Кирүү

Кыргызча макалдар - С

Кыргызча макалдар - С

"Саман учуп келатат" десе, "Самарканды жоо чапты" дейт.
"Сасык" деп, уйдун мурдун кесип таштабайт.
"Сен" деген сыпайыга өлүм.
"Сен", "мен" деген сенек сөз, "сиз", "биз" деген сылык сөз.
"Сеники", "меники" — көңүлдүн тардыгы, "ары жат", "бери жат" — төшөктүн тардыгы.
"Сиз", "биз" деген сылык сөз, "сен", "мен" деген сенек сөз.
Сааганым Сарбагыштын бээси, азандан келет ээси.
Саан камдаганча, саман камда.
Саан камдагыча, сабаңды камда.
Саан уйду кысыр уйга алмашбайт.
Сааның жок болсо да сабааң болсун.
Сааныңды камдаганча, сабааңды камда.
Саап ичсең — миң күндүк, союп жесең — бир күндүк.
Саап ичсең миң күндүк, чаап ичсең бир күндүк.
Сабаасына жараша (карай) бишкеги, сакалына (мурутуна) жараша (карай) искеги.
Сабаасына карай — бишкеги, сакалына карай — искеги.
Сабагы жаман жемиштин даны да жаман.
Сабасына жараша — бишкеги, мурутуна жараша — искеги.
Сабасына карай — бишкеги, сакалына карай — искеги.
Сабаттуу күн сымак, сабатсыз түн сымак.
Сабына жараша — бычагы, сакалына жараша —искеги.
Сабырдуу адам — жылдыздуу.
Сабырдуу болсон — озорсуң, сабырсыз болсоң осолсуң.
Сабырдуулугуң — салтанатың.
Сабырдуулук — бакыттын ачкычы.
Сабырдуулук акылмандын шериги.
Сабырдуунун багына алма бүтөт, сабырсыздын башына кайгы түшөт.
Сабырдын түбү — сары алтын, санабай билгин кымбатын.
Сабырдын түбү — сары алтын.
Сабырсыздын иши тамырсыз.
Сагызган сактыгынан өлбөй, суктугунан өлөт.
Сагызган сактыгынан эмес, суктугунан өлүптүр.
Сагызгандын баласы агынан көп карасы.
Сагызгандын санаасы жоордо, соргоктун санаасы куйрук — боордо.
Сагынычтан — саргаят
Санаасы жок сары сууга семирет.
Сайма сая албаган ийне тандайт.
Сак болсоң, ишиң ирээттүү болот.
Сак жүргөн кор болбойт.
Сакадай бою — сары алтын.
Сакал тойдо керек.
Сакалдуу киши жоого түшөбү?
Сакалдуунун баары эле чоң ата эмес.
Сакалдын көркү — чалда, сулуунун көркү — калда
Сакалдын көркү чалда бар, сулуунун көркү калда бар.
Сакалы узун кишинин акылы кыска.
Сакалы узун, акылы кыска.
Сакалың өспөсө, сакалсызга күлбө.
Сакалыңдын агы бар, балалыгың дагы бар.
Сактанбаган алп жардан алыс кетиптир.
Сактанганды — сактаптыр.
Сактансаң — сактаармын.
Сактансаң — сактаймын, сактанбасаң — отко кактаймын.
Сактансаң, соо каларсың.
Сактасаң миң күндүк, сактабасаң бир күндүк.
Сактыкка кордук жок, закондо зордук жок.
Сактыкта кордук жок.
Сактын саны калып, маңыроонун сайда саны калат.
Салаалап сыйпап сакалды, карылар айтат макалды.
Салаалап тарап сакалды, карылар айтар макалды.
Саламсыз кирген уят, жоопсуз чыккан уят.
Салынуу капкан — теңсиздик, зарланган муң — элсиздик, аккан жаш — жерсиздик.
Саман өрттөнүптүр десе, Самарканды жоо чааптыр дейт.
Саманкана күйдү десе, Самаркан күйдү дейт.
Сан тийбеске сан тийди, табак —табак нан тийди.
Санаа — эрди саргайтат, сары жел — чөптү кубартат.
Санаа коёндон да күлүк.
Санаа куюндан да күлүк.
Санаа менен байыба, убайым менен карыба.
Санаа менен жетпеген, талап менен табылат.
Санаа — саргайтат, убайым — картайтат.
Санаа тарткандын ичкени — ирим, жегени — желим.
Санаа эрди саргайтат, сары жел чөптү кубартат.
Санаанын изи жок, санаасыз киши жок.
Санаасы жок - уйкучул, акылы (же ары) жок — күлкүчүл.
Санаасы жок сары сууга семирет, катыны жок кыздуу үйгө теминет.
Санаасы жок сары сууга семирет.
Санабай туруп түгөл дебе.
Сандык жыйган жүгүңө, сарамжал кылгын үйүңө.
Санчыга — сан.
Саны бар сапаты жок.
Саны бар, сапаасы (же сапаты) жок.
Саны менен бирге даны болсун.
Сапарбайдын сан жылкысы көрүнбөй, Кулансарыктын кула байталы көрүнөт.
Сапарбайдын сан жылкысынан Кулансарыктын кула байталы көрүнөт.
Сараң адамды кесип алса кан чыкпайт.
Сараң байдын коногу болгуча, март кедейдин коногу бол.
Сараңдан сурасаң, ал сары оору болот.
Сараңдардын миңинен, жалгыз да болсо март жакшы.
Сараңды берип уялт.
Сараңдын жыйганын зордукчу чачат
Сараңдын казаны кайнабайт.
Сараңдын колу тар, кайда барса жолу тар.
Саралалуу көп жылкы булактан келип суу ичсе, булактын чери жазылат.
Сарамжалдуу — байлыкка алып баруучу байсалдуу жол.
Сарамжалдуулук байлыктан артык.
Саргара жортсоң, кызара бөртөрсүң.
Сарсанаа болбо жогуңа, санаа жокко жеткирбейт.
Сарт байыса там салат, кыргыз байыса катын алат.
Сарт бышырсын, кыргыз туурасын, казак ашасын.
Сарт үйүн көргөндө чабат.
Сарт санаа менен байыйт, убайым менен карыйт.
Сарт санаасы менен байыйт.
Сарттын аты жемкор болсо, дорбоону тешет.
Сарттын ашына күйгөнчө, атаңдын башына күй.
Сары ала тоок саман чачат, өз айыбын өзү ачат.
Сары савылды ичкендин жаны савил.
Сая албаган — ийне тандайт, саптай албаган — учук тандайт.
Сая албаган ийне тандайт.
Саяк жүрсөң, таяк жейсиң.
Саяк менен сагызганга убал жок.
Саяпкери жарашса, жаман ат байге алат.
Себепсиз күлгөн тарбиясыздыктын белгиси.
Себепсиз макал айтылбайт
Себептен себеп, балчыктан имарат.
Сөөктүн эң жаманы суу кечирет.
Секет үчүн сегиз сөм ыйгарганың — молдонун кызын септүү кылганың.
Сексен жылкы, сегиз төө септүү кыздын калыңы.
Сел сайды бузат, ушак элди бузат.
Семиз арыктаганча, арыктын жаны чыгыптыр.
Семиз жер — мейиз жер, шор жер — кор жер, кум жер — кубулган жер.
Семиз кой берем дегенге, селдесин саткан молдо бар.
Семиздикти кой көтөрөт, эркеликти уул көтөрөт.
Семиздин аягы сегиз.
Сен арт, мен арттан да, сен тарт, мен тарт жаман.
Сен калкалаган душманды биз талкалаганда сүйлөшө жатарбыз.
Сен каркыра мен турна, мен турган жерге сен турба.
Сен салар да мен салар, атка чөптү ким салар?
Сен сыйласан карыңды, кудай сыйлайт барыңды.
Сен, сен деген селейет.
Сени күндүз мактаган түндө сөгөт.
Септүү кыз болгуча, эптүү кыз бол
Серкеси болбой, эл болбойт.
Сескенгенден сескен, шектенгенден шектен.
Сиздердикине барганда — ичейли да жейли, биздикине келгенде — ырдайлы да ойнойлу.
Сиздин акканыңыз биздин акканыбыз.
Сиңер жерге суу жай, угар кишиге сөз айт.
Сийдиги тентектин бири тентек, жатыны тентектин баары тентек.
Сиркеси суу көтөрбөйт.
Сүзөнөөк уйга кудай мүйүздөн айтпаган.
Сүйбөгөн менен жашоо — өзүңдү өзүң кыйноо.
Сүйбөгөнгө — сүйкөнбө.
Сүйбөгөнгө суюк атала берет.
Сүйбөс конок төргө өт.
Сүйбөс төргө чык.
Сүйгүзгөн да тил, күйгүзгөн да тил.
Сүйгөн кесибиң — ырыс —кешигин,.
Сүйгөнгө үйүр эмес — кошконго үйүр, кошконго үйүр эмес — сүйгөнгө үйүр.
Сүйгөнүңдүн кемчилиги болбойт.
Сүйүү башталган жерде, акыл аягына чыгат.
Сүйүү өлүмдөн күчтүү.
Сүйүү кары — жашты ылгабайт.
Сүйүү менен жаша, күрөш менен өл.
Сүйүү оттон ысык, гүлдөн назик.
Сүйүү сулуу издебейт, уйку төшөк издебейт.
Сүйүүнүн көзү сокур.
Сүйүүсүз адамдардын оту күйүшпөйт.
Сүйүүсүз аял карыз алган буюмдай.
Сүйүнгөн менен маңдай айрылбайт, корккон менен жүрөк жарылбайт.
Сүйүнгөндөн маңдай айрылбайт, корккондон жүрөк жарылбайт.
Сүйүнчүнү бүюрган киши алуучу, шашкан куру калуучу.
Сүйүшпөгөндүн оту күйүшпөйт.
Сүйөөрүң да — от, күйөөрүн да — от.
Сүйлөгөн сөздү угууга, сүйө турган эл керек.
Сүйлөгөндү сүйсөң, укканга да үйрөн.
Сүйлөй — сүйлөй чечен болосуң, көрө-көрө көсөм болосуң.
Сүйлөрүн Кара Маңка сүйлөдү, уяларын мен уялдым.
Сүйлөсө тилинен бал тамат.
Сүйлөсөң сөздү татыгы менен сүйлө.
Сүйлөсөм тилим ооруйт, сүйлөбөсөм дилим ооруйт.
Сүйрүсүнө сүт толот, ийрисине эт толот.
Сүйрөлгөн иште сүйкүм жок.
Сүлөөсүндөй керилбе, чоңдугуң иттей эле бардыр.
Сүлөөсүндөй керилген, сүйлөөр сөздөн эринген.
Сүрүп — сүрүп мал бер, сары өркөчтүү нар бер.
Сүт десең уй бак, эт десең кой бак.
Сүт менен бүткөн мүнөз сөөк менен кошо кетет.
Сүткө оозун күйгүзгөн айранды үйлөп ичет.
Сүткө түшкөн чычкандай.
Сүткордон карыз алба.
Сүттөн күйгөн оозум айрандан күйөбү деп чоочуйм.
Сөгүп үйрөтпө — сүйлөп үйрөт, сөгүп үйрөтпө — окутуп үйрөт.
Сөөк — кайрылат, дос — айрылат.
Сөз — жип, кандай созсо кете берет.
Сөз — үрөн, иш — мөмө.
Сөз — сөөктөн (өпкөдөн) өтөт, жүлүнгө (чучукка)жетет. Таяк — эттен өтөт, тез эле унутулуп кетет.
Сөз — сөөктөн өтөт, таяк — эттен өтөт.
Сөз — тапка кирбес, боосуз куш, ооздон чыкса карматпайт.
Сөз (кеп) келгенде сөзгө жараша сөз айтпаса, сөздүн (кептин) атасы өлөт.
Сөз айласын (жүйөсүн) билбеген, сүйлөй билбес жамандар, сөздү — өзүнө келтирет, көч айласын билбеген, көчтө (көчкөндө) көлүк өлтүрөт.
Сөз айласын билбеген сөздү өзүнө келтирет, күч айласын билбеген көчтө көлүк өлтүрөт.
Сөз айласын билбеген сөздү өзүнө келтирет.
Сөз айтпагын болбоско, суу куйбагын толбоско.
Сөз атасы — кулак, жол атасы — туяк.
Сөз атасы — кулак, суу атасы (энеси)—булак.
Сөз атасы — кулак.
Сөз атасы — ыр, сөз катасы —чыр.
Сөз баштаган эл баштайт.
Сөз башы ачуу болсо, аягы таттуу болот.
Сөз бербеген жөө чечен, учуп жүргөн камгактай.
Сөз билбеген муштуму менен коркутат
Сөз билги — тапчыл, адам сулуусу— акыл.
Сөз билүүчү адамдын ар сөзүндө бир тузак.
Сөз бирөө, кулак экөө.
Сөз доодон да куткарат, жоодон да куткарат.
Сөз доодон да, жоодон да куткарат.
Сөз жакшысын кулак билет, кыз жакшысын ынак билет.
Сөз жебеген адамдын ар сөзүндө бир тузак.
Сөз жүзүндө сүйүүдөн, ачык жек көрүү артык.
Сөз жүйөөсүн билбеген сөздү өзүнө келтирет, көч айласын билбеген көчтө көлүк өлтүрөт.
Сөз жүйөөсүн тапса, мал ээсин табат.
Сөз жүйөсүн тапса, мал ээсин (эсебин) табат.
Сөз жүрөккө сакталат, бөз ийинде какталат.
Сөз өзөгү — макал.
Сөз кадырын билбесен, өз кадырың билбейсиң.
Сөз келгенде кайнатаңдан тартынба.
Сөз келгенде сөзгө жараша сөз айтпаса, сөздүн атасы өлөт.
Сөз келсе — де, аш келсе — же.
Сөз көркү — макал, эр (дин) көркү — сакал.
Сөз кулагы барга айтылат.
Сөз кутулбайт чеченден, мээнет кетпейт бечелден.
Сөз куш эмес, ооздон чыкса карматпайт.
Сөз маанисин билбеген сөзгө калат.
Сөз санабай гүлүн айт, миңин айтпай бирин айт.
Сөз сөздү табат.
Сөз сөздөн чыгат, сүйлөбөсө эмнеден чыгат.
Сөз сөөктөн өтөт, таяк эттен өтөт.
Сөз сөөктөн өтөт, чучукка жетет.
Сөз сурамак — ызаат,
Сөз тапкан колко бербейт.
Сөз татыгын билбеген — сөздү баалабайт.
Сөз төркүнүн билбеген, сөз түбүнө жете албайт (уятка калат).
Сөз угаарың болбосо, сүйлөбөгүн бекерге.
Сөз элдин кенчи, чөп жердин кенчи.
Сөзгө баатыр, ишке бакыр.
Сөз эмес сөздү, сөз кылат, (сүйлөйт).
Сөз ээси киши — журт көзү.
Сөзгө — баатыр, ишке — бакыр.
Сөзгө — сараң, ойго — терең.
Сөзгө баатыр, ишке — жок.
Сөзгө жараша сөз айтпаса, сөздүн атасы өлөт.
Сөзгө жараша сөз, суроого жараша жооп.
Сөзгө ишенбе, көзүңө ишен.
Сөзгө кыйын, иште жок.
Сөзгө сөйкөнбө, кепке кептелбе.
Сөзгө сөлтүк, кепке кемтик.
Сөзгө сөлтөк, кепке кемтик кылдың го!
Сөзгө чоркок муштумун көрсөтөт.
Сөздү — сөз жыгат.
Сөздү - сөздө, артын — көздө.
Сөздү билген таап алат, сөздү билбеген каап алат.
Сөздү көп сүйлөсө—тантык, сууну көп кечсе— чалчык.
Сөздү коюп, бөзгө кел (Сөздү коюп, бөздөн кел).
Сөздү сөз келгенде айтпаса атасы өлөт.
Сөздү сөз табат.
Сөздү сөздө, артын көздө.
Сөздү сөздө, артынан көздө.
Сөздү убагында айтпаса — атасы өлөт.
Сөздү уккан жерге айт. Сууну сиңген жерге сеп.
Сөздү чын токтотот, сууну чым токтотот.
Сөздүн айгагы сөз.
Сөздүн атасы — ыр, катасы — чыр.
Сөздүн ачыгы жакшы, жолдун жарыгы жакшы.
Сөздүн баркы — кыскалыгында.
Сөздүн башы бир кучак, аягы миң кучак.
Сөздүн башы катуу болсо, аягы таттуу болот.
Сөздүн башы бир бычак, аягы бир кучак.
Сөздүн көркү — макал, жүздүн көркү — сакал.
Сөздүн көркү — макал, өңдүн көркү — сакал
Сөздүн көркү — санат, куштун көркү — канат.
Сөздүн көркү — макал, жигиттин көркү — сакал.
Сөздүн кызуу темирдей ийилген убагы болот.
Сөздүн сөздөй баркы бар, отуз эки наркы бар.
Сөздүн ток этээр жери бар (жыйынтык).
Сөздөн (дүн) сөздүн (дөй) баркы бар, ар бир малдын (сексен сегиз) наркы бар.
Сөз —жип, кандай созсо кете берет.
Сөзү — таттуу, көңүлү — катуу.
Сөзү аздын иши аз
Сөзү жаман элди булгайт, буту жаман төрдү булгайт.
Сөзү өткүрдүн (курчтун) көзү өткүр (курч).
Сөзү калса талаада, өзү калат балаага.
Сөзү кардай аппак, иши көөдөй кара
Сөзү менен байыткан, колу менен жарытпайт.
Сөзү суук адамдар баш бербеген торпоктой.
Сөзү суук адам, баш бербеген торпокко окшош.
Сөзү таттуу, көңүлү ачуу.
Сөзү таттуу, көңүлү катуу.
Сөзү ырас болсо — ордунда турат, сөзү калп болсо — кудай (же арбак) урат.
Сөзү экинин — иши да чеки.
Сөзүң болбосо, ишиң болсун.
Сөзүң өлгөнчө — өзүң өл!
Сөзүң кыска болсун, колуң уста болсун.
Сөзүң менен орок орбо, көзүң менен машак тербе.
Сөзүн сыйлаганың өзүн сыйлаганың,
Сөзүң күмүш болсо, тек турууң алтын.
Сөзүндө ырысы болбосо, эткени эм болбойт.
Сөөгү биздики, эти сиздики.
Сөөгү бышып катыгат, сөз айтууга жатыгат.
Сөөгү жакшы сөктүрбөйт.
Сөөк (тууган) кайрылат, дос айрылат.
Сөөк мүлжүбөй этке тойбойт, сыр чечишпей (же коно жатпай) кепке тойбойт.
Сөөк мүлжүбөй этке тойбойт.
Сөөккө бычак сатпа.
Сөөксүз тил сөөктү сындырат.
Сөөксүз тил, сөөктү сындырат.
Сулуулукту көздөн издебе, сөздөн изде.
Сөөктүн эң жаманы суу кечирет
Сөөмдү жакын, карышты алыс көрбө.
Сөөмөй менен түртсөң, муштум менен жооп аласың.
Согумдун башы — чечемдин ашы.
Согумун чүйгүн болсо ичиңден кымый.
Согумуң чүйгүн болсо, ичиңе сакта.
Согушту көрбөгөн баатырсыйт.
Согуштун көзү — сокур.
Соёрун сойдук, тогуз катын кантип артабыз?
Соёрун сойдук, тогуз катын ким артат?
Соёрун сойдум, тартуу (же тартышы) кандай болот?
Соёрун сойдум, тартуу кандай болот?
Сойгону — улак теке, тартканы — кулак, чеке.
Сойгуң келсе малдын семизин сой, арыгын ордуна кой.
Сокку канчалык күчтүү болсо, душман ошончолук басынат.
Сокмо да болсо бөз жакшы, сокур да болсо көз жакшы.
Соко бир кишини багат, соода миң кишини багат.
Сокулуу катын — зор катын.
Сокулуу катын зор катын, сокусуз катын кор катын.
Сокур атка котур ат үйүр.
Сокур ит аксак түлкүдөн үмүт кылат.
Сокур иттен аксак ит соогат сурайт.
Сокур өлгүчө көзү ачыларынан үмүт кылат.
Сокур киши — шоола менен, бакыр киши — маана менен (жүрөт).
Сокур көргөнүн койбойт, дүлөй укканын койбойт.
Сокур намыс баш жарат.
Сокур сыйпаганын койбойт, дүлөй тыңшаганын койбойт.
Сокур сыйпалаганын койбойт, дүлөй тыңшаганын койбойт.
Сокур тутса — бек тутат, чолок урса — бек урат.
Сокур уй кудук көргөндөй болбо.
Сокурга күзгүнүн кереги не?.
Сокурга күн, түн бирдей.
Сокурдан кароолчу койсоң, элди жоого алдырат.
Сокурдан күзөтчүң болсо элиңди жоого алдырат.
Сокурдан күзөтчүң болсо, элиңди жоо алат.
Сокурдан сакчы койсоң, элиңди чаптырасың.
Сокурдун сураганы — эки көз.
Сокурдун тилегени — эки көз.
Сокурдун тилегени эки көз, көйнөксүздүн тилегени бөз, дүлөйдүн угайын дегени жакшы сөз.
Сокурдун тилегени эки көз, чекирдин тилегени кара көз.
Сокур — орой, таз — кыйык, маңкада (бучукта) бар аз кыйык.
Сологойдун оңу бар.
Сом темирге балка бар, чоңсунганга (же зордукчулукка) алда бар.
Сом темирге бар, чоңсунганга алда бар.
Соо болом десең, боюңа өлчөп тамак ич.
Соо эмес кыз соо кыздын бетин тырмайт.
Соода — сакал сыйпаганча.
Соодагер барган жериң жакын дейт.
Соодагер өтүгүн майлайт, өтүгү көчүгүн майлайт.
Соодагер санаасы менен байыйт, убайым менен карыйт.
Соодагерге мал кайгы, оорулууга жан кайгы.
Соодагерде акча болбосо, сууда балык да болбойт.
Соодагерде нысап жок.
Соодада достук жок.
Соодада көңүл жок, саламда борчтук жок.
Соодасы түгөнгөн сарттай болду.
Соодасы түгөнгөн соодагердей болуп.
Соодасы түгөнгөн соодагердин кейпи кетет.
Соолбос өмүр, сынбас темир болбос.
Соолгон көлгө бака айгыр, тул катынга жалчы айгыр.
Соолгон көлгө бака айгыр.
Соолгон көлгө бака чоң.
Соолук койдун жашы жакшы, шишек койдун башы жакшы.
Соонуку — дилинде, мастыкы — тилинде.
Сопу согон жебейт, жесе кабыгын да койбойт.
Сопу согон жебес, жесе, кабыгын да койбос.
Сопунун көөнү азанда, соргоктун көөнү казанда.
Сопусунган молдонун үйүнөн жети камандын башы чыгыптыр.
Соргок — суусак, долу—ыйлаак, ырысы жок— таарынчаак.
Соргокко кырсык үйүр.
Соргокко чоң табагыңды көрсөтпө.
Соргоктун өзү тойсо да, көзү тойбойт.
Соргоктун көөнү казанда, сопунун көөнү азанда.
Сорпосу даамдуу болсо, союлган козуга кайгыруу жок.
Союл камдаганга — токмок көтөр.
Союлду ура билбеген өзүнө тийгизет.
Спорт — адамдын денесин чыңайт, эмгек —адамдын туруктуулугун сынайт.
Сугалак суудан балык кубалайт.
Сугатчы тилейт эгинин, усталар тилейт темирин.
Сугатчы чакырса — барбайм дебе, сууга аккан молдону— кармайм дебе.
Сугатчынын аты сууда өлөт.
Сук чычкан сууга түшүп өлөт.
Суктан сураба, сараңга бербе.
Суктун көзү ач болот.
Султан сөөгүн кордобойт.
Сулуу — сулуу көрүнбөйт, сүйгөн — сулуу көрүнөт.
Сулуу — сулуу эмес, сүйгөн сулуу.
Сулуу аялдын сузу жакшы.
Сулуу болсо көрөөргө жакшы, жакшы болсо жашаарга жакшы.
Сулуу кыз, кыраан бүркүт, алгыр тайган таалайлууга туш келет.
Сулуу кыздын — саамайы көрк, эр жигиттин —таалайы көрк,
саябан бактын — маанайы көрк.
Сулууга баа жок.
Сулуулугунан — жылуулугу артык.
Сулуулугунан жылуулугу.
Сулуулук — жандын азыгы, кыялдын канаты.
Сулуулуктан — жылуулук.
Сулуулукту көздөн издебе, сөздөн изде.
Сулууну кучактаган кубанат.
Сулууну суукта көр, жакшыны жаанда көр.
Сулуунун көрку — көзүндө, чечендин көркү —сөзүндө.
Сумбула түшпөй суу тоңбойт, кыргыек келбей жаз болбойт.
Сунган башты суурган кылыч кеспейт.
Сунган моюнду кылыч кеспейт.
Сунса кол узарбайт, жумулса көз ачылбайт.
Сунулган моюнду, суурулган кылыч кеспейт.
Сураган жеңил, жооп бериш оор.
Сураган уят эмес, уурдаган уят.
Сураганга — бекер бер, суусаганга — жеке бер.
Сураганга бекер бер, суусаганга жеке бер, кыла бербе текебер.
Сураганга бекер бер, суусаганга эки бер, кыла көрбө текебер.
Сураганга бекер, суусаганга жеке бер.
Сурай — сурай Мекеге барат.
Сурап бергенче, уруп бер.
Сурап ичкен — суу ичкен, тартып өпкөн — жел өпкөн.
Сурап ичкен — суу ичкен.
Суу — жашоонун булагы
Суу — жерге, илим (билим, байлык)— элге.
Суу — адамдын жаны, өсүмдүк — каны.
Суу аккан арык жашаңча. (Суу жүргөн өзөн кургабайт).
Суу атасы — булак, сөз атасы — кулак.
Суу атасы — булак.
Суу бар жерде жашоо бар.
Суу бар жерде тиричилик бар.
Суу башынан тунат.
Суу бойдун кирин кетирет, ойдун кирин кетирбейт.
Суу да алла тааланын колунан бүткөн.
Суу да катуу жерге токтойт.
Суу — жерге, байлык — элге.
Суу жүргөн өзөн кургабайт.
Суу жок арыктан кол жууй албайсың
Суу жээгинен кудук казбайт.
Суу ичкен кудугуңа — түкүрбө.
Суу өз тереңин табат.
Суу канык— эгиндин даны толук.
Суу кетсе таш калат, сурма кетсе каш калат.
Суу кечпей, кепичиңди чечпе.
Суу кечпес сөздү айтпаган жакшы.
Суу кечпеген сөздүн кереги не.
Суу менен жер көгөрөт, эл менен эр көгөрөт.
Суу менен келген — жел менен кетет.
Суу менен ойнобо — чөгөсүң, от менен ойнобо — күйөсүң.
Суу менен ойнобо, жай күнүнө ишенбе.
Суу мол болсо, нан да мол.
Суу сыйлаган зор болот, суу кордогон кор болот.
Суу ташыса — жээгине, эр ташыса — элине.
Суу ылдый агат, баатыр өр талашат.
Суу ылдый агып, суу өйдө чыкмайын адам кагылбайт.
Суу эркиндикти сүйөт.
Сууга жакын — кудайга жакын.
Сууга чөккөн адам өлөт, кайгыга чөккөн адам көнөт.
Суудан алып, сууга куйду — бозочунун неси кетти?
Суудан өткүчө энемди берейин.
Суудан өткөнчө энемди берейин, суудан өткөн соң эмнемди берейин.
Суудан сээп бышырган кийиз суудан да, сууктан да сактайт.
Суудан тонун аябаган, жоодон жанын аябас.
Суук сөз тууганга да жакпайт.
Суук сөөктөн өттү, чучукка жетти.
Сууну жер бөгөйт, жоону эр бөгөйт.
Сууну көп кечсе чалчык болот, сөздү көп сүйлөсө тантык болот.
Сууну көп кечсе чалчык болот. Сөздү (кепти) көп сүйлөсө тантык болот.
Сууну көп кечсең — балчык, сөздү көп айтсаң —тантык.
Сууну чым токтотот, сөздү чын токтотот.
Суунуку — сууга, сайдыкы — сайга.
Суунун — ийрими жаман, карынын — ырымы жаман.
Суунун жайын жар билбейт, жоктун жайын бар билбейт.
Суунун жакыны, төркүндүн алысы жакшы
Суунун ийрими жаман, карынын ырымы жаман.
Суурган кылыч кынга кирбес.
Суусаганга кара суу майдан жакшы.
Суусаганга кымыз бер, сураганга кошо бер.
Суусаганга суу да таттуу көрүнөт.
Суусасаң суудан таттуу жок.
Суучулдун ажалы суудан, мергендин ажалы тоодон,
баатырдын ажалы жоодон.
Суюкуун баары сорпо болбойт, теринин баары көрпө болбойт.
Суюктун сөзү — туюк, кыңырдын сөзү — кыйшык.
Сыңар кепти кетирбей эшит.
Сый — сыйга жарашат, сый билбеген адашат.
Сый көрөм десен сыйлай бил.
Сыйга — сый, сыр аякка — бал.
Сыйга берген сыналбайт.
Сыйдын чеги болбойт.
Сыйлаганга аш таппасан, сыпаа —сылык сөз тап.
Сыйлаганды билбеген, сыйпалаган көр сокур.
Сыйлаганды күтө бил, кыйнаганды түтө бил
Сыйлашарга жат жакшы, ыйлашарга өз жакшы.
Сыйлашпаган тууганың — сыр айтпаган душмандай.
Сыйлашууга жат жакшы, ыйлашууга өз жакшы.
Сыймыгы качкандын үй — бүлөсүнө баркы болбойт.
Сылап көргүн (билгин) тил менен.
Сылап сакал, сыйпап мурут чыгарган.
Сылыктыктын белгиси — алыш — бериш,
ынтымактын белгиси — барыш — келиш.
Сынбас жыгач өсөбү, алдан — күчтөн тайбас алп болобу?
Сынбас темир жок, өлбөс киши жок.
Сынбасты уста жасабайт, өлбөстү кудай жаратпайт.
Сынбасты уста жасабайт.
Сынгандан бертинген жаман.
Сынгандан да бертинген жаман.
Сындуу болсо өтүгүң, оорутпасын бутуңду.
Сынчынын сыңар өтүгү майрык.
Сыныктан башканын баары жугуштуу.
Сыпаага "сен" деген сөз — өлүм.
Сыпайы менен дос болбо, катынга сырыңды айтпа.
Сыпайы сырын жашырбайт.
Сыпайы тоңбос калтырар.
Сыр алдырбас киши жок мактанса да, күнөө кылбас киши жок актанса да.
Сыр аяктын сыры кетсе да, сыны кетпейт.
Сырга көк, убадага бек бол.
Сырдашса сыр чечилет, сырдашпаса не чечилет.
Сыртта мырза, үйдө кул.
Сырты жалтырак, ичи калтырак.
Сыртын көрүп ичинен түңүлбө.
Сыртынан тон бычуу
Сырыңды айтсаң бирөөгө, каласың катуу күнөөгө.
Сырын алган байталдын сырт жагына чыкпагын.
Сырын ачкан эмчиге сыйкыр бакпас.
Сырын билбей дос болбо.
Сырын билгиң келсе, сөзүн ук.

Кыргызча макалдар - С

Ой-пикирлер