Манас. Аккула менен Алгара

жомок деген учурларым көп. Биздин ушул сапарыбыздын өзү эле, турган турпаты менен — жомок. Бирок анын чындык экенине күбө — ошол балдар! Демек, дастанда окуяларды миф деп ишенбей коюу болбос. Үңкүрдү Эрнест тапты, мен анын ичине киргенде эртең мененки саат жети-сегиз чендер болчу, жанымда Акылдын саатын салып жүргөм. Үңкүрдөн 20-25 минуттай убакыт өткөндө чыгып, саат 14.58-ди көргөзүп турганын көрүп, таңдандым. Бузулган экен деп ойлогом, сырын чечмелегенден кийин билдим, көрсө, болгону — мен башка чен-өлчөмдө болуп кайткан турбайымбы! Эң башкысы, дастан уланып жазыла баштады.

... Ачынган эти сууп Алкаранын,
Ачууга билген белем алдырганын.

Алкара, эминеси болсо дагы,
Ал ошол ызы-чууда келип калды.

Алдырып сезимине жанаракта,
Алкара ала качып баратканда,

Ургандай канжар менен жүрөгүнө,
Укмуш ай, түшкөн болчу сезимине.

"Азгырып колдогону бурут хандын,
Ачынтып алдым жанын Алкаранын.

Тагдыры жар башында турган ханды
Түрттүрбөй туңгуюка сактап калды.

Көздөгөн максатымдан азыр өзүм
Көөдөктүк кылып алып, кыйгач өттүм!

А бирок, жер меники, ошондуктан
Айкөлүн эртедир-кеч тындым кылам!"

Кызыган эти муздап Алкаранын,
Артына кайткан кезде, Коңурбайдын

Алиги оюн бектеп, Майдан Тоодон,
Аскерин көргөн болчу качкан жоодон.

Көргөнү катуу тийген менен, бирок
Көөнүнө күтүүсүздөй көрүнгөн жок.

Бурутка келгендигин кайдан жардам,
Болжолдоп турса дагы, бирок анан

Артынан колу келип калды дештин,
Анчалык ынанымдуу эместигин,

Далилдеп, качкандар бар, бирок арттан
Душмандын аскери жок кубалаган.

Бүлүнтүп жан дүйнөсүн, коопсунтуп
Бүркөлдү ачык асман каптап булут.

Көрүнбөй аркан бой жер, шамал улуп,
Көктөгү тийип турган күн тутулуп,

Түшчүдөй адамзатка ушул бүгүн,
Түбүнө жете турган кыямат күн.

Чочутуп ушул сезим Коңурбайды,
Чокуга Айкөл турган жакындады.

А тиги Коңурбайдын астындагы,
Азезил жылоологон Алкарасы,

Ачынтса этин ээси, өчүн анын
Алмака Айкөл Шерден, көрүп камын,

Түз беттеп Майдан Тоону октой аткан,
Түбүнө жетмек болуп келе жаткан.

Жалганда азезил ат жалгыз ирет,
Жаңылды Аккуланы Айбанбоз деп.

Ат эмес Коңурбайдын өзү дагы
Алданды Айбанбоз деп Аккуланы.

"Айрылган канатынан куш сыңары,
Аргасы куруп бурут турган чагы.

Бурканым эрк-күчүмө жардам берсе,
Бурутту жеңүү мүмкүн азыр деле!"

Илгери үмүтүнөн кубат алып
Ирмебей каректерин тике багып:

"Алгарам Айбанбозун тепсеп өтсө
Айкөлдү саямын, - деп, — как жүрөккө!"

Уусуна ажыдаардын сугартылган,
Узун сап ач албарсын алып кындан,

Колдогон пирлерине Айкөл Шердин,
Коңурбай коюп каршы өз пирлерин,

Жакындап максатына калган кезде,
Жыгылды астындагы аты жерге.

Албарсы колдон ыргып, Алкарадан
Аркан бой алыс түшүп, туруп араң

Бута атым жерден аны карап турган,
Буруттун ханын көрдү Аккулачан.

Тагдыры бул жолу да сыртын салып,
Табалап тургансыды өчү канып.

Кандайча болгонуна жетпей көзү,
Калчанын эси эңгиреп турган кези.

Кыймылсыз Алкарага карек кадап
Кылганын текебердик сезип турат.

Алкынган Алкаранын дүбүртүнөн,
Аккула, анын оюн туюп күткөн.

Азезил жылоологон атты анан,
Аккула кош аяктап тосуп алган.

Күүлөнүп келе жаткан Алкарага,
Курч туяк көөдөнүнө тийген даана.

Көзүнөн от чагылып, жерге кулап
Кыймылсыз жатып калды ирмем убак.

Кучактап моюнунан Алкарасын
Куюлтуп турат Калча көздөн жашын:

— Түгөнүп ичер суубуз, батуучу күн
Туш келмек беле бизге ушул бүгүн?

Жалганда жан жолдошум жалгыз гана
Жанымдан артык көргөн сенсиң мага!

Ата-эне, ага-ини, катын-бала
Баардыгы сен болчусуң бул жалганда!

Ал азыр сенден калып, бүт баарынан
Ажырап бул жашоодон эмне табам?

Турбасаң чындап эле ушул тейден,
Тулпарым, бир жатайын сени менен! —

"Кор" жыттап көкүлүнөн Алкаранын
Коңурбай кыймак болуп турду жанын.

Калчанын жан аргасы кеткендиги
Кыймылсыз Алкарага дем бердиби...

Буттарын солбуй тартып дирт-дирт эте,
Буйдалып барып анан турду өйдө.

Коңурбай кандай көрсө Алкараны,
Кем эмес көрчү аты аны дагы.

Кошкуруп, башын силкип , туруп азга
Калчага белги берди мин деп мага.

Жанагы өчкөн оту күйүп кайра
Жалынып Бурканына, Алкарага

Аттанып ошол замат буйдалбастан
Айкөлдү беттеп жөнөйт Коңурбай хан.

Тизгинин жыя кармап Аккуланын,
Тигинин, Айкөл дагы тосот алдын.

Коңурбай ээсин эмес атын мээлеп,
Колунда сыр найзасын түздөй келет.

Аты да, кем калышпай Коңурбайдан,
Алгысы келип өчүн Аккуладан

Чыгарып канаттарын колтугунан
Чокуга сызып келет Айкөл турган.

А бирок айбаты артык Айкөл Шерден,
Абдырап, жалтанышат экөөбү тең.

Түз барбай Алкарасы буйтаганда
Түшүрүп сыр найзасын колдон Калча,

Таймаша албасына жетип көзү
Тартпастан аттын оозун төмөн безди.

Кайтарып келип колун качып кеткен
Кармашмак болду Калча жоосу менен.

А бирок качкан колу ошол тапта,
Артына келатышкан өздөрү да.

Анткени, Майдан Тоого Коңурбайдын,
Алкынып келгендиги болгон дайын.

Калчага бел байлашса аярлары,
Кайрат күч беришти ага алар дагы.

Албарсын, сыр найзасын колдон түшкөн,
Аскери, Коңурбайга таап берген.

Коштотуп аярларга, курал колдо
Коңурбай тике багып барат жоого.

Алманбет, Чубак, Сыргак ал убакта,
Аскерин душмандардын сүрүп артка

Кара жер сугарылып кызыл канга,
Качкандар бекинүүдө капкасына.

Ал кезде Айкөл менен Бакай ханды,
Аскери Коңурбайдын курчап калды.

Астында Аккуласы, белде кисе
Ажыдар сүрүн берген Айкөл Шерге,

Дубасын Чи-Лу-Сендин билишкен жат,
Калчанын аярлары кылбай такаат,

Сүрүнөн Айкөл Шердин артын карай,
Сүрүлүп кыргый тийген таранчыдай,

Келишкен жолу менен качты көбү,
Калчанын каары чындап кайнады эми.

Колунун астын тосуп, какжыраган
Каалгадан, чыккан үндөй добуш салган:

— Ажалдан бар го качып кутулгуңар?
Аны азыр так өзүмдөн табасыңар!

Жоокерлер, жоодон качкан, ала турган
Жазасы — өлүм табат коп башчыдан! —

Козголгон көр намысы хан Коңурбай,
Колунун көбүн кырып эч аябай,

Андан соң аткан октой түптүз гана,
Атынын башын бурду Айкөл жакка.

Кагышып эрендердин найзалары,
"Карс" этип Калчаныкы сынып калды

Ошондо, ызасы ашып, азезил ат
Оп тартчу ажыдаардай карек кадап,

Акыры өлүм бар деп түшөр башка,
Алкара тик карады ажалына

Атылып тике туруп, Айкөл Шердин,
Азезил апчып алды, оң тизесин

Кебелбес опол тоодой Кабылан Шер
Көзүнөн от чагылып, куюлуп тер,

Аккула жалын төшөй бербегенде,
А балким, андан учуп түшмөк беле .

Эңгирей түшүп Айкөл ирмем убак
Ээрине түздөп минип, кеткен узап

Артынан кууп жетип Коңурбайдын,
Айкөл Шер уруп калды сыр найзасын.

Оңбогон Алкарасы андан дагы,
Ойт берип ээсин аман сактап калды

Айкөлдүн сыр найзасы жаза тийип,
Аяктан карчыт этти, кетти үзүп

Козголуп ар-намысы калган Калча,
Көңүлүн жаратына бурбай анча,

Албарсын кындан алып астындагы,
Алкынган Алкаранын башын тартты

Буруттун ханын беттеп бара жатып,
Буулукту мына мындай ойго батып
"Буруттар жерим басып кирсе деле,
Бурканым жардам кылбай турат неге?!

А тиги, Көк-Теңири, бурут хандын,
Аябайт, кайда жүрсө, өз жардамын!

Колдотуп пирлерине жер жайнаган,
Колумду чачыратты төрт -беш адам..

Аларды Таш-Бурканым, элим, жерим
Атайлап күтүшкөндөй келишкенин,

Болбосо, бүртүк кум да ушул тапта,
Болушуп, жардам берип турмак мага!.."

Деп Калча бар дитинен өкүнгөнү,
Дилине Бурканынын жеттиби эми?..

Басаңча тартып бара жаткан жаңы
Бороондун күчөп кирди улуганы.

Кайрадан кум учуруп, таштар кулап,
Какшыган аптап күндө зоолор урап.

Калааба ушул эле жерди эмес,
Ааламды каптагандай берет элес.

Айбаты кем калышпай Айкөл Шерден
Астында аты дагы берчүдөй дем,

Кум-ташы өз жеринин кубат берип
Кылычын шилтеп калды кулач керип...

Дагы сунуштайбыз