайсаң Үмөт уулунун ысмы бүткүл дүйнөгө тарап, окуя Манас деген,
Айтпастан жат урууга, сактап бекем;

Айкөл деп жакындары — эл ичинде
Куту Улук Эл-Төрөсү дешер эле.

Анткени аталардан балдарына
Айтылып келе жаткан сырдуу ырымда;

Аяндан алган атты айтса жатка

Ал анда түн түшмөкчү журт башына.

Мааниси Манас деген сөздүн эмне?
Жан-досу, Журт ээсинин, түбөлүкө

Алыстап кете албастан болуп Пири,
Арбагы айланчыктап жүрөт тирүү!

Эл аты жер жүзүнөн өчпесүн деп,
Эгемден алгандыктан эли тилеп,

Акыркы күнгө чейин арбагы анын, —
Ал элдин, тыным албай керет камын.

Андыктан, көзү өткөн соң, калайык калк
Аяндан Теңир берген атын атап;

Жеткир деп үнүбүздү Кек Теңирге,
Жалынып көнгөн эли өз Пирине.

Аяндан алган Манас деген аттын,
Айкөл-Шер көзү өткөн соң айтылганын;

Урпактар али күнгө билишпей так
Уламыш жомок кылып кеп салышат.

Бул эми бүктөм мезгил буйруктагы,
Болгону жетти учур айтар аны.

Бир гана кайберендин буту тийген,
Мекендеп тоонун койнун мөңгү кийген;

Тоолордой бийиктикти, пейилди кең
Тоолугум жоготпостон сактап келген.

Дал ошол Айкөлдүгү сактап бирок
Дарегин далилдөөчү тарыхы жок!

Түбү бир, учу анын ар улутка
Тараган боордоштор арасында;

Ууздун атын сактап уңгусунда
Уучка толуп калган кыргызыма;

Далили түптүүлүктүн — улут атын
Дагы да кыркууз бойдон сакталганы.

Доордо биз жашаган, Түрк тукуму
Дуулдап оттой жанып күйүп турду.

Бал тилге салып көбүн амалданып,
Баш ийбей койгондорун күчкө салып;

Безери, түпкү атанын атын танып,
Бир тобун кырк уруунун түрк атантып;

Ансыз да азган элди, оңго-солго
Ажырым кылып бөлгөн эки ордого.

Кырк ууздун атын буруп — кыргыз деген
Курама чымчым элди баш көтөргөн;

Кайрадан кыймак болуп түп тамырдан,
Түрк тукум шум Байтөрө кыргын салган.

Алгачкы хан ордону Алтайдагы,
Алтыга толгон Айкөл сактап калды.

Келгенде он экиге — каңгайлардын
Качырып Алп Дөө дешкен Нескарасын.

Кыргындан чымчым калган кыргыз элин,
Кайрадан сактап калган Айкөл Шерим.

Ал кезде Кошой, Бакай күчкө толгон,
Аттары эл ичине дайын болгон.

Калкалап көздөн, сөздөн Кыраан Шерди,
Көбүнчө даңктаганбыз тигилерди.

Санжыра уламаны жазышкандар
Сыягы шол аттарды жазган чыгар.

Андан да өз тилине ылайыктап
Аттарын жазган чыгар буруп атап.

Баарынан өкүнүчтүү — баамымда
Баатырды түрк уулу дээр ал жазууда.

Анткени, көбөйүшкөн уй түгүндөй,
Атанын атын танган тукум түркөй.

Аракет кылып баардык күчү менен
Атакты жайылтышкан түркпүз деген.

А демек, түрк тукум деп кыргыздар да
Айтылып калган чыгар жазууларда.

О кийин, күчкө толгон кезде, Шерим
Бошотуп бөтөн элден мекен, жерин;

Кыргызды — кыргыз деген аты менен
Кыйырга тааныттырган Айкөл берен!

Ал кезде адамзаты жер бетинде
Азыркы адамдардын чейреги эле.

Ал эми жерлерибиз биз ээлеген
Алгачкы көркүн сактап менменсинген;

Тоолору мөңгү кийип, андан аккан
Туптунук мөл суулардан кана жуткан;

Талаалар күлгө оронуп жашыл кийген
Төп келчү тоолуктардын пейли менен.

Жыртпастан ченем ченсиз жердин бетин,
Жеткидей жан сактоого себилчү эгин.

Суусу мол жерди тандап, жат душмандан
Салынчу коргонгудай чептер чакан.

Доорунда дал ошондой чепте чакан
Дооранды сүргөн элек Теңир жазган.

Ай тамга Баасыз хандын тууру делген
Алайды — ыйык ордо тутуп келдик.

Ал кезде тукумдары Баасыз-хандын,
Айтайын ээлик кылган хандыктарын:

Тукуму Айтамгалуу Баасыз хандын
Түптөгөн Даван 14, Үрүш 15, Өзгөн шаарын.

Давандын ээси Элеман болгон менен,
Алайдан түшчү эмес, малга кенен.

Үрүштү Үрүш кылган чындыгында,
Үндөбөс, бир мүнөздүү хан Баймырза.

Арыбас Дулдулдардын атак-даңкы
Ал кезде тамшандырган канча жанды.

Сөзүмдүн нугун саал бурганыма
Сыягы болбостурсуң анча капа...

Дагы сунуштайбыз