Кирүү

Кыргызстандын герби / Герб Кыргызстана

Герб.

Гербдиналдыңкы фонунда Ак шумкар эркиндиктин символу болуп эгемен мамлекетибиздин эң башкы белгиси катары түшүнүк берип турат. Андагы Ысык-Көл менен Ала-Тоонун элестери улуттук сыймыгыбыздын куту сыяктуу кабылданып, нурун чачкан күндүн турушу- түбөлүктүүлүк менен бейпилчиликтин белгиси. Ал эми бул ыйык элестерди айлантаКыргыз Республикасыдеген алтын түстөгү жазуу жана токчулуктун, мээрмандыктын түшүнүгүн берип, байгерчилик турмуштун жышааны- буудай менен пахтанын сүрөтү орун алган.

Жогорудагы белгилер өлкөбүздүн жана андагы жашаган элдердин өнүгүүгө, келечекке болгон умтулуусун, биримдигин айкындап турат. Келечек муундун бактылуу жашоосуна багыт берип турган гербдеги элестер элибиздин эртеңки жаркын турмушуна болгон чакырыктай мааниге ээ.

Гербжөнүндөгү түшүнүк кыргыздарда байыртадан эле болуп, анын милдетин, маанисин чагылдырган ар уруунун "эн тамгасы" болгондугу тарыхта айкын далилденип, маалымдалгандыгы белгилүү.

Ой-пикирлер