Кирүү

Кыргызда аш берүү

Кыргызда аш берүү

(Таштанбектин ашынан башталып 1917-жылга чейин)

Кыргызда аш-той берүү эң эски, байыркы замандан келе жаткан хан-феодал, бек, бай-манап, кедей, жарды-жалчыны эзип, алардан пайдалануу үчүн кураган зулумдук жолунун бири аш жана той берүү болгон. Алардын аш берүү, той берүүдөн көбүнчө максаттары кедей начарларды эзип, андан пайдаланып, канын сормок. Өз атактарын көтөрмөк үчүн элди талап чоң зыян келтирип чыгымдатмак жана башка феодал бай-манапка мактанчылык көрсөтүп, алардан өз даңкын ашырмак. Аш берүү, той берүү асилинде бүткүл хан, падыша, бай-манаптын баштап чыгарган саясаты болуп, анын качан башталганы тарыхтарда белгисиз. Бир гана кабар—тарыхка караганда мындан нечен миң жылдап мурун жер жүзүнүн далайын алган күн чыгыш элинин гунь калкынан Угузхан деген падышанын той бергени көрүнөт. Кыргызда дагы эң байыртан баштап, анын учу жок хан-феодал, манаптарынын эски замандан баштап, 1917-жылга жете аш-той берип, бечараны талкалап эзип, мал-баш чак келбесе, алардын өздөрүн эриксиз байгеге сайгандыгы анык. Эми алардын кайсы заманда жана ким тарабынан аш бергендигинен, той бергендигинен кабар берейин.

Угуз хандын той бергени.

"Уулдарым жана элим менен аман-эсен жүрүп жоо сапарынан кайттым" деп той аспаптарын даярдап, бир сарай салдыртты. Бүткүл жыгачтарынын башына алтын орнотту. Лагыл, жакут, зумрат, фируза жана дуре асыл таштар менен чаптырды. Бул сарайдын артыкча жакшы салынганы үчүн аны сүрөттөп мындай деп ырдады:

Бир үй тикти алтындан ол шаар яр,

Тогуз жүз жылкы, тогуз миң кой өлтүрттү.

Тогузуга арак, токсонуга кымыз толтуртту.

Ким ол үй фалак оюнун кылдыңар,

Булгаарыдан токсон тогуз абиз кылдырды,

Барча нөөкерлерди чакыртып келтиртти

Жогоруда жыл темасында кыргызда тогуздан иш жүргүзүү расим байыркы замандан бери келе жатат деп айтылды. эле. Тогуздан расим болгондугу бул эски калктын дагы көрүндү. Көкөтөйгө аш бергенде анын баш байгесинин эсебин ырчылар мындай деп ырдаган:)

Сан сарыча төө саят,

Калыдан килем жаптырып,

Шурудан буйла тактырып,

Ойроттон тандап он сулуу,

Кызды тандап да саят

Сан кулундуу бээ саят,

Кырк кызыл куйрук нар саят,

Ал байгени аз десе,

Кытайдан тандап кырк сулуу

Кызды тандап да саят.

.

Байгеге киши сайгандыгы мындан да көрүндү. Тагайдан баштап, 1834-жылында ашы берилген Таштанбек Атаке уулунун ашына жете эки ортодо аштын кандай бергендиги маалим эмес. Айтылып келе жаткаан кабарда Эсенкул феодалдын ашын берерде жерди казып, чоң үй кылып, асты-үстү тегерегин бышырган кыш менен каптап, шак кайнатып, ичин тол-туруп, күнүнө беш казан шакты үстүнө коюп жаңыртып турасың деп, анын жанына бир үйлүүнү кулун багып турууга калтырып, балдары жайлоого көчүп кеткен. Жайлоодон түшүп аш бергенде баягы бозодон бир кеседен ичкен киши жыгылып турган дейт. Жалаң бозо даярдаганы мынчалык аракет менен болгонуна караганда ашынын башка чыгымы кембагал-кедейге канчалык чоң зыян келтиргендигинде эч шек жок. Таштанбектин ашында байгеге баланча киши сайылган деп бүгүнгө жете эл оозунда келе жаткан-сөздүн аныгы мындайча болгон. Таштанбек Атаке уулу манап кан соргуч зулумдардын бири. Бул 1834-жылында өлгөндө атасы менен бир туугандын баласы Карабектин Кан Жантай (Шабдандын атасы) 40 жашта болуп, бүткүл сарбагыш уругу кыргызда Ормондон соң биринчи феодалдан саналып, зулумдук атагы чыгып калган кезинде баягы хан феодал бий-манаптын кыла келген кесиби үчүн бүткүл өзүнө караган элин бир жерге кондуруп, элден ылоо жыйдырып, кедей-жалчы кулдарга нечен күнү отун ташытып камынып туруп, ашка казак-кыргызды жана Атайкедеги (Ак Бекет) өзүбектин бегин сарбоздор менен конокко чакырган. Кедейлердең жыйдырып канчалык бээ, нече жүздөгөн койлор сойдурган, тарттырган арагы, салдырган бозосу жана жыйдырган кымызында эсеп болбогон. Күрүч менен чайды Кулжадан жүктөтүп алдырып, өрүк, мейизди Анжиандан алдырган. Кыз-келин, катындар үчүн башка тамаша кылдырып, алардын байгеси бир башка болгон. Байгеге малдын үстүнө кошуп, киши; саямын деп Жантай элди чакырып, жантай уругу төрт киши, өсүк төрт киши; таздар төрт киши, молой-чечей төрт киши, асык-моголдор төрт киши, барысы 20 киши болсун, калган кишилерди тынайдын кулдарынан аламын деп, тиги айтылган кишилерден жыйырма кишини четтен кармап алып, кишилер жетпей калганда калың кемегеде эт бышырып жаткан кишилерден он үч кишини (мунун бешөө калмак) айдап барып сайган. Бүткүл байгеге сайылган-65 киши болуп, алардан кайта келип эл болгонунун балдары азыркы Чүй районундагы Атаке кыштагындагы өсүк ичинде чакбөрү Уругуңан актив Кулназар саякка кеткен, Чүй районунда Кашкелең кыштагында таздарда турат. Жолдош-тун бабалары Даакей деген кишинин аты чыгып алып кеткен. Кемин районунда Бейшеке кыштагында өстүк уругунан актив Назаров Дүйшө Таласка кеткен.

Эсенкул феодал 8 катын алып, биринин тукуму Ниязбек феодал (Ормон хандын атасы) Ысык-Көлдө өлгөндө кыштын күнү анын сөөгүн Ормон баштык сегиз уулу сегиз күнү кыдырып, кышында көбү аманат койдуруп, жазында бел ачылганда Күнгөйдөн алып келип, өлүгүн Чоң-Кеминдин талаасы Кашка Жолбалыктынын оюна койгон. Көрүн казганда Ак бекеттен (Атайке) өзүбектин усталарын алдырып, кеңдигин 8 канат үйдөй кылып тананына, тегерегине бышырган кыш каптап коюп, сөөгүн булгаарыга салып, алдына ак кийиз төшөп койгон. Эл жайлоого чыкпастан мурун хоргон сала баштап, коргонун төрт бурчтуу кылып бышырган кыштан салдырган. Ар бурчун төрттөн баласы ээлеп (эки катындан 16, бир катындан жалгыз, бардыгы 17 баласы болгон), салдырган коргондун кеңдиги жарым гектар жер болуп, бийиктиги эки жарым кез, эни бир кез болуп, бышырган кыштан салынган. Бүткүл элди жайлоого чыгарбастан, туш-тушка таратып көчүрбөстөн кондуруп, улоо, союш, отун алыш бүткүл кедейдин мойнунда болгон. Хан Ормондун атасы Ниязбектин коргону салынып, коргон салган үчүн ат чабат экен деп казак, кыргыздын бүткүл бай-манап феодалдары бир нече күнү коноктоп жаткан.

Бүткүл чыгымы кедейдин мойнунда болуп, коргон бүткөндө кубанычына ат чабылган. Аттын сүрөөсүн Чоң Кеминдин тескей жагы Орто Кайыңдынын оозун-дагы Кара Дөбөгө сайып, атты Чоң Кеминдин суусун кечирип, кашка жол ашырып, Кичи Кеминдин суусунун Чүйгө куйган жери Каштек кыштагынын күн батышы Атайке кыштагынын тушу Кара Бүргөндөн кое берген. Чыккан ат Бердикожо деген Ормондун бир тууганы болуп, анын Кулакашка деген жаңыдан бычылган быштысы болгон. Чабылганда кан такымын жууп кетип, башка ат Боролдойго келгенде Кулакашка Үч Уруктун тушуна келген. Башка ат ал жерге келгенде Кулакашка Кашка Жолду жөлөнгөн. Башка ат бул жерге келгенде тигил текирең менен Белге чык-кан. Башка аттар Белге чыкканда Кулакашка сууну кечип кеткен. Сүрөөчү Кашка Жолдун ылдыйында ат-тын чылбырын ийнине салып алып сүрөгөн. Ниязбектин ашы 1843-жылында берилип, кандайча берилгени маалим эмес. Бирок Ормон хан Кокондун ханынан эт туурай турган кырк бычак берсин деп суратып алган. Чыгып келген ат сарбагыш кыргызынан Төрөгелдинин ак-кызыл аты болуп, байгесинин ичинде 100 жылкысы жама-н экен, талатып жиберейин деп Төрегелди Жан-тайга акыл салганда ал экөөбүздү бирдей Ормон тал-калайт, атамдын байгесин талатты деп, көтүңдү кыс дегенде Төрөгелди туруп кеткен.

1861-жылында Ниязбек феодалдын баласы Ормон хандын иниси Ырыскулбектин Чоконун чоң атасы ашын бергенде кедейлер төрт күн конок алып, чапкан аттын сүрөөсу Кочкордогу кырк чоронун күмбөзү болуп, атты Кескен Ташты бастырып, Топурак Белди ашырып, Көтмалаңдагы Коңур Өлөң, Ала Баштан коё берген. Болжолу 100 чакырым жер. Сүрөөчү Кескен Ташка туруп, чыгып келе жаткан ат жантай ичинде токтоку уругунан Кадырберди Абылмейиз уулунун аты болуп, сүрөөчү жетпей калып, Арзынын Акчийинде ала качып, калың чийдин бетеге, карын да көрбөстөн түйүлгөн. Ат чыгып барганда айылындагы букаранын кызын чыркыратып алып келип берип, атты Кадырбердиден алып калган. Ал кызды Кадырберди алып, андан туулган Кемин районундагы Шахрай колхозунда член, 1934-жылында 57 жашка келген Шермалы Кадырберди уулу.

1868—1870-жылдар арасында Кочкордо манап Төрөгелди Абайылда уулунун ашы болуп, Үмөталы Ормон уулунун аты чыкканда арадак атын кошуп, менин атым чыкты кылып, абыла уругунан манап Боронбай Рай уулу тартып алган. Тартып алган себеби Боронбай Рай уулу Үмөталы Ормон уулунун айылында жүрүп, бир тентектик кылганда Үмөталы Боронбайды катуу уруп-согуп ызаланганда Боронбай Үмөталыдан көчүп, Шабдан Жантай уулуна барып кошулган. Ушул Төрегелдинин Чоткара деген баласынын ашын бер-генде сүрөөнү Соң Көлдүн чатындагы суунун сол жагы кылып, атты Көлдүн башын имерилтип, Көлдүн аягындагы эл турган суунун оң жагынан кое берген. Болжолу 80 чакырым жер.

1883—1884-жылдарда Ысык-Көл боюнда Байсоорунда (Сазоновка) да көлдөгү саяк манабы жана бай Ырысмендинин ашы берилген. Келген конок үчүн кедейден 800 үй тигилген. Атты айдоого жакын калган-да бугу кыргызынын манабы жана чоң байы Абылайдын кичи катынынын баласы Жаныбек сынчы солто феодалы, манабы Байтик Канаевдин Керкашкасын көрүп сынап туруп айтканы: "Бул атты чаптырбагыла, тулпардын туулган жеринде туулган экен. Бир суутусу калыптыр. Калса дагы тулпардагы менен чыгат. Эгерде бул ат чабылбаса, менин эки атым удаа келет эле. Жер ортосуна жете солто Сулаймандын алып келген Сергей деген күлүк аты келет. Анан калып калат. Аны Керкашка басып өтүп, байгеден чыгат. Дагы баш байге алат", — деген. Айтканындай Сергей орто жолго жете чыгып келип, андан Байтиктин Керкашка өтүп, байгеге чыгып барган. Жаныбектин эки аты анын артынан экинчи, үчүнчү байгеге келген.

Ошол жылдарда казактан бир чоң ат чабыш болуп, сүрөөчүгө элди айырып жаткаңда сүрөөчүлөргө Жаныбек мындай деген: "Бул ат чоң күлүк, бирок байтал бээнин баласы болгондуктан энеден түшө замат энеси сүткө көп тойгузбай калып, сүт ордуна бетеге жер өстү эле. Эми жолдон чыгарбай, жолдун таманы менен сүрбөгүлө. Кокустан жолдон чыгара сүрөсөңөр бетегенин жыты мурдуна келе түшүп, аны жеймин деп чылбырга сүйөнүп, кажагайлап, чуркашын кемитер. Силер болбостон күч менен сүрөгөндө жата калып бетегеден жемекке аракеттенип калганда башка озуп кетер. Ошого этият болгула", — дегенде Солтонкул деген агасы: "Ушундай дагы жарабаган сөз болобу", — деп бастырып кетип, Жадыбектин калпы-чынын кармайм деп сүрөөчүнүн аягына келип турганда баякы Жаныбектин аты чыгып келген жолдон чыгара сүрөөткөндө ат кажагайлап жата калмакчы болуп, башка ат чыга турган болгондо атты жолго салганда баштагыдай чуркап, байгеге чыгып барган.

Ошондон бир-эки жыл мурун, жаки ушул жылдар-да жайлоодо бугу феодалы Мураталынын ашы болуп, сүрөө Каркыранын тоосу болуп, атты Түптүн Көлгө куйган чарынан коё берген. Саяк кыргызынан чиркей уругунан Кенжебайдын Арчатору деген аты чыгып, бирдин соңу Чыныбай Тилекмат уулунун күлүк жээрде аты келген. Казак, кыргыздан киши көп болуп, төрт күнү кедейлер конок күткөн. Байгесинин башы бечарадан чогулган 1000 жылкы болуп, 100 жылкы-сын Кенжебай өзү алып калып, 900 жылкыны бугу менен саякка таратып берген. Ат чаппастан мурунку күнү аттардын баарысынан тер алып жатканда Кенжебай сынап жүрүп, өз атынын чыгарын, Чыныбайдын аты экинчи болорун билген. Эгерде андай болбосо казак менен солто, сарбагыш кыргыздарынан барган кооптуу күлүк аттарды чаптырбаска бүткүл саяк менен бугунун манаптары жана байлары кеңешин токтотушкан.

Ушул жылдарда бугу кыргызы Алдаяр уругунан атактуу Мойут сынчы Ысык Көлдүн башы Кызыл Кыянын суусунда аттарын чалдырып олтуруп, жол боюнан жаңыдан чычкан бир аттын тезегин көрүп, бул ылдый киши өткөн жок, биздин алдыбызда болорго керек, бул тезек тулпардын тезеги экен деп, токтоо-суз атына мине сала сууну өрдөп жөнөшкөн. Суу бойлоп чаап жүрүп олтуруп, атты табалбай, ушул жол менен жүрүп бара жаткан киши, жаки суу бойлоп бара жаткан жылкы учурадыбы дегенде бир киши "эшек айдаган бир топ сарт ичинде бир көк ала ат мингени бар, Каркыраны бет алып кетти", — деген. Мойут артынан кууп барып, Жаркентке жакын калганда же-тип, көк ала аттын күлүк экендигин билип, минген семиз өзүнүн тору жоргосуна башка дагы мал кошуп берип алып кайткан, дегениндей көк ала ат күлүк чыккан.

Эскиче 5-мартта 1886-жылында солто феодалы Байтик Канай өлүп, ушул жылы сентябрь айынын башында бүткүл солто кыргызынан бай-манаптарын чакырып, үч бээ, кырк чамалуу кой союп, Байсал де-ген баласы атты кандай чабабыз, ашты кандай бере-биз, Байтиктен көбүрөөк насия калды, анда аш берүү аркасында кутулбасам болбойт деп бир айдан соң аш берүүгө кеңеш кылып тараган. Ушул кечинде түн катырып киши чаптырып, Суусамыр жайлоосуна коё берген айтылуу күлүк Керкашканы алып келүүгө буюрган. Экинчи жигитти бөлөкбай уругу Шергазы саяпкерди алып келгин деген. Эки жигит түн боюнча жүрүп, эртесинде атты дагы, Шергазыны дагы алып келгенде ат чөйчөгү ала семиртет экен. Аны көрүп туруп Шергазыга мындай деген: "Баатырга (Байтикке) аш бермек болдум, бир айда ат чабылат, айбан да болсо атам менен арбагы бирге чыккан мал эле. Байлап чаап, баш байгесин алып бересиң, эгерде бир айда кадимкидей чабар этине келтирбесең башың кул, малың талоон болот", — деп бир атты кошо берип, Керкашка атты Шергазы менен жөнөткөн.

Шергазы үйүнө келип бир күндө экиден тер алып таптоого кирген. Бир айга жакын калганда үйгө деп Бишкек шаарынын күн батышы кара жолдун алды, Ак Чийдин күн чыгышына 3 миң түтүн, ашканага деп 2 миң түтүн тиктирип, дарга ойной турган өзбектен, Ферганадан даргачы алдырып, дар орнотуп жана бүткүл Бишкектеги самоорчуну көчүрүп барып орноткон. Олуя Ата менен Алма Атадагы казак текши чакырылып, Аркадагы бүткүл кыргыз кел-ген. Үч күн конок алган. Чыгым бербеймин, конок албаймын, жаки жайлоо отун бербеймин деген кедейлер болсо алардын жалгыз атын жыктырып, аларды келген конокко таратып турган. Эки күндөн соң ат чабылат дегенде Шергазы Керкашканы алып келсин деп Байсал киши жиберип алдырып атты көрсө, чөйчөгү баягыдай эле болуп, бир аз гана жараган экен. Байсал: "Бул ат жарабай калыптыр,- аш тараган соң сени менен кебим болсун", — деп басып кеткен. Көрсө Шергазы саяпкер аттан бир күндө эки тер алып кийин кетердин алдында камыштын шабырлуу кара суусуна жана көк бедеге агыта берип, ич майын калтырбастан, сыртына тарттырып койгон экен. Шергазынын оюңда дагы аттын бир гана кемчилиги калды, Болбосо башка жеринде айып калган жок деп ойлоочу экен. Байсал атты көргөндө Таластан келген Буурул аттуу саяпкер дагы көрүп, кошо барганда ат-тын бир гана жеринде табы калыптыр, аны Шергазы билген эмес, эми менин буурул атым кудай жер казыгынан сактаса чыгат, баш байге меники деген.

Көркашка аттан үмүтүн үзгөн Байсал адейи Таластан чакырып алдырган Буурул аттуу саяпкерди баштагыдан артык ардактап калган. Имиш-имиштер бул саяпкердин Керкашка аттын бир жериндеги айыбы болбосо чыкмак, байге алмак дегенин Шергазы уга сала өзүнүн дагы жалгыз кообу ушул болгон үчүн аны билмекке бир боз бала жигитти жаман кийиндирип, калптан эле сөз укпас каңырыш кулак болгонсуп, буурул аттын ээси жаткан үйгө от жагымыш болуп, Керкашка тууралуу эмне айтса дароо айтып кел деп жумшаган.

Бала жигит келип сөздөрүн укпамыш болуп, ылдый карап үйдөн чыкпай отун жага берген. Үйүндөгү жолдоштору Керкашка аттын айыбы кайсы жерде дегенде Буурул аттын ээси айтпай коюп, эки-үч жандырып, жолдоштору болбостон, өтүнүп сураганда баякы саяпкер: "Эми силер болбодуңар, эртең ат чабылат, жат киши болбосун, үйдүн айланасын карап кел, отун жаккан болсо кулагы каңырыш, дүлөй экен, сөз укпайт", — деп мындай деген: "Кызыталак Шергазы анык саяпкер экен, эч бир саяпкер бир айдын ичинде ыраңга семирген ат түгүл, бедеге байланган атты да тапка келтире албайт. Өңгөсүндө сиркедей айып жок, аттын умасында азоолок май калыптыр. Күлүктүгү менен келип экинчи байгени алат", — дегенде жолдоштору олтуруп, эми муну сиздин билүүңүздө кан. дайча кылса болот деп сураганда: "Күн чукул калды, эртең ат чабылат, ал майды кетирүүгө 3-4 күн керек", деп сөзүн токтоткондо от жаккан бала отун алып келейин деп эшикке чыга жөнөгөн. Баланы багып турган Шергазы сөз уктуңбу дегенде, бала укканын айт-кан. Шергазы: "Ээ кудай мени урганда ошону байкабай калган экенмин", — деп өз башын өзү муштап, чуркаган бойдон барып, Керкашка аттын умасын кармап көрүп, бычак сыртына жакын май бар экен деп өз сакалын өзү жулуп, өкүрүп олтуруп-тура калып, бир аздан соң Керкашка атты коштоп, Карасууну көздөп жөнөгөн. Бара сала атты жылаңач кылып намаз бешимден намаз куптага чейин Кара-сууга капталына чейин малынтып байлап, коюп, титиреп жыгыларында чыгарып келип, көк бедеден орточо жедирип, катуу тердетип, анан таңаштырып койгон. Эртең менен атты чубатарда: "Шергазы Керкашка атты берсин, сүрөөгө минет", —деп Байсал киши жиберсе: "Аш тараганча ат меники, андан кийин башым кул, малым талоон болорун билемин", — деп атты бербеген.

Чабылган 350 ат болуп, казак атын колуна кылыч алып башка бөлүп, чапырашты казагынан Кудайберген Куттуксейит уулу айдап, кыргыз атын Бөлөкбайдан Айдабоосун менен Үмүкө айдаган. Кыргыз аш берип жатасыңар, балким ат качырасыңар, биз арттан айдайбыз; кыргыз алга түшкүлө дегенде кыргыздар алга түшкөн. Казак аттары бир чакырымча жакын артта бара жатып, жерине жакын калганда Кудай-берген: "Акеңдин оозун урайын жоо кыргыз, мени не кылса кылсын, балдар жолуңар болсун", — деп балдарды коё берип, өзү Чулунун көпүрөсүн көздөп салганда алдында бара жаткан кыргыздар көрүп аттарды коё берип, Айдообосун Кудайбергенди Чулунун көпүрөсүнө жете кубалап барып жетпей калган.

Байгенин башы 100 төө, миң кой болуп, 25 атка байге сайылып, сүрөө Акчий болгон. Аттар орто жолго келгенде Керкашка ат алтымыш аттын артында болгон. Илгери өтүп, камыштуу Карасууну башка аттар кечип өткөндө, Керкашка аттап өткөн. Күзөкөнүн кысыгына келгенде сүрөөгө 7-8 чакырым калганда 21 аттын артында болгон. Сүрөөгө төрт чакырым калганда башка аттардан жарым чакырым чыгып, тилин бир кез салып жиберип, оозунан кан аралаш ак көбүк аккан. Байгеге бир чакырымдан алыс чыгып барып баш байгени алган.

Эр сайышта бугу, саяк, сарбагыш — саяк уругунан Букар менен Малекени салган. Талас кыргызы менен казак бир болуп, эки эр чыгарып, төртөө сайышканда биринчи беттешкенде беттегенин Букар сайып кеткен. Малекенин далысына найза атып алдыра турган болгондо, жаш бала экен деп, эл аяп ажыратып, байгени бөлүп берген. Байтик өлгөндө болсун, аш бергенде болсун, кырк жигитке көк кийгизип, көк селде ороп коюп өкүрткөн. Ал чакта дайым Турап деген сурнайчы сурнайын тартып туруп өкүрүк басылганда Найманбай ырчы ыр менен көңүл айтып, ал басыла замат кыз-келин кошкон. Конокко келген эл 40 миңден артык киши болгон.

Бугу феодал байларынын тукуму манап, Белектин балдарынан Бирназар анын уулу Алыбай, анын Солтонкул деген баласынын ашын 1889-жылында күзүндө Ысык Көлдөгү Түптүн суусунун бою Кең Суунун талаасында эл эгинин алып болгондо конокко бир миң үй тигип, Алма аты, Жаркент казагын, солто, саяк, сарбагыш, моңолдор, черикти бүт чакырып аш берген. Сүрөөсү Түпкө жакын (Ашташ деген) жер болуп, атты Көкө Кулусунду карай айдап барып-, Көлдүн жээгине жакын Сардөбө деген жерден кое берген. 300 ат болуп, Чыныбайдын аргымагы чыгып, байгесинин көбүн кедейден чогулткан 900 жылкы алган. 25 атка байге сайылып, эң арткы атка бир жылкы 10 кой сайган. Эр сайышка бугу-саяктан саяк кыргыз жогоруда айтылган Букардын бир тууганы Тайгашка чыгып, солто менен сарбагыштан кытай уругунан Эгемберди Божокой уулу чыгып, биринчи беттешкенде эки найза тең белинен сынып, экөө бирдей камчылашканда Тайгашка бугуга ыктап бара жатканда эл ажыратып кетип, байгени тең, бөлүп берген. Үч күн конок алып, байгеге сая турган жылкыларды кайтарып турган кыпчак уругу Адык деген кедей болуп, акысына өзүнүн мойнуна түшкөн чыгымынын жартысын токтотуп калган. Ошондо дагы бир кой, бир серке берген. Демек, кедейдин түтүн башына үч койдон берген болот. Отун, улоо, аттын жем-чөбү мындан тышкары. Балбандарын эски адет боюнча төрт күнү буудай майлап берип, кымыз ичирбей суулу тамакты аз берип турган.
1898-жылы күзүндө Чоң Кеминде сентябр айында Чолпонбай деген байдын ашы берилип, 500 үй үч күн конок алып, түтүнгө бечарадан эки сомдон чыгым алып, 15 атка байге сайып, сүрөөнү Жолулактын Кичи Кемин жаккы оозу кылып, атты Карабүргөн Атейкёнин түн жак тушу, Чүй суусунун оң жагына коё берип, Чагатай Күнтууган уулунун Кунантору деген күлүк аты чыгып, 500 сом байгени алган (Мен бул ашта болдум). Ушул жылы күзүндө Ысык-Көлдөгү сакай саягынын манабы жана байы Канкелдинин Айчүрөк деген катынына аш берип, кедейден түтүнгө бир кой алып аш берип, кочкордук сарбагыш манабы Көбөгөн Шыгай уулунун чаар аты чыгып байге алган. Конокко 500 үй тигилген.

1900-ж.ылы октябрь айынын аягында Токмок шаарынын алкымындагы Кызыл Туу деген жерге атактуу манап Соронбай Кудайар уулунун ашы берилип, келген коноктор солто уругу кыргыздар конокту жакшы күтпөдүк деп, айылындагы кедейлерди уруп-согуп, бир далай малын талап алган. Ал кедейлер Токмоктогу приставга арызга барса, Соройбайдын Дүр деген манап баласынын тилин алып, пара жеп, ал бечараларды набактыга камап койгон, Бул ашта мен болдум. 2 миң үй тигилип, 35 миң киши келген.

1901-жылы Ысык Көлдүн Ылаколунда турган саяк манаптарынан Баатыркан бир тууган агасы Байбек дегенге аш берип, төрт күн конок алып, 2 миң үй тигилип, 15 миң киши келген. Бул ашка мен кетип бара жатып Ылаколдо ушул аш берген саяктын айылында бир кедейдикинде кондум., Биз жыйырма чамалуу киши элек. Жарды байкуш конок кыларга эч нерсе табалбай, саан үйүнүн жалгыз музоосун соймокчу болду. Мени ээрчип бара жаткан жолдошторумдун аксакалдары союуга ыктыяр болду. Мен бечаранын жалгыз музоосун сойгондо эмне пайда табабыз, бир күнү жарма ичип жатсак болбойбу, мунун музоосун коё берели дегенде алар макул алышып, коё бер десе, баягы бечара музоону коё бербестен: "Айланайындар, кокустан Баатыркан укса менин жалгыз музоолу сыйырымдаң айрып, өзүмдү катын-балдарым менен эки-үч жыл жумушун кылдырат", — деп ыйлап жибергенде биздин жолдошторубуздан бир жигит тура калып музоону колунан алып, бир күнү кара суу ичип жатсак дагы ыраазыбыз, ооруган киши деле суу ичип жатат турбайбы, биз болсок денибиз таза турбайбы деп музоону колунан алып коё бергеңде баякы жигит сүйүнгөндөн дагы ыйлап, эки казан нан жаап берип, козу карын май бар экен, ошону менен конок кылды. Кыдык Саке дегендин аты чыкты. Атты 30 чакырым жерден коё берди. Сүрөө Дубананын бели болду. Мен ушул барганымда Марбулактын чалдыбарын текшердим. Бул аштан бир-эки жылдан соң сарбагыш манабынан кырк жигит Бектендин ашы берилип, миң-деген үй тигилип, кедейлерден Тиштек менен Аксакал сайышып, Тиштекти Аксакал сайып өлтүргөн. Кедей-дин өлгөнү иттин өлгөнү деп, бай-манаптар бастырып кеткен.

1908-жылы Суусамырдагы манап боркемик уругунан Райымбек Калча уулунун ашын Суусамырдын күн батыш Төржайлык деген жерде күздүн күнү берип, аштын чыгымы кедейдин мойнунда болуп эки жактан эки кедей "сайышка чыкканда, биринчи сайышта эки найза белинен сының кетип, экинчи сайышканда аксакал Эрназар дегенди сайып өлтүргөн. Анын куну деп бир тогуз мал айып берген. Бай-манап-тары олжо деп талап кеткен. 1910-жылында Жумгал саягынын манабы Түркмөн атасы Зарыпбекке аш берип, атты 50 чакырым жерге айдаган, Төрт ат жинигип өлгөн. Аштын чыгымын кембагал кедейлер тарткан. Чабылган ат бир жүздөн артык болуп, Нарында турган манап Калпа Келдибек уулунун Каракашка аты чыгып, байгесине төө баштаган үч тогуз жана 100 кой алган.

Шабдан .Жантаевдин а ш ы. Шабдан Жантаев 1839-жылында жайында Боомдун капчыгаиынын күн батышы Көк Жар деген жерде туулуп, 17 жашка келгенде журт ишине аралашып, илгерки кыргыздын кан соргуч феодалдары катары кырк жигит жыймакчы болуп бир аз жыйып, Узун Агач согушуна аралашып, андан Ташкендеги өзбектин улугунун алдында бир канчалык туруп .кайтадан келгенде 1862-жылы орус колонизаторуна ыктыяр болуп табы болгон. Ошондон баштап Николайдын кызматын кылып, 1875— 1876-жылдарда Фергананы орус колонизатору алганда барып жардам көрсөтүп, ушул үчүн войсковой старшина милисия ченин алган. 1912-жылы 6-апрелде Чоң Кеминде өлгөн. Тогуз катын алып, төрт катынынан беш эркек бала калган. Өлгөндө ар жакка кабар берип, Алматы, Пишпек, Нарын, Караколдон келген кишинин саны миң чамалуу болуп, бүткүл жаназасына киришкени 7 мин кишиче болгон. Кембагал, кедейден жыйналган 350 жылкы, 2500 сом, 9 жакшы ат ээр-токуму, жабдыгы менен. 3 атка кошкон бир пабаска араба, 20 ичик, 20 кымкап, 80 бейкасам жана 450 сомдун кездемеси молдого жана элге берилди. 9-апрелде өлүгү коюлуп, келген эл 10—Н-апрелде тарады.

Ошондон баштап кырк ашында дагы бечаралар чоң чыгым болуп турду. Ашка чакырылган эл 7-октябрден келе баштады. Казак, кыргыз, дунган, орус, ногой, уйгур жана бир жүз казак-орус төрөлөрү дагы келип, бүткүл баарынын саны 50 миң чамалуу киши болду. 10-октябрден 15-октябрге чейин тамашасы болуп, биринчисинде кемегеге ат чабылды, анан кунан чабылды. Бурана, шамшы, тынай, атайке жаңа сарбагыш баары баш болуп, беш болуш элден конокко 1500, ашканага миң түтүн тигилди.

Аш Кичи Кеминдин оозу азыркы Үч Урук кыштагында берилип, тигилген үйлөр Боролдойдун шилесине чейин болду .Сайышка казактан Макыш, кыргыз-дан Сабыр чыгып, беш-алты сайышып жеңише албады. Экинчи сайышта Аксакал менен Кеминдеги жан-тай кыргызынан Жусуп чыгып, Жусуп Аксакалды биринчи сайганда аттан кулата сайса да, Аксакалдын найзасы Жусуптун табарсыгына тийип, ошондон эки айдан соң өлдү. Сайышка түшкөн төрт киши төртөө тең кедей, батрак болгон.

Конокко 10 миң кой, 2 миң жылкы союлуп, мындан тышкары кедейдин ар түтүнүнө 15 сомдон чыгым түштү. Чыгым бербейбиз деген кедейди конокко келген уезд пристав каматып турду. Сүрөө Боролдой болуп, атты 14-октябрде айдап барып, Токмоктун тушуна түнөтүп, эртеси 15 числада кое берген. Солто ичинде күнтуу деген элдин чаар аты чыгып, байгесине 5 мин. сом алды. Экинчи ат жумгалдык саяк Бекболот де-гендин Нарынбаш деген кызыл аты болду. 25 атка байге коюлуп, соңгу байге бир ат, 50 сом болду, 11 атка чейин кыргыз аты болуп, 12-ат англис тукуму-нан Жакерия — Ташкенден келе чабылып, ушул болду. 18-ат Акбекеттеги сарайчы орустун аты болду. Калган аттар кыргыз, казактыкы.

Күн абдан ачык, жер чаңдуу болду. Мындан башка мечит-медресеге Токмоктогу кыраатканага жана Шабдандын күмбөзүнө болгон чыгым 10 миң сом чамада болуп, Шабдан өлгөндөн соң аш тараганча эки ортодогу болгон чыгым бүкүлү менен кембагал кедейдин мойнуна түшүп, ыйласа да, сыктаса да, зарласа да бир тыйын калтырбастан берди. Шабдан өлгөндө жана ашын бергенде мен ичинде болдум. Совет өкмөтү курулгандан соң Нарында Касымалы, Чүйдө Дүр, Кетмен Төбөдө Керимбайдын аш бергендери болду. (Соңкусу той берген.)

Кыргызда аш берүү

Ой-пикирлер