Кирүү

Кыргыздын эски майрамдары

Кыргыздын эски майрамдары

Орозо жана курман (курбан) айттары мединалыктардын "Ямун-Нейруз" ва Ямун мехиро жаан" деген эки күндүк майрамдарынан улам келип чыккан. Ал майрамдарды Мухаммед пайгамбар Меккеден Мединага барганда өз көзү менен көрүп күбө болгон. Ошондо ал Алла тааладан аталган майрамдардан да жакшы бүт мусулмандардын энчисине айлана тургандай майрамды өткөрүү үчүн буйрук алат. Кийин Мухаммед пайгамбар Алла тааланын өкүмүн аткарып, орозо айты менен курман айтты жер жүзүндөгү мусулмандардын улуу жана ыйык майрамына айландырат.

Мусулмандар байыртан эле бийик мунараларга, тоолорго чыгышып, айдын жаңырышына, көрүнүшүнө, батышына байкоолорду жүргүзүшүп ай календарын пайдаланып келишкен. Ошондуктан орозо (хижра) ай календарынын тогузунчу айында – 30күн, кээ бир жылдары 29 күн кармалган.

Орозо тутуу ар бир мусулман адам үчүн эң бир ыйык парз болгон. Анын негизги максаты- соопчулук, ыйманды тазартуу, адамкерчиликке, эрктүүлүккө тарбиялоо, кудай алдында кетирген күнөөнү жуу, ооруу-сыркоолордон айыгышына багышталган. Орозонун отузунчу күнү бүтүп, ай жаңырганда айтка даярдык көрүлөт. Айбашы күнү арбактарга арналып куран окутулат.Орозо айтта майрамдар үч күнгө созулат. Орозо айт –соопчулук менен ыймандуулуктун айты. Ал Алла таала өкүм кылган 30 күндүк орозонун ийгиликтүү өткөндүгүнө арналып шаңдуу майрамдалат.

Ой-пикирлер