Кирүү

Кыргыз ормон хандын заманында

Бүткүл арка кыргызы башка кыргыздан сарыбагыш кыргызын өтө куу жана залим деп ойлойт. Чындыгында бул пикир туура. Бирок бүткүл сарыбагыш уругу баары да жооптуу эмес. Байыркы кыргыздын феодалдары кедейди эзе келсе да, алардын тарыхый абалдарын биз уга албадык. Кандай эзгендиги бизге караңгы. Сарыбагышты куу жана залим дегенге себеп болуп, ал жаманаттууга баш күнөкөрлөрү: биринчиден, сарбагыш аталган Дөөлөстүн уулу Манап, экинчи, анын алтынчы муундагы баласы Эсенкул, үчүнчү Ормон, төртүнчү Шабдан. Бүткүл зулумдук менен кедейди эзген, киши өлтүргөн, кул күң жумшаган, кишини байгеге сайган, талап, карактап алдап алган ошол тукумдан чыгып, биринчиден, манап тукуму эмес башка сарыбагышты эзип, экинчиден, башка урукту да эзген. Аты айтылган төрт феодалдын ичинен үстүнөн башка өкмөт карабаган үчүн өзү толук, өзү ойлогондой өкмөт кылып, ар түрлүү зулумдук менен иш жүргүзгөнүнө караганда Ормон чоң болгон. Ормонду бүткүл арка кыргызы хан көтөргөн. Манап Эсенкул жана Шабданды кыргызга хан көтөргөн эмес. Ормондун өз атасы Ниязбек феодал, чоң атасы Эсенкул феодал жана анын атасы Болот бий, анын атасы Маматкул (бугу, сарыбагыштын биринчи согушуна себеп болгон), анын атасы Үчүкө кан соргуч манап, анын атасы Сарсейит манап жана бай болгон. Анын атасы Сүтөй бай болгон. Анын атасы атактуу залим манаптын өзү Ормон.

Ормон 1791—92-жылдарда туулуп, 18-жашынан жоого аттанып, эрдик көрсөтүп, 25-жашынан эл бийлөөгө киришип, 37-39 жаштарында бүткүл арка кыргыздан өкүлдөр чакырылып, Кочкордун аягы Орто Токойдо жыйын кылып, элге Ормондун айтканы: "кыргыз мындай бет алды башаламан болуп жүрбөйлү, кыргызда бир киши эле кызыл тебетей болсун, ушул кызыл тебетей ким болсун, атын атагыла" дегенде," эл кеңешпестен жапырт: сиз болуңуз, — деп башына кызыл тебетей кийгизип, ак кийизге салып, хан көтөргөндө Ормондун айтканы: "мал башы бурулбастан ууру жоголсун, кишенге ат салынбасын, кокус мал уурдалса, бирге тогуз төлөсүн, эрдин куну чаң тийбес баштаган 300-жылкы болсун, — деп элди тараткан. Айыл аскер баштыгына саяк кыргызы, каба уругунан Кетирекейдин Алыбек дайындалып, жоо бетине Төрөгелди белгиленген. Алдындагы дайым акылдаш кишилери Меңназар, Сергеян, Медербек, Жаман жээн белгиленип, чоң кеңешине Жантай Карабек уулу белгиленген. Жигит катарында Саза болгон. Кокон, Кашкар хандыктарынан элчилер келип турган. Келген элчилерге жана казактан киши келсе, ич арасында болсун силерди андай-мындай кыламын, — деп опузалап сөз айткан. Ал сөздү "Ормон окуу" атаган. Бул тууралуу төмөндө жазылат. Бүткүл сарбагышка соодагер келсе, Ормондон уруксат алып, малына баа койдуруп, анан соң элди аралап соодасын кылган. Демек сооданын бажысы бүткүлү менен Ормондун пайдасында болгон. Сарыбагыштын жери арка кыргызында ортодо болгону үчүн эгерде Кашкардан кыргызга соодагер келсе, жаки Ферганадан Көлгө соодагер өтсө, жаки Кулжадан Ферганага, жаки Ташкенге соодагер өтсө, сарыбагыш басып өткөн үчүн алар Ормонго ийилиштүү болуп, Ормондун өзү, мейли кишилери болсун сураганын алган. Ормондун алдында дайым 30—40 мылтыкчан мергени болуп (мылтыктарын чампан атаган), дайым балдарын, жигиттерин мергендикке бышыктырып турган. Бир кезде бул мергендеринин баштыгы саяк кыргызынан, казак тукумунун уругунан Дада менен Бердибек болгон. Булар өтө мерген жана балбан болгон аюуну жалгыз жыгып өлтүрүп, кулжа-текени экиден көтөрүп жүрө берген. Кыргыздын көбүрөөк айың алган кеби "бул эки балбан жез тумшук аткан" дейт.

Ормон мал багууга өтө берилип, мал туулганда козуну өзү алып, өзү салып, музоо, кулун, ботону дагы ошондой башкарган. Намаз окубаган, кышында дайым бозо ичип, андан арак тарттырып ичип, жайында кымыздан арак тарттырып ичкен. Канчалык конок келсе, алардын таңашкан аттарын отко көбүнчө өзү койгон. 4—5 миң кой, 2 миң жылкысы болгон. Бабалары Эсенкул, Ниязбектен бери карата сактап келген алтын, күмүш, асыл, тон, буюм мүлкү көп болгон. Келип турган соодагерлер нечен төөнүн жүгү болду, мал албастан бекеринен таңгагын чечпестен берип турган. Кедейден, букарадан алык салыкты аёосуз, эсепсиз алган. Үйүнө барган киши союшсуз, тим болбосо чаначтаган бозо, көөкөрдө араксыз бара албаган. Ар бир сурак доодон мейли башка иш болсун хандык өбөлгөсүн алып турган. Кээ чакта элден болсун, мейли бир кишинин башынан болсун мал алгысы келсе биремени шылтоолоп алган. Маселен, бир жылдарда Соң Көлгө барып, саяктын бай манабынын бирөөнүн көтөргөн үйүндө олтуруп: "Ээ саягым, Соң Көлдү мага көрсөтпөй, уурдап жеке жайлап жүрүпсүң", — деп эки тизесин мыкчып-мыкчып койгондо жакшы 70 семиз ат заматта эшигине байланып калган. Көбүнчө саяк ичинде курманкожо, кулжыгач уругун эзген. Ал тууралуу эл арасындагы ыр:
Ормон деген, дөө деген
Башында Тынай жөө деген.
Кайсы жакка барса да,
Курманкожо, Кулжыгач,
Буйлалаган төө деген.

Ушул сапарында Ормон кернейчи Орозбакты ала келген. Ормон хан болуп турганда солто, саяк, бугу, таластык кыргыздарынын арасында уурулук, майдалап жылкы алышын эске албаганда эч чатак болгон эмес. Казак менен болсо да уруш кылбастан, Кененсары өзү келип урушкан үчүн аны менен согушуп, чоң уруш болбогон. Ал заманда солтодон Жанкарач, бугудан Боронбай, саяктан Чыны кан соргучтар бири-бири менен кудалашып, достошуп (Ормон менен Боронбай куда, Жангарач менен Боронбай дос), аралары өтө жакын болуп, кембагал кедейди кул, күң кылып абдан эзген. Кедей жардылар тигилердин бабалары: Түлөберди, Эсенкул, Меңмурат, Жамболот, Ажыбектин заманында аз каяша берсе да, Ормондун заманында кедей жалчы былк эте албастан өтө эзилген. Букара кедейлердин арасынан аз-аз баш көтөрсө да, акыры манаптар аларды бөлүп алган. Ал жөнүндө төмөндө кедей менен манаптар күрөшү деген темада жазылган.

Боронбайдын Өмүрзак деген баласына Ормон өзүнүн Кулан деген кызын бермекчи болуп кудалашып, Боронбай менен бирлешип, бугунун кедейлерин жеп турган. Жангарач солто кедейлерин жеке жеп, Ормондун кишилерин көп аралатпастан, анчейин сырттан гана Ормонду хан катарында (формально) санаган. Жангарач Кокондун бегине сарбагышка караганда абдан жакын болуп, анын ыгынан чыга албаганын Ормон угуп: "Жангарач Кокон менен көбүрөк байланыш кылып, анын катыны катарында андан башын бура албайт" — деп жактырбаганын утууга, акыры Ормонго киши жиберип, конокко чакырып, кедейден нече тогуз ат алып берип, Жангарач астыртан Кокондун Пишпекке койгон беги менен кеңешип, бектен киши жиберттирип, Ормонду чакыртып, бектикине алып барат. Бек 1—2 күнү жакшылап конок кылып, алтын селде ороп, алтын кымкап кийгизип, дилде жабдык салган аргымак мингизип чыгарганда Жангарач Ормонго ат үстүнөн бара жатып, мындай деген: "Баатыр ага, (Ормондон Жангарач 10-жаш кичүү) токолдугуңуз куттуу болсун" дегенде, Ормон мукактанып, "эл арасында бир сөз бар эле" деп, жүрүп кеткен. Демек, эгерде мен өзүбектин бегинин мурунку алган катыны болсом, сиз менин кол алдындагы колум болуңуз деген.

Ормондун залимдигинин биринен: Ормондун чоң атасы Эсенкулдун Анар деген катынынан кенже уулу Шоорук үйүндө жүргөн казактан жумшатылып келген күң Баян дегенди алган. Андан туулган Нуралы менен Мурадил дегендер эр болгон. Бугу, сарыбагыштын урушунда артыкча эрдик көрсөткөн. Мурадил конуш чалып келип, (Куу Токой) Көтмалдынын күн батышы Кең Булуңдагы токойго мылтыгын илип коюп кетип, эртесинде көчүп келип коноюн десе, ал жерге Ормондун байларынан кабарда саяк уругунан Чер курсак жана Чорго деген эки бир тууган жүгүн түшүрүп жатканда Мурадил бул конушка мен конмокчу болуп, кечээ конуш чалып келип мылтыгымды илип кеткемин деп мылтыгын көрсөткөндө, Черкурсак менен Чорго: "Кул, мен сенден мурун конуп калдым", — деген. Мурадил мени кул дейсиң, атып өлтүрөйүнбү деп, мылтыгын сундурганда Черкурсак төшүн ача бергенде атып жиберсе, экөөнү ок тийип, Черкурсак өлүп, Чорго жарадар болуп калган. Ормонго Мурадил мен атып өлтүрдүм деп барганда, Ормон: "Букаранын, кедейдин жүрөгүн ошентип алуу керек, антмейин манапка теңелип кетишет, бали, жакшы атыпсың", — деп бир жакшы чепкен кийгизип, тигинин кунун, жарасынын айыбын үрөөл кылган.

Нуралы Мурадилди кул демеги алардын энеси күң болгон эмеспи, Ормондун агайындары элге өтө зулумдун көрсөтүп, кедейди эзип, мал башына ээ кылбаган. Маселен, Ормондун Манде деген иниси (бир тууганынын баласы) өткөн кеткен жолоочуну уруп-согуп, карактап, ор казып, аларды орго салып, таягынын учуна жезден чочмор кадап, аны менен кедейлерди уруп, малын алып турган үчүн аны жез чочмор Манде атаган. Бирок да Мандеге бир темир темене тартуу кылып келсе, бир кедейдин жалгыз төшөгүн тартып алып берген.

Тыңайларды жөө тынай, кедей тынай деп кордук көрсөтүп, алардан Жантай феодал болсо да аны тоотпостон кедейлерин эзип турган. Мындай зулумдугуна чыдай албастан Жантай өзүбектин бектери менен жакындашып, анын дегенинен чыкпай турган үчүн кокондуктар Ормондон Жантайды артык көрүп анын сөзүн таштабаган. Мисалы, 1840— 42-жылдар чамасында, Жантай жагуу жана өтүнүү себептүү Акбекеттеги езбектин беги конок кыламын деп алдап Ормонду чакырып алып, үч күнү Коргондун ичиндеги боз үйгө мейман туткун кылып, Ормон кетейин десе кетирбей койгон. Уу салып берет деп өзбектин берген тамагын ичпегенде таздар тукумунан сарыбагыш насилинен Кожомшүкүр тамак алып келсе анын таздалыгын билип ичип турган. Үч күндөн соң Ормондун жиберген кишиси аркалуу Жантай келгенде аңын өтүнүчү боюнча Ормонду бек изат менен жөнөткөн. Мындан соң Ормон Жантайсыз тынай кедейлерин эзе албастан, Жантай менен кеңешип кембагал, кедей тынайларды жеп турган. Ормон менен Боронбай куда болгону үчүн Ормондун, бугунун кедейлерине кылган залимдигине чыдай албастан, бугу Балбай баатыр сарыбагыш менен саяктын жылкысын тийип алып турганда бир тараптан казак менен чатакташып турган үчүн Балбайды кармап алып Ормон бир эки жыл орго салып койгон. Балбайды бошотунуз деп бугудан бир нече мертем киши келсе болбостон, акыры Ормондун кыдык уругу бугунун ичинде бир тамыры Чынгыш күлүк кара ат жетелеп келгенде Ормон Балбайды чыгармакчы болуп, андан: "Чунагым, атка чапсаң ченеп чабарсың, эми тынч жүрөсүнбү?" — дегенде, Балбай: "Эл тынч жүрсө, мен дагы тынч жүрөрмүн, эгерде эл тынч жүрбөсө, алдын торой чаап жүрөрмүн", — деген. Ормон бир сыйра кийимин берип, жөнөтүп жиберген.

Ой-пикирлер