Кирүү

"Манас" жана кыргыз искусствосу

"Кыргызстандын байыркы эстеликтеринин ичинен кыргыз элине белгилүү, таң калаарлык популярдуу Талас өрөөнүндөгү "Манастын күмбөзү" бүткүл кыргыз элин гана эмес, башка элдердин археолог-окумуштууларынын да кызыгуусун арттырууда. Таланттуу кыргыз скульптору Т.Садыковдун Фрунзедеги кыргыз филормониясынын алдындагы "Манас" архитектура-скульптуралык комплекси республикалык Токтогул атындагы сыйлыкты жеңип алган. "Манас" сүрөт искусствосунда кайрадан жашарып, искусствонун бул түрүнө жандуу элес катары кирди. "Манас" эпосунун негизинде жаралган баатырдык эпикалык "Манас" операсы таланттуу композиторлор В.Власов, А.Малдыбаев жана В.Фере тарабынан жазылып көрүүчүлөргө тартууланган.

Ой-пикирлер