Кирүү

"Кыз кыздай, кыш кыштай болсо"

Макалдын маани-жайы түшүнүктүү. Кыз балага табият назиктикти, уяңдыкты, адептүүлүктү, т.а. адамзаттагы болгон ички маданиятты орошон жазганы. Сөз бешкөкүл, бийкечтер тууралуу болгондуктан үндү

көтөрүңкү чыгарбоосу, бироолордү, озгочо кичүү-улууларды чак-чая карабоосу, тирмие тиктебоосү, далысын салбоосу, бирдеме­лерди этият кармоосу, кыя етпөесү, казан-аякты калдыратпоосу, сунуусу, отуруп-туруусу, ж.б. эне тарбия-таалимин көрүү аркы­луу чоңоюусу, бой жетүүсү, бирөөлөрдүн бүлөсү болууга даяр-дык кылуусу, орун-очок алуусу.

"Кышты кудай ураарда,

Күн жылымык жаз болот.

Эрдикудайураарда,

Элүүсүндө жаш болот". (Казыбек)

Коңур күз өз нааматын кышка бергенде, адатта, күн кыскаруусу, "Чөмүч кургабас, токту тойбос" мезгил келүүсү, күндүн арымы бир тутам болуусу. Каржаашы, анын какаары менен эртели-кеч чыкыро-ондоосу, т.а. кыш өкүмү башталуусу, жер тердетпей кыштата, "оор уйкуда" жатуусу, аяз чыкылдап, бети-башты жалап туруусу, ж.б. бөтөнчөлүктөрү менен көрүнүүсү.

"Тоо кайыңы акжоолугун салынып,

Too булагы көз айнегин тагынып.

Көлдөй тунук көк асмандан көөдөнү,

Көркү кеткен сур булутту жамынып.

Турган кези каптал-жондон кар учуп,

Кызыл ту мшу к кыш чилдеси чамынып", (Байдылда)

Кышта жылуу кийинип, күчтүү тамак ичүү менен өткөрүүсү.

Ой-пикирлер