Кирүү

Кызыл китеп фактылары

Кызыл китеп фактылары

Бул чыныгыкитеп. Тактап айтканда, жаратылыш жана жаратылыш ресурстарын коргоо боюнча эл аралык союз тарабынан басып чыгарылып, бир нече калың томдордон турат. Бул томдордун мукабасынын сыртыкызыл. Ал түс сүт эмүүчүлөрдүн 306 түрү жана 79 түркүмү, канаттуулардын 258 түрү жана түркүмү, сойлоп жүрүүчүлөрдүн 98 түрү жана түркүмү, жерде-сууда жашоочулардын 40 түрү жана түркүмү, балыктардын 193 түрү жана түркүмү коркунуч астында тураарын эскертет.

Кызыл китепкекиргизилген жаныбарлар бир нече категорияларга бөлүнгөн. Биричисинде толугу менен жоголуп кетүү коркунучу астында турган, жоголуп бараткан түрлөр жана түркүмдөр жөнүндө жазылган. Бул жаныбарлар жер жүзүндө өтө аз калды жана алардын саны азаюуда. Мындай жаныбарлар жөнүндө маалыматкитептин кызылбарактарында берилген.Сары барактарында "заардуу" деп аталуучу же болбосо кыскарып бараткан түрлөр жөнүндө кабар берилет. Биринчи категорияга киргизилген айбанаттардан айырмаланып булардын саны жетиштүү өлчөмдө чоң, бирок тынымсыз кыскарууда. Бул алардын тагдыры жөнүндө терең ойлондурат.Үчүнчү категория – сейрек кездешүүчү жаныбарлар. Мындай аталышынын себептери: же булар жер жүзүндө аз санда болгон, же чектелген гана территорияларда жашашат. Булар жөнүндө маалымат ак барактарда берилет.Төртүнчү категорияны аз изилденген, белгисиз жана сейрек кездешүүчү жаныбарлар түзүштү. Булар жөнүндө боз барактарда айтылат.

Мына ошентип,китептинакыркы жашыл барактардында кайсы бир убактарда сейрек кездешип жана ошондой эле жоголуп кетүү коркунучу астында турган, бирок адамдын иш аракетинин натыйжасында калыбына келтирилген жаныбарлар жөнүндө кабар берилет.

Ой-пикирлер