Кирүү

Кыргыздардын мейман күтүү салтындагы бөтөнчөлүгү

Кыргыздардын мейман күтүү салтындагы бөтөнчөлүгү. Бул
эч бир дүйнө жүзүндөгу элдерде болбогон айырмачылыктар.
Биринчиден, таанышсыз меймандын кайдан келгенин, кайда баратканын суроочу эмес. Ал кудай конокту жетине албай кабыл алуучу. Аттанаарда гана "Ат сурашуу ызааттан, сез сурашуу сүнөттөн" - деп, ал тууралуу билип калуу парзыбыз. Же мейман өзү жон-жайын айтып кетүүчү.
Экинчиден, тааныбаган бир келген конокту сыйлоо үчүн кой-козу, эчки-улак союп коноктоосу. Бизде бирөөлөрдү конок келсе кою жок, минип турган атына бата тилетиптир деген чындык сез айтылууда.
Үчүнчүдөн, кыргыздар эч качан ак (сүт, айран, кымыз, сүзмө, курут, эжигей, чебеге) сатчу эмес. Анын жердин кегу-чебу-деп коюшкан.

Ой-пикирлер