Кирүү

Майкана көрбөй бала оңолбойт

"Майкана көрбөй бала оңолбойт". Мында соз тарбия-таалим тууралуу баратат. Бул аракет уйден башталат. Ата-эне ар дайым отуруп-турганында, тамак-аш ичкенде, мал багууда, конуп-кочконде, айтор, ж.б. күндөлүк жашоо-тиричиликтеринде элиндин, жериндин баба салттарын, эне адептерин, үрп-адаттарын, жол-жоболорун көрүп-билип, өздөштүрүп өсүүсү зарыл. Ансыз бу жашоодо арабек калат. Эл үчүн, эл жашаган жер үчүн ойдогудай жүрүш-турушу, адеби, ыйманы бар адам болуп чыга келет. "Башка ескендун боору таш, ташка ескендун туягы катуу" - деген макал буга ундешот. Проф. X. Карасаев агайдын айтымында, бул илгери заманда кыргыздар чабылып-чачылып, Памирге (Гиссарга) чейин барган. Демек, фарсы тилинде "Мейхена" болуп айтылган. Ал "ез үй-бүлө, Ата-Журт" де­ген түшүнүктү берген экен.

Ой-пикирлер