Кирүү

Кыргыз жерим

Кыргызстан жөнүндө сөз кылуу кыйын да, жеңил да. Кыйындыгы-айта турган сөз көп, кайсыл бирин айтарыңды билбейсиң. Жеңилдиги-сен өзүң аралашып, билип-көрүп эле жүргөн нерселер.
Негизи кыргыз жери жөнүндө укмуш тамшануу менен сөз кылышат. Жергиликтүү калктын бир сөзү бар: Кудай Таала бардык улуттарга жана элдерге жер бөлүштүрүп калат. жок. Уктап калат экен. Ойгонуп барса Жараткан бүт жерди бөлүштүрүп койгон. Анан Алла Таала ойлонуп-ойлонуп отуруп, өзүм эс алар жер ажыратып алдым эле, эми ошону сага берейин деп ушул азыркы кыргыз мекендеген жер – Ала-Тоону берген экен дешет.

Кыргызстанда жапайы грек жаңгактары өсөт. Байыркы Грецияда Искендер Зулкарнарий (Европада Александр Ма­кедонский) Чыгышты басып алып, ушул кыргыз жерлерине чейин келип, Арслан-Баб деген жерден жаңгактарды алып кетип, өз мекенине отургузуп, ал жакта колдо өсүп, анан дүйнөгө грек жаңгагы деген ат менен тараган дешет. Бул уламышты кыргыздар сыймыктануу менен да, өкүнүү менен да айтышат.

Дагы бир уламышта кыргыздар бир кезде азыркы Сибирдин Чыгыш жагында жашашыптыр. Алар чет элдик баскынчылар менен согуша берип, согуша берип, акыры ошондой согуштарда бир кыз менен бир бала гана аман калып, аларды Бугу алыс-алыс эч кимдин буту тийбеген жерге алып кетем деп ушул Ала-Тоого алып келет. Ошондон бугу уруусу тараган дешет. Деги эле кыргыздар түп башатын ар кандай жаныбарлардан тараганбыз деп кеп айтышат. Мисалы, жору, бөрү, багыш деген уруулар бар.

Мына ошолордун бири - бөрү.

Балдар ооруп калса, же денеси кычышса "бөрү жатыш" болуптур деп карышкырдын тырмагы менен дарылашат. Күн тийип туруп, жамгыр жаап атса "бөрү тууп атат" дешет. Балдарына Бөрү, Бөрүбай деген аттарды коюшат. Карыш­кырдын терисин боз үйлөрүнө илип, ал жерди жамандыктан сактап жатабыз дешет.

Мына ушундай тотемдик, башкача айтканда жаныбарлар менен түпкү тегин байланыштыруу кыргыздардын оозеки чыгармаларына, маданиятына, салтына - бүт баарына бириктирилген.

Деги "кыргыз" деген сөз кайдан келген?

Бир пикирдегилер "кыргыс" (кырылып жок болбой турган, өлбөс) деген мааниде дешсе, экинчи бирлери "кырк йүс" (кырк жүз), үчүнчүлөрү "кыры" "гыз" (кара чачтуу эл), төртүнчүлөрү "кызыл өгүз", бешинчилери "кызылдар", дагы бирлери "албырган жүздүүлөр" дегенден келип чыккан дешет. "Кырдагы кишилер" деген маанини билдирет дегендер да бар. Ал эми оозеки эл баяндарында кыргыздар кырк кыздан тарагандар деп айтылат. Мынчалык көп түрдүүлүк кыргыздардын тарыхы өтө байыркы замандарга барып такаларын, анын илимий негизин табуу кыйындыгын далилдейт.

Ал эми тарыхый жактан кытай жылнаамаларында кыр­гыздар жөнүндө маалыматтар биздин заманга чейинки 2-кылымда эле белгилүү болгондугу айтылат.

Ой-пикирлер