Кирүү

Кыргыздын калмакка кылган чабуулу

Кыргыздын калмакка кылган чабуулу

Калмак Чүйдө калк жок деген кабар анык болуп, бүткүл кыргыздын көзү жеткен соң жалпы кыргыздан жабдыктуу, жашы аттуу беш миң киши жыйылып аттанып чыгып Таластын башы Ала-Бел, Өтмөк деген жерге келип, калмактын мол жери Боом капчыгайынын күн батыш Көк-Жарда жайлап жатат деген кабарды алган, саруу кыргызынан Бердике баатыр менен сарбагыш кыргызынан Тынайдын уулу Атаке баш болуп таңкулансак болгондо 3 миң киши Ашмардан чабуул койгон. Күн батканда Көк Жардагы калмактын улугу жаткан үйгө келип, Бердике атчан туруп, Атаке үйгө кирип келип, калмактын улугу керебетте мас болуп жатканда жара тартып таштаган.

Калмактын бойго жеткен эки кызы жана катыны Атакени бири мойнуна, бири эки бутунан, бири колдон алып жыга турган болгондо. Бердике кирип, ал үчөөнүн башын кыя чай таштаган. Бул келиште Бердике жайдак кунан минип келген. Мунун соңунан чабуул койгон кыргызда жетишип, калмактын мал-мүлкүн жана көп катыш кызын олжологон. Калмактар күндөп-түндөл үркүп качып, көлдүн башына кеткен. Ушул чабуулда түшкөн калмактан тараган тукумунун бири азыр Шамшы элиндеги алма күчүк уругундагы бешкалмаккы дешет.

Эски тарыхтарды текшерсек, эл-журт бир калыпта болбостон, толу-төгүлүп, бирде жетилип, кайтадан кетилип, бирде жыргай бирде куурап, оодарылган табийгат мин кубулуп, түрлөнүп. Эл-журт далай-далай кан ичерлердин азабынан какшап, кан дайрасына батып, кырылып, азайып, кайтадан эл-журт болуп куралып турган Баарысынын тарыхын бул жерде айтып өтүү ажат эмес тарыхка ишенип жазган менен анда дагы толук болбостон, кемчилиги көп. Тарых билдим дегендер төрт-беш мин жылдан наркы окуяларды толук айтып бере албайт. Ошонун бириндей, эң байыркы эски замандан бери кыргыз далай таланып, кырылып, кайтадан куралып, журт боло келген.

Тарыхка караганда анда-санда оттуктун отундай кабарын көрүп, бүткүл болгон окуялардын анык кабарын билбейбиз. Анык чын күбө: ай, күн, асман, жер. Ай менен күн болсо жаркырап жайнап, карасаң көз уялтып, көк болсо көгөрүп, жер болсо жымырайып, эчтеме көргөнүм жок, билбедим дегенсип, акыл билим менен өзүң өткөн күндөгү тарыхыңды таап ал дегенсип тургандан башка жалынсаң да жооп бербейт. Амалың жок, аргаң кетип, кагаз үстүндө жок, тим болбосо 300—400-жылдан берки кабарды кайдан таап аламын деп акыры там сүзгөн сокур уйдай болуп, карыяларга келип соктугасың. Карыялардын көбү окуусу жоктуктан бир аз кабарды билгени болсо, мурунку кийинки окуяларды аралаштырып жиберет. Жана ар элдин карыясы өз уругун мактап айтат. Ушул себептен тарыхка умтулган киши ар урук элдин карыяларынан сурап, алардан алган кабарды башкалардын берген кабарлары менен урунуштуруп, текшерип, алардын ичинен анык ырас болгон кабарды текшерип жазууга туура желет. Кедейжалчы кембагал болсо илгертеден залим, манап, байлардын кызматында болуп, тарых сөзүн билмек түгүл, тамак кайгысы болгондуктан өмүрүндө жокчулук көкөйүн кескендиктен, тарыхынан адашып калган. Билгендери өтө аз. Ошондуктан кыргыздын тарыхын билген, көбүнчө өз тарыхын көтөрүп, жактап сүйлөөчү манап; бий, байлардын насилинен болгон.

Мына эптеп-септеп жыйып алган тарых сөзүн эки ача кылып адаштыруучу дагы баягы өзүң көтөрүп мактаган зулумдар, бай-манаптар, бийлер болгон.

Ой-пикирлер