Кирүү

"Кыямат" романынан. Моюнкумдагы алаамат

"КЫЯМАТ" РОМАНЫНАН 1. Моюнкумдагы алаамат

"0, кишилер, кишилер — адам кудайлар! Ошол кишилер эзелтен бери Моюнкумдун бөкөндөрүн куугундап келатпайбы. Абалы алар жаргак шым, куур тон кийип, мингени ат, колунда жаасы болор эле. Андан кийин тарс этме балээ таап, бөкөндөрдүн тобун чаңтополоң түшүрүп куугундашты. Ага болбой бөкөндөр сөксөөл бадалды аралай качып кутулуп жүрүштү. Кийинчерээк адам кудайлар машине ойлоп минишип, жиниктире куугундап, тарс этмейи татыраган ок жаадырып кырчу болду. Ошондо эле ынсап кылып калчу адам кудайлар бекен, андан кийин калдыркан канат вертолёт минип, жайылып жаткан короокороо бөкөндөрдүн төбөсүнөн тик сайылып учуп, жерде: машинечен келаткан аткычтарына кайгуулунукабарын берип, а тиги машинечендер болсо саатына жүзжүздөн ыкчам километр тездикте чабылып, бөкөндөрдү көз жазгырып кетчү туугуна жеткирбей кыра баштады.

Вертолёту көктөн шилиңди көзөп тиктеп, аердеги машинечендер болсо туягыңдын даңканын көккө сапыртпай сая түшүп, тынбай аткан мылтыктары көтөн чучугуңан кирип, как желкеңе жетип такалып, бөкөндөр оңко баш атып куланып, жаткан кез келгенде Моюнкумдагы жашоо аңтартеңтер болуп, сырайган буттар асманга сайылып жатып калды..."
"Куугун салган вертолёттор рация аркылуу бири-бири менен сүйлөшүп, качкан топту эки жактан сүрөй кысып, төбөдөн ажал болуп күркүрөп, ансыз да катуу качып бараткан бөкөндөрдү андан катуу качууга аргасыздантып, кууп келатат. "Жыйырманчы уккун, жыйырманчы! кана, дагы күчөтө түш! Дагы күчөт!" Жогортон карап бараткан вертолётчу учкучтарга астындагы өздөрү козгогон кара сүргүн даана көрүнөт. Сапырылган ак карды уюлгутуп, киргин кара дайра албууттанып, тынбай агып бараткандай. Анда жыйырманчынын ээликкен үнү кулакчындан шаңдуу угулат: "Күчөтсө мына! — Хахаза, карасаң, арасында карышкырлар да качып баратат. Мына кызык, сүргүнгө кабылган экенсиңер ээ, кашабаңдар! Өлүмдөн кайда качып кутуласыңар? "

Акырында күтүрөп качкан бөкөндөрдүн калың тобу жайык түзгө агылып чыга бергенде аткычтарга кептелди. Чүмбөтү ачык "Уазик" минген аткычтар бөкөндөрдү андан ары кубалай артынан сая түштү да, автоматтарынан ок жаадырып, огородунан чөп чапкан сыңары мээлебейэтпей кыркып кыра баштады. Анын артынан прицептүү машиналар бекер олжону жыйнап, кишилер ок жеген бөкөндөрдү машинеге ыргытып салып баратты. Чала жандуусун шамшар менен сол колтукка бир сайып, аны да ыргытып, жаралуусун кууп жетип: жүрүштү. Акыр кыяматтын коркунучу да мынчалык болбос — дүңгүрөгөн дүбүрттөн, ок жаадырган автоматтардын добушунан улам кулагы биротоло тунуп калган Акбарага бүгүн дүйнө дүлөй болуп калгандай туюлду, асманжер астынүстүн түшүп, колго кармагыс, көзгө көрүнгүс болуп кыйрап кеткенсиди. Төбөдөгү боз чалган күндүн өзү да бу кара сүргүнгө жердегилер менен кошо куулуп, жылтылдаган миң сан майда сынык болуп быркырап, үндабышсыз, ыңжың алоолоп бараткансыды. Автоматчан аткычтар "уазиктердин" үстүнө бири тизелеп, бири бортко өбөктөп, үндоошсуз атып баратышат, жер үстүндө кайкып учуп баратышат, машиналар үнсүз зыпылдап чуркап, зоруккан бөкөндөр алсырай тикиреңдеп, окко тешилип, кан жая үнсүз кулап жатышат...
"Эт планы сөзсүз аткарылат,— деп жооп берип жатты облбашкарма,— жакынкы декадада аткарабыз. Кошумча резервдер бар. Жержерлерди кысымга алабыз, талап кылабыз..."

Жыл маалы Акбара менен Ташчайнар Алдаш камышынын арасында жүрдү. Мына ушерде экөөнүн эң көп бөлтүрүктөрү — беш бөлтүрүк туулду. Мына тукум! Бөлтүрүктөрү чоңоюп келатканда камыш өрттөнүп, бөрүлөргө дагы балээ болду. Ушул аймакта жаңы ачылган тоокен жайына жол салыш керек болгон соң камышты өрттөп жиберишти. Алдаш көлүнүн калаасындагы жүздөгөнмиңдеген гектар жерди байыртадан ээлеп өскөн камыш өрткө кетип, түптамыры менен коңторулду. Согуштан кийин бул аймактан сейрек кезикчү кен табылган. Ошого байланыштуу ээн талаада аты жок "почтовый ящик" шаарчасы курулуп жатат. Андай табылбас кен табылганда камыш да сөзбү, дүйнөдө бөтөнчө делген Алдаш көлүнүн өзүн жок кылып жибериштен тартынабы адам. Керек болсо жер шарын ашкабактай кылып ичин кырып алар.
Оболу камыш токоюнун үстүнөн самолёттор кайып жапыс учуп, от тутантар бир суюктук чачып жүрдү. Көрсө, керектүү маалда камыш дүрт күйөт экен.
Өрттү түн ортосу ченде тутантышты. Алиги суюктук чачылган камыш ок дарыдай дүрт жалбырттап, калың токой күйгөндөн алда канча катуу күйдү. Жалын алоосу асманды чапчып, түтүнү кышкы тумандан бешбетер жер бетин каптап калды.

Күйүк жыт келип, өрт ар кай жерден жалбырттай баштаганда эле бөрүлөр бөлтүрүктөрүн сактоонун амалын таппай, камыш арасында алдастап калышты. Улам бир жерге тиштеп барып коюшат. Алдаштын калың токоюндагы акыр заман мына ошентип башталды. Чуулдаган үндөрү алдагайда жаңырып, көл үстүндө канаттуулар калың булут болуп удургуй учушту. Кылымдап камышты байырлаган доңузунан баштап, жыланга чейин дүрбөлөңгө кабылып, тополоңу тос түштү.

Ой-пикирлер