Кирүү

"Манас" эпосунун тарыхый өнүгүшүнүн негизги этаптары"

"Манас" эпосунун тарыхый өнүгүшүнүн негизги этаптары"— Э. Абдылдаевдин эмгеги (Фр., 1981). Эмгек эпостун чыгышы м-н тарыхый өнүгүшүнүн закон ченемдүүлүгүн аныктоону алдыга коёт. Эпос-тун жаралышы ж-а анын тарыхый өнүгүшү-нүн абалы тууралуу илимий түшүнүк алуу үчүн адегенде түрк-моңгол элдеринин эпика-лык салттарынын өнүгүшүнүн алгачкы эта-бындагы баатырлык эпостордун көөнө форма-лары кандай мүнөздө болгондугу ж-дө, алар-дын тематикасы, сюжеттери, эпикалык образ-дары жаралган доордун мүнөзү, тарыхый-эпикалык, экономикалык, маданий карым-ка-тышта жашап келишкен чарбалык-маданий тиричилиги илимий талдоого алынат. Автор түрк-моңгол элдеринин эпикалык чыгарма-ларынын алгачкы формалары "Манас" эпо-сунда сакталганбы деген суроолорго илимий негизде жооп берүүгө аракеттенген. "Манас" эпосунун эпикалык циклдештирүүнүн тары-хый шартына ж-а кыргыз элинин этникалык тарыхы м-н байланыштуулугу ж-дөгү маселе-лерге токтолгон, о. эле Манастын тарыхы ж-дөгү полемикалуу маселелерге "Манас" эпосундагы эпикалык доорго кыскача мүнөздө-мө берген. Китептеги маселелердин бири — эпикалык душман проблемасы. Эпостогу эпика-лык душмандар: кытай, манжу, калмак, кара кытай, солон, шибээ ж. б. элдердин аттары (ай-рыкча кытай, кара кытай) ж-дө изилдөө-чүлөрдүн ар кандай көз караштарына илимий жактан баа берип, өзүнүн көз карашын айтат. Изилдөөдө кыргыз эли м-н жалпы маданий карым-катышта жашап келген элдер-дин (өзбек, тажик, уйгур, казак, каракалпак ж. б.) ортосундагы жалпылыктарды салыш-тырып караган. Эпостогу эпикалык окуялар-дын ар түрдүү мотивдерде өзгөрүп-өнүгүүсү, жаңы эпизоддор м-н толукталышын иликтөө м-н кайсы мезгилдерде пайда болуп циклдеш-тирүүнү аныктоого аракеттенип, "Манас" эпосунун тарыхый өнүгүшүнүн этаптарын төмөндөгүдөй белгилеит: 1) Караханийлер доору (10—12-к.) эпостун алгачкы тарыхый негизинин жаралышы; 2) Моңгол доору (12—15-к.); 3) Ойрот-Жунгар доору (15— 18-к-дын 1-жарымы); 4) Цин имериясынын доору (18-к-дын 2-жарымы —19-к.); 5) Кыр-гыздардын Россиянын составына киргенден Манастын негизги варианттары жазылган мезгилдерге чейин (19—20-к-дын 1-жарымы). Эпос тарыхый жактан узак доорлорду башынан өткөрүп көп катмарлануунун натыйжасында татаал сюжеттүү, терең мазмундагы мону-менталдуу классикалык баатырдык эпостун деңгээлине жеткендигин далилдейт. Т. Ашырбаев

Ой-пикирлер