Кирүү

Кытай жөнүндө

Эң алды Чыгыш Азияда этноландшафттык эки аймак: жер иштетип, дыйканчылык кылган Кытай жана көчмөн турмушту аймак Борбордук Азия жана ага канатташ Тибет тоолору жайгашканын белгилей кетели. Тарыхый мезгилдердин бардык учурларында бул маданий региондор, кытай элинин көптүгүнө жана түрк, моңгол көчмөндөрүнүн аз санда экендиктерине карабай бири-бири менен бирдей негизде өз ара аракеттенип келишкен. Мындай токтоосуз жүргүзүлүп келген күрөштү эске албасак Азиянын тарыхы дайыма туура эмес түшүндүрүлүп калышы ыктымал.

Өткөн кылымда, кытай маданияты бир калыпта өнүккөн же дымып турган, ал эми Батыш Европанын маданиятын гүлдөп өсүп, анан кайра кыйрап турган маданият катары кароо адат болуп калган. Бул концепцияны алыстык абберациясынын мисалы десек болот, айталы, күн беш тыйындан кичине болуп көрүнүшү мүмкүн эмеспи. Кытай тарыхын жетишерлик түрдө толук изилдей келгенде, бул абберация түтүндү шамал айдагандай жок болуп кетет да, салттардын үзүлүшү жана обускурантизм доорлору Чыгышта да, Батышта да бир мүнөздө өткөнү айдан ачык болуп чыгат. Тарыхый өнүгүүнүн дискреттүүлүгүн байыркы дүйнөнүн эки улуу тарыхчысы Полибий менен Сыма Цян белгилешип, байкалган көрүнүштөрдү өздөрүнүн мезгилиндеги илимдин өнүгүш деңгелине жараша түшүндүрүүнү сунуш кылышкан9. Сыма Цян "Тарыхый жазмалар" аттуу чыгармасын б.з.ч. I кылымда жазып, ошол эле кездерде өзү үчүн "античный" болуп калган мезгилди, т.а. өзүнө белгисиз, салты үзүлүп калган өткөн мезгил бар экенин белгилеген. Античный мезгил болуп Сыма Цян үчүн алгачкы үч династиянын: Ся, Ин жана Чжоу династияларынын мезгили эсептелген. Чжоу династиясы кулаган соң саясий жана маданий начарлоо башталган. "Үч падышачылыктын басып өткөн жолу айлампа өңдүү, токтоп бүтүп, анан кайра башталып турду"10. Албетте, муну Хан династиясы байыркыны дал өзүндөй кылып кайра кайталаган деп түшүнүү жарабайт. Айткандай эле ал өзүнө гана мүнөздүү өзгөчөлүктөрү бар өз алдынчалыкка ээ экен. Сыма Цяндын ою боюнча, бир түрдүүлүк дегенибиз, сырткы чыныгы көрүнүштөр эмес, ал көрүнүштөрдүн ички мыйзам ченемдүүлүгү болуп саналат, муну ал тарыхтын табигый мыйзамы катары караган.

Тарыхчы тарабынан ачылган бул мыйзам ченемдүүлүк өткөндөгүнү гана түшүндүрүүгө жол ачпастан, келечекте болуучу окуяларды да алдын ала айтууга мүмкүнчүлүк түздү. Эгерде байыркы (архаикалык) Кытай сөзсүз болбой койбой турган ички ритмдердин натыйжасында кыйрап калган болсо, анда Сыма Цян үчүн өз заманы болгон, биз үчүн Байыркы Кытай болгон, т.а. Хан империясы ошол эле тагдырдан ойт бере алмак эмес. Албетте, Сыма Цян өз өлкөсүнүн кыйрашынын айрым жышааналарын алдын ала айта албады, бирок кыйроонун натыйжасы ал айткандай эле болду. Ооба, III кылымдагы граждандык согуш Кытайды биротоло алсыздантты, акыры 312-жылы Теңир алдындагы империя хуннулардын анча коп эмес аскерине жеңилип берди. Көп өтпөй хуннулар Хуан- хэ дарыясынын жээктериндеги илгертеден хандыктарга тиешелүү болуп келген бардык жерлерди да каратып алды. Кытайдын айрым өжөр патриоттору башка уруулар жашаган чет-жакаларга, Янцзы дарыясынын жээктерине өтө качышты, ал эми байыркы кытайлык маданияттын өлүм алдындагы жан талашуусу дагы 250 жылча созулду, т.а. бул мезгил Рим маданияты кыйрап отуруп, өлүмгө жеткен мезгилге караганда эки эсеге узактык кылат. Так ошол учурларда Кытай элинин өз мекенинде көчмөндөр менен тоолуктар, хуннулар, табгачтар, кяндар (тибеттиктер) өз билгенин жасап, өкүмзорлук бийлик жүргүзүштү.

Кытайдын кайрадан жаңыланып өнүгүшү VI кылымда башталды. Кытайдын ультрапатриотторунун жолбашчысы Ян Цзян көчмөн падышалардын укум-тукумдарын талкалап салып, Суй династиясын негиздеди. Бул өнүгүү орто кылымдардагы Кытайдын "аткан таңы" болсо, манжурлар Миң династиясынын аскерин жана козголоңчу Ли Цзычэн башчылык кылган дыйкан кошуундарын талкалаган XVII кылым анын "каран түнү" болду. Европалык түшүнүгү тар окумуштуулар ошол кезде башталган бул начарлоону Кытайдын туруктуу абалы катары ойлоп, "дымуу" деп атап коюшту. Сыма Цяндын алдын ала айткандары чын болуп чыкты.

А бирок Европа менен салыштырганда Чыгышта бир өзгөчөлүк бар эле. Ал иероглиф жазуусу болучу; бул жазуу маданияттын укумдан-тукумга өтүшүн бир кыйла деңгелде камсыз кылып турган. Алфавитке караганда салыштырмалуу кемчиликтери болгонуна карабай иероглиф айрым утуштарга ээ. Тилдин өнүгүшүнө байланыштуу фонетиканын алмашылышы жана идеологиялык көз караштардын өзгөрүүлөрүнө карабастан иероглиф жазууларындагы семантемалар түшүнүктүү бойдон кала берет. Иероглифти окуй алган анча көп эмес кытайлык адамдар Конфуцийди жана Лао-Цзыны окушуп, алардын ой-пикирлеринен орто кылымдардагы Инжилди жатка окушкан кечилдерге караганда көбүрөөк таасир алышкан, анткени иероглифтен айырмаланып, сөздөр а) которгондо, б) окулушуна, угулушуна, в) окуган адамдын зиректигине, г) аны кабыл алууга байланышкан ассоциацияларга карата өз маанисин өзгөртүп жиберет. Иероглифтер математикалык сандардын символикаларына окшоп бир гана мааниге ээ. Ошондуктан Кытайдын ичкерки маданияттарынын үзгүлтүктөрү античный (грек-рим) жана орто кылымдык (роман-германдык) маданияттарынын же орто кылымдык перс жана араб, т.а. мусулман маданияттарынын үзгүлтүктөрүнө караганда анча чоң эмес жана д.у.с.

Мындай абал Кытайдын саясий тарыхына да, идеологиялык тарыхына да өз таасирин тийгизген. Сырткы көрүнүштөгү так ушул окшоштуктардан улам айрым тарыхчылар жаңылыш жыйынтык чыгарып, иероглиф жазуусундагы консервативдүүлүктү Кытайдын дымып калуусу катары түшүндүрүшкөнүн белгилөө өтө маанилүү. Чындыгында Кытайдын тарыхы Жер Ортолук деңизинин жээктериндеги өлкөлөрдүн тарыхынан кем эмес ургаалдуу өнүккөн. Андыктан, Кытайдын территориясындагы жаралып жана жоголуп жүрүп отурган этностордун буркан-шаркан түшкөн турмушун баамдоо үчүн искусство буюмдарына жана абстракттуу ой-пикирлердин тереңдиктери менен кыйырына таң калып отура бербей Улуу дубалдын чегинде кыйын-кыстоо окуяларын ырааттуулук менен талдап чыгуу керек. Ушул темага биз "Талаа трилогиясын" атайын арнап отурабыз. Булак: bizdin.kg

Ой-пикирлер