Кирүү

Кыргызияда эски шаарлар, төрткүлдөр

Кыргызияда эски шаарлар, төрткүлдөр

Мен бүткүл дээрлик түн жак Кыргызияда төрткүлдөрдү текшерип көрдүм. Алардын баары да сазга тийе салынган. Эмне себептен сазга тийе салынган деген суроого менин пикирим бул:

1) Кайсы жерде болсо да, эски шаарлар бир жагынан бийик кашат, жар жана улуу сууну пааналап, бир тарапта сазга таё орногон. Мунусу душмандын чабуулунан шаарды коргогондугун көрсөтөт. Бул аракети жоо калааны камаган чакта жер алдынан ор казып, калаага киргенге саздак жер баткак суулуу болгондуктан, өтө мүшкүлдүк келтирет; 2) Калаасынын сыртын бийик калың сепил менен айлантып, анын сыртынан айланта ор казып, көбүнчө саздан алып тегерете суу жүргүзгөн. Мындай суу жүргүзүлгөндүгү биринчиде "жоонун каптап кирмегине, экинчиден ууру каракчылардын жүрмөгүнө өтө оордук келтирген; 3) Жоо көрбөс үчүн жердин алды менен казып барып, саздан суу алып, фантан менен агызып, талаанын ичинен кудуктар чыгарган; 4) Саздак жер тыгылма, баткак, ар кайсы жери кара суунун оргуштап чыккан булакча чабырлуу, жекендүү, камыштуу болгондуктан жоонун чабуул коюп киргенине чоң тоскоолдук берген; 5) Саздак жерден чым көң, караган, бадал, токоюнан отун жана башка керегин алган; 6) Саздын чөбү боз кыроого жете кубарбастан көк боюнча туруп, мал багып өстүрүүгө артыкча ыйлайыктуу болгондуктан жана сөз чөбү эч түгөнбөстөн канчалык көп мал оттосо да, кайтадан өсүп тургандыгынан; 7) Саздын жакын жеринен жер казып, кошо орнотуп, жоо­дон бекемденип турууна ылайык болбогондуктан; Саздак жерде салмоорго салып, калаага ата турган таштын жок болгондугунан.

Таластагы шаарлар. Биринчиден, тарых боюнча эмес, андагы төрткүлдөрдүн турган жерлеринен маалымат беремин. Олуя Ата шаарынан күн жүрүшкө бет алып, Тараска карап кете бергенде, Немчи кыштагынын түн жагынан дубалдын нугу болуп, анын күн чыгышка кеткен учу Таластын суусуна такалат. Күн батышы кичи Капкага жете барат. Мындан Таласка кеткен кара жолдун Чоң Суусу жагындагы жээкте жолдон бир жүз саржан чамалуу жерде Чоң Дөбө төрткүлү бар. Анын күн батышында 4—5 чакырым жерде, Майда Дөбө төрткүлү бар. Капкага жакын жерде Таластын суусунун боюнда эски Чалдыбар төрткүлү бар. Капкадан өтүп, Александровка кыштагындагы Кызыл Белести ашып, Таластын чатына түшкөндө кара жолдун алды сууга тийе жерде Чоң Төрткүл бар. Тарыхта жазылган түрк падышасы, Мукандын (Дизаболдун) VI кылымдагы борбор шаары Тараз (Талас) ушул болмогу керек. Бүткүл Талас боюнда мындан чоң төрткүл жок. Үйүр Маралдын күн чыгышында жана орловка кыштагынын күн чыгышында Кара жолдун үстүндө 200 саржанчалык жерде Ак Дөбө төрткүлү бар. Беш Таштын тушунан төмөн беш чакырымчалык талаада суунун күн батышында айланасы эки теше келердик төрткүл бар. Ак Чийдин (Димитровканын) күн батышында эки чакырым жерде зым жолго тийе, күн жүрүштө кичине төрткүл бар. Ак Чийдин тушу Талас суусунун түн жагы төшкө таёо жерде. чоң сепил сыяктуу Кулаң Корук деген дубал бар. Мунун Чүй багыты тушунда Кулан Башы, Кулан Коруктун тушунда суунун күн жүрүш жагындагы жээкте Ак Дөбө деген чоң төрткүл бар. Мунун сыртынан айланасы 30 чакырым келерлик Димитровканы аралап кеткен жалча дубал бар. Кебетеси маңдай тескейиндеги Чалдыбар биригип, бир дубалдын сыртынан алынган Таластын баш жагынан келген Чоң Алыштын нугунда бир чоң шаар болорго керек. Менин пикирим Атлат шаары балким ушул болорго керек. Анын тарихи Манас темасында айтылган үчүн мында жазышты ылайык көрбөдүм. Бул Ак Дөбөдөн он чакырымчалык, күн чыгыш Кең Колдун оозунда Манастын күмбөзү бар. Күмүштактын бир чакырым күн чыгышында эки кара суунун ортосундагы быткыл­дын арасында Чалдыбар деген чоң төрткүл бар. Чатбазардан жогору бир жарым чакырымчалык аралда төрткүл бар. Талас өзөнүндө бүткүл төрткүл баарысы 10. Тарых боюнча дагы 10 шаар болгон...

Тарых кабары боюнча болгон шаарлар менен азыркы Таластагы төрткүлдөрдү салыштырганда дагы санаты бирдей болуп чыгат. Талас шаарын кытайлар "Дадусе" деген.

Ак-Дөбө Аксуу кыштагынан суу бойлой төмөн 30 чакырымчалык чөлдөгү Жапырык деген жерде, суунун күн чыгышында Ак Дөбө төрткүлү бар. Дөбөнү тегеректей үч шаар болуп, бири Жапырыктын коктусунун ичинде Ак Дөбөдөн чыккан чоң дубал Сокулукка барып, андан имерилип, кара жолдун үстүнөн чыгып, андан от арабанын жолу менен Кара Балтага барып, андан имерилип, кара жолдун алды менен Ак Дөбөгө келет. Кара суунун кырка аягы менен жол жүрүп, Буранага барат. Болжолу 90 чакырым жол. Ак Дөбөдөн Пишпекке 40 чакырым жол. Ак Дөбөнүн тегерегиндеги Төрткүлдүн чоңу — тоо жагындагы Төрткүл үч төрткүл болуп бириккенде айланасы төрт чакырымчалык келет. Дубалдын түп жагы Кара Балтанын оозуна жакын барат. Ак Дөбөнүн бийиктиги 15 саржан, көлөмү 40 саржан. Ак Дөбөнү 191112-жылдарда Аксуудагы мужуктар казып, ар түрлүү нерселер таап алган.

Менин оюмча тарыхтагы шаары ушул Ак Дөбө болмогу керек. Себеп, Нам келгенден Талас басып, жана Сырттан Кара Балта ашып келе турган жолдун нугу жана Ташкенден келген жолдун үстү болуп, суусуз чөл жерге салган... Тарыхта Чөл, жаки Жол шаары тууралуу кабар төмөнкү:

Пишпек тоолорунан Намангенден келүүчүлөргө ашуу табылбайт. Намангенден жана Сырттан жайыкышы бирдей аша турган белдер Кара-Балта менен Меркинин ашуусу. Булар Ак Дөбөнүн өпкө тушунда жана Каракол басып келген жолдун тутумудагы Кара Балтаны ашарда Меркенин ашууларына туш Таластын башы. Пишпектин алдында тогуз чакырымчалык Кара Моло деген жерде Чыбырдом, Чу жаккы ачыкка чыга берерде эски төрткүл бар. Пишпек шаарынын күн батышында үч чакырымчалык жерде, кара жолдун үстүндө жолго тийе чоң өрткүл бар. Сокулуктун суусунан үч чакырымдык күн батышында кара жолдун тоо жагындагы эки чакырым­чалык жерде төрткүл бар. Мындан алты чакырымечалык күн батышында жана Сокулук дунгандарынын күн батышында кара жолдун алдында бир чакырымчалык жерде чоң төрткүл бар. Тарыхтарга караганда бул төрткүлдөрдүн аттары билинбейт. Бирок чөл менен Набакеттин (Бурана) арасында он чакты кыштак болгон. Азыркы Фрунзе шаарынын так өз ордунда илгери эски заманда шаар болгон эмес...

Ой-пикирлер