Кирүү

Манап

Манап - кыргыздын ак сөөктөрү. Жүрүш-туруштары ж.б.лары үчүн үлгү. Тазалыкты-тартипти таксактаган, ата-бабалары нарктуу, элди башкарууга дарамети күчтүү, көпчүлүккө жаккан, өз журтун
баккан, ага күйүп жанган, сыпаа-сыйда, акылга шерик, аймактан суу-рулуп чыккан, башка адамдарга да кадыр-баркы артылгандар. "Алар-ды журтжакшысы, эл мыктысы" - деп, урук, уруу, жалпы элдин кез кырында тургандар. Ар бир жер, эл өзүлөрүнөн чыккандары менен сыймыктанышкан. Манаптар да, эли-журту да ез ар-намыстарын четке чыгарбай, бекем тутушкан. Арийне, мындай касиет ез чөйрөсүн башкарууга өбөлгө түзгөн. Уруулар арасында уруш-чабыштарды, ыйкы-тыйкыларды басууга, бейпилдикти, бейкуттукту сактоого ма-наптардын дымактары артылган.
Мисалы, Ат-Башыдан Чоко Кайдулда уулу ("баатыр" деп ата-лат, уруусу Сарбагыш), Ысык-Келден Боромбай (уруусу Бугу), Жум-галдан Мырзабек Чыны уулу (уруусу Саяк) ж.б.лар. Манаптардын тукумдары, кийин орустар келгени (Россияга кошулганы) болуштук-ка шайланышкан.

Ой-пикирлер